Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жоел 2:1—32

2  «Сиондо сурнай тарткыла+, ыйык тоомдо+ ураан чакыргыла+. Бул жердин тургундарынын баары титиресин+, анткени Жахабанын күнү келатат+, жакындап калды!  Ал күн — караңгылык менен түн каптай турган+, булуттар менен коюу караңгылык чулгай турган күн+. Ал тоолорго тийген таңкы жарыктай. Сан жеткис, күчтүү бир эл бар+. Андай эл кылымдардан бери болгон эмес+, кийинки муундарда да болбойт.  Анын алдында от куйкалайт+, артында жалын жалмайт+. Алдында Эйден багындай жер болсо+, артында эрме чөл калат. Бары-жокту тыйпыл кылат.  Алардын түрү аттардай, алар согушка чаап бараткан аттардай+.  Алар тоолордун чокуларында чаап баратканда, арабаныкындай+, саманды дүркүрөп каптаган оттукундай дабыш чыгат+. Алар согушка тизилген күчтүү элдей+.  Аларды көргөн башка элдер катуу кыйналышат+, тынчы кеткенинен өңдөрү кызарат+.  Алар күчтүү кишилердей чуркашат+, жоокерлердей болуп, дубалдарга чыгышат. Ар бири өз жолу менен гана жүрөт, өз жолунан чыкпайт+.  Алар бири-бирин жөөлөшпөйт, эр-азаматтай болуп, баскан жолунан чыкпайт. Айрымдары жебеден куласа да, калгандары өз жолу менен кете берет.  Алар шаарларга кирип барышат, дубалдарга чуркап чыгышат. Үйлөрдүн үстүнө чыгышат. Ууруга окшоп, терезелерден киришет. 10  Алардын алдында жер титирейт, асман солкулдайт. Күн менен ай күңүрттөнөт+, жылдыздардын жарыгы өчөт+. 11  Жахаба өзүнүн аскеринин+ алдында үнүн чыгарат+. Анын кошууну сансыз+, сөзүнө турган Кудай күч-кубаттуу. Анткени Жахабанын күнү улуу+, өтө коркунучтуу, ал күнү ким туруштук бере алат?»+ 12  «Эми орозо тутуп+, ыйлап, боздоп+, мага бүт жүрөгүңөр менен кайтып келгиле+,— дейт Жахаба.— 13  Кийимиңерди эмес+, жүрөгүңөрдү тытып+, Жахаба Кудайыңарга кайтып келгиле. Анткени ал ырайымдуу, кайрымдуу+, ачууланууга шашпайт+, анын мээримдүүлүгү чексиз+. Ал алаамат жиберем деген оюнан кайтат+. 14  Ким билет, балким, ал чечимин өзгөртөттүр, аяйттыр+, ошондон кийин батасын+, Жахаба Кудайыңарга арналган нан курмандыгы менен суюк тартууну калтыраттыр? 15  Сиондо сурнай тарткыла+. Орозо жарыялап+, салтанаттуу жыйынга чакыргыла+. 16  Элди чогулткула. Жыйналышты ыйыктагыла+. Карыяларды чогулткула. Балдарды, эмчектеги наристелерди чогулткула+. Жаш күйөө төркү бөлмөсүнөн, колукту уктаган бөлмөсүнөн чыксын. 17  Дин кызматчылар — Жахабанын кызматчылары — мунара менен курмандык жайынын ортосунда+ ыйлап, мындай дешсин: „Оо, Жахаба, элиңди аяй көр, мурасыңды шылдыңга калтырба+. Аларды башка элдер башкарбасын, элдер: “Булардын Кудайы кайда?” — дешпесин“+. 18  Ошондо Жахаба өз жерин кызганат+, элине боор ооруйт+. 19  Жахаба жооп берип, элине мындай дейт: „Мен силерге дан, жаңы шарап, май берем, ошондо силер тоёсуңар+. Силерди элдерге экинчи шылдың кылдырбайм+. 20  Түндүктөн келгендерди+ силерден алыс жакка, какшыган ээн талаага кууп жиберем. Алдыда бараткандарын чыгыштагы деңизге+, артында бараткандарын батыштагы деңизге+ кууйм. Алардан сасык жыт чыгат, каңырсыган жыт чыгат+, анткени Ал улуу иштерди жасайт“. 21  Жер, коркпо, кубанып-шаттан! Себеби Жахаба улуу иштерди жасайт+. 22  Талаадагы жаныбарлар, коркпогула+. Себеби жайыттар көгөрөт+, бак-дарак жемиш берет+. Анжир менен жүзүм сабагы да мол түшүм берет+. 23  Андыктан силер, Сион уулдары, Жахабанын иштерине кубангыла+, сүйүнгүлө. Анткени ал силерге тийиштүү өлчөмдө күзгү жаан+, мурунку кездердегидей нөшөр, күзгү жана жазгы жаан жаадырат+. 24  Кырманыңар таза данга, жүзүм сыккычыңар жаңы шарапка, май сыккычыңар майга толот+. 25  Мен силерге каршы жиберген улуу аскеримдин: чегирткенин, чегирткенин куртунун, коңуздун, малактын бир канча жыл бою жеген түшүмүнүн+ ордун толтурам. 26  Силер тоёсуңар, тойгуча жейсиңер+. Силер үчүн кереметтүү иштерди жасаган+ Жахаба Кудайыңардын ысмын даңктайсыңар+. Ошондон кийин элим эч качан уят болбойт+. 27  Силер менин Ысрайылдын арасында экенимди+, силердин Жахаба Кудайыңар экенимди, менден башка Кудай жок экенин билесиңер+. Ошондон кийин элим эч качан уят болбойт. 28  Анан мындай болот: мен ар кандай адамдарга+ рухумду төгөм+. Ошондо уул-кыздарыңар пайгамбарлык кылышат+. Карыяларыңар өзгөчө түштөрдү көрүшөт, уландарыңар аян алышат. 29  Ал күндөрү кулдарым менен күңдөрүмө да рухумду төгөм+. 30  Асман менен жерде жышаандарды көрсөтөм+. Алар — кан, от жана коюу түтүн+. 31  Жахабанын улуу, коркунучтуу күнү келер алдында+ күн караңгылыкка+, ай канга айланат+. 32  Ошондо Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат+. Анткени, Жахаба айткандай, Сион тоосу менен Иерусалимде аман калгандар болот+. Алар Жахаба чакырып жаткан, аман калган адамдардын арасында болот»+.

Шилтемелер