Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жоел 1:1—20

1  Жахабанын Петуел уулу Жоел аркылуу айткан сөзү+:  «Аксакалдар, уккула. Бүт жер тургундары, кулак салгыла+. Силердин убагыңарда же ата-бабаларыңардын убагында ушундай болду беле?+  Муну уулдарыңарга айткыла, уулдарыңар өз уулдарына, алар болсо кийинки муунга айтышсын+.  Малактан калганын чегиртке жеди+, чегирткеден калганын чегирткенин курту жеди, ал эми андан калганын коңуз жеди+.  Аракечтер+, ойгонгула, ыйлагыла. Шарап ичкендердин баары, жаңы шарапты+ эңсеп боздогула+, анткени аны оозуңардан тартып алышты+.  Менин жериме күчтүү, сан жеткис бир эл келди+. Анын тиштери менен жаагы арстандыкындай+.  Ал менин жүзүм сабагымды сындырып салды+, анжир дарагымдын дүмүрүн эле калтырды+. Ал алардын кабыгын сыйрып, ыргытып жиберди+. Алардын бутактары агарып калды.  Ошондуктан болочок күйөөсүн* жоктоп ыйлаган кыздай болуп, таар курчанып+, боздоп ыйла.  Жахабанын үйүндө нан курмандыгы+ менен суюк тартуу+ калбай калды. Дин кызматчылар, Жахабанын кызматчылары+, кайгырып жатышат+. 10  Талаа ээн калып+, жер аза күтүп жатат+. Анткени дан жок, жаңы шарап какшып калды+, май түгөндү+. 11  Дыйкандар уялып+, жүзүмчүлөр буудай менен арпаны эңсеп боздоп жатышат, анткени талаадагы түшүмдөн кол жууп калышты+. 12  Жүзүм сабагы, атүгүл анжир дарагы да куурады. Анар, курма, алма — баары куурап калды+. Шаттык уялганынан адам баласын таштап кетти+. 13  Дин кызматчылар, таар жамынып, көкүрөгүңөрдү муштагылагыла+. Курмандык жайында кызмат кылгандар+, боздогула. Кудайымдын кызматчылары, ичкери киргиле, таар жамынып түнөгүлө, анткени Кудайыңардын үйүндө нан курмандыгы+ менен суюк тартуу түгөндү+. 14  Орозо маалын ыйыктагыла+. Салтанаттуу жыйынга чогулгула+. Аксакалдарды жана бул жердин бардык тургундарын Жахаба Кудайыңардын үйүнө чакырып+, Жахабага жалынып, жардам сурагыла+. 15  Каран күн!+ Жахабанын күнү жакындап келатат!+ Ал Кудурети Күчтүүдөн бүлгүн сыяктуу келет. 16  Көз алдыбызда тамак-ашыбыз, Кудайыбыздын үйүнөн кубаныч менен шаттык тартылып алынган жокпу?+ 17  Күрөктүн астындагы кургатылган анжир жарабай калды. Эгин болбогондуктан, кампалар талкаланды. 18  Жайыты жок болгондуктан, мал онтоп жатат! Бодо малдын үйүрлөрү каңгып жүрөт!+ Күнөөнүн кесепетин койлор да тартып жатат. 19  Оо, Жахаба, сага жалынам+. Анткени чөлдөгү жайыттарды от куйкалады, талаадагы бактардын баарын жалын жалмады+. 20  Талаа жаныбарлары да сени күтүп жатат+, анткени суулар соолуп+, чөлдөгү жайыттарды от жалмады».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кожоюнун».