Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 7:1—34

7  Жахабанын Жеремияга айткан сөзү:  «Жахабанын үйүнүн дарбазасынын жанына туруп, бул сөздү жарыяла+. Аларга мындай де: „Жүйүт жеринин бардык тургундары, Жахабага таазим кылыш үчүн ушул дарбазалардан киргендер, Жахабанын сөзүн уккула.  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Жолдоруңар менен иштериңерди оңдогула, ошондо мен силерди ушул жерде жашатам+.  “Бул — Жахабанын ибадатканасы, Жахабанын ибадатканасы, Жахабанын ибадатканасы!” — дебегиле, андай жалган сөздөргө ишенбегиле+.  Эгер силер жолдоруңар менен иштериңерди оңдосоңор, кимдир бирөө менен анын жакынынын ортосунда адилеттүү сот жүргүзсөңөр+,  келгинге, жетимге, жесирге кысым көрсөтпөсөңөр+, бул жерде бейкүнөө адамдын канын төкпөсөңөр+, башыңарга балээ үйбөш үчүн башка кудайлардын артынан ээрчибесеңер+,  мен силерди ушул жерде, өзүм ата-бабаларыңарга берген жерде, кылымдан кылымга калтырам”“»+.  «Силер жалган сөздөргө ишенип жатасыңар. Аныңардан эч пайда таппайсыңар+.  Уурдап+, киши өлтүрүп+, ойноштук кылып+, жалган ант берип+, Баалга курмандык түтүнүн түтөтүп+, өзүңөр билбеген башка кудайлардын артынан жүрүп+, 10  анан кантип менин ысмым менен аталган ушул үйгө келип+, менин алдымда тура аласыңар? Ушул жийиркеничтердин баарын кылгандан кийин: „Биз куткарылабыз“,— деп кантип айтасыңар? 11  Менин ысмым менен аталган бул үй+ силер үчүн каракчылардын уюгуна айланып калган жокпу?+ Мен баарын көрүп турам»,— дейт Жахаба+. 12  «„Азыр болсо Шилодогу жайыма+, башында өз ысмым үчүн тандаган жайыма+, баргыла да, ал жерде ысрайыл элимдин кыянаттыгы үчүн эмне кылганымды көргүлө+. 13  Силер ушул иштердин баарын кылгансыңар,— дейт Жахаба.— Эрте туруп, кайрылганымда+, уккан эмессиңер+, чакырганымда, жооп берген эмессиңер+. 14  Ошондуктан менин ысмым менен аталган, силер таянган+ үйдү+, мен силерге жана ата-бабаларыңарга берген ушул жайды Шилодой кылам+. 15  Бир туугандарыңардын баарын, бүт Эпрайым тукумун кууп жибергенимдей эле+, силерди да жүз алдыман кууп жиберем“+. 16  Сен болсо бул эл үчүн тиленбе, алар үчүн жалынып-жалбарба+, анткени мен сени укпайм+. 17  Алардын Жүйүт жериндеги шаарларда, Иерусалимдин көчөлөрүндө эмне кылып жатканын көрбөй жатасыңбы?+ 18  „Асман канышасына“+ курмандык нанын жасаш үчүн, уулдары отун терип, аталары от жагып, аялдары камыр жууруп жатат, мени кордош үчүн+ башка кудайларга арнаган суюк тартууларын куюп жатышат+. 19  „Алар мени кордоп жатышабы? — дейт Жахаба+.— Өздөрүн кордоп, өздөрүн өздөрү маскара кылып жатышкан жокпу?“+ 20  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ушул жерге, адам баласына да, малга да, талаадагы бак-даракка да+, жердин жемишине да каарым, ачуум төгүлүп жатат+. Каарым жалындап, өчпөйт“+. 21  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды башка курмандыктарыңарга кошкула да, этин жегиле+. 22  Анткени мен ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күнү аларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен башка курмандыктар жөнүндө сөз кылган эмесмин, буйрук да берген эмесмин+. 23  Аларга мындай буйрук бергем: “Мени уккула+, ошондо силердин Кудайыңар болом+, силер болсо менин элим болосуңар. Кайсы жолдо жүрүүнү буйрук кылсам, ошол жолдо жүргүлө+, ошондо силерди жакшылык коштойт”“+. 24  Бирок алар укпай, кулак салбай коюшкан+, бузулган жүрөктөрүнүн чечими, өжөрлүгү боюнча жүрүшкөн+. Астыга эмес, артка басышкан+. 25  Ата-бабаларыңар Мисир жеринен чыккан күндөн тартып ушул күнгө чейин ошентишкен+. Мен күнүгө эрте туруп, силерге бардык кызматчыларымды, пайгамбарларды, жиберип тургам+. 26  Бирок мени эч ким уккан эмес, мага кулак салган эмес+, баары тоң моюндук кылышкан+. Алар ата-бабаларынан ашып түшкөн!+ 27  Сен аларга ушулардын баарын айт+, бирок алар укпайт; аларды чакыр, бирок алар жооп бербейт+. 28  Аларга: „Бул эл — Жахаба Кудайын укпаган+, тарбияга моюн сунбаган эл+. Ишенимдүүлүк жоголду, оозго алынбай калды“+,— деп айт. 29  Кыркыла элек чачыңды кыркып, ыргытып жибер+, такыр адырларда кошок айт+, анткени Жахаба каарын кайнаткан муунду+ четке кагып+, таштап кетет. 30  „Анткени Жүйүт уулдары менин көз алдымда кыянаттык кылышты,— дейт Жахаба.— Менин ысмым менен аталган үйдү арамдаш үчүн ичине жийиркеничтүү нерселерин коюп алышты+. 31  Уул-кыздарын отко өрттөш үчүн+ алар Ином уулунун өрөөнүндөгү+ Топетте+ сыйынууга арналган бийик жерлерди жасашты. Бирок мен аларга андай буйрук берген эмесмин, ал менин оюма да келген эмес“+. 32  „Ошондуктан ал жер Топет, Ином уулунун өрөөнү эмес, өлтүрүлгөндөр өрөөнү деп аталып кала турган күндөр келатат+,— дейт Жахаба.— Орун жок болсо да, өлүктөрдү Топетке көмүүгө аргасыз болушат+. 33  Бул элдин өлүктөрү асмандагы куштарга, жердеги айбандарга жем болот, аларды эч ким кубалабайт+. 34  Мен Жүйүт жериндеги шаарларда, Иерусалимдин көчөлөрүндө кубаныч менен шаттыктын, күйөө менен колуктунун үнү угулбагыдай кылам+. Бул жер ээн калат“»+.

Шилтемелер