Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 52:1—34

52  Ситкия+ жыйырма бир жашында такка отуруп+, Иерусалимде он бир жыл падышалык кылды+. Энесинин аты Хамутал эле+, ал либналык+ Жеремиянын кызы болчу.  Ситкия, Жаякимдей+ болуп, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылды+.  Ошондуктан Жахаба Иерусалим менен Жүйүт жерине каарданып, аларды четке какты+. Ситкия болсо Бабыл падышасына каршы чыкты+.  Ситкиянын башкаруусунун тогузунчу жылында+, онунчу айдын онунчу күнүндө Бабыл падышасы Небухаданасар бүт аскерлери менен Иерусалимге келди+. Алар кошуун болуп жайгашып, шаарды курчоого алуу үчүн дубал тургузушту+.  Шаар Ситкия падышанын башкаруусунун он биринчи жылына чейин+ курчалып турду.  Төртүнчү айдын тогузунчу күнүндө+ шаарда ачарчылык күчөп, эл нансыз калды+.  Шаардын дубалы бузулду+, ошондо жоокерлердин баары качып жөнөштү+. Каздимдиктер шаарды курчап турушканда, жоокерлер түн ичинде шаардан падышанын багынын жанындагы эки дубалдын ортосундагы дарбазадан чыгып+, Арабага+ кеткен жолго түшүштү.  Каздимдиктердин аскерлери падышанын артынан кууп жөнөштү+. Алар Ситкияны Жерихонун чөлдүү түздүктөрүнөн кууп жетишти+. Ситкиянын жоокерлеринин баары аны таштап, туш-тушка качып кетишти+.  Каздимдиктер падышаны колго түшүрүп, өкүм чыгарышы үчүн+ Бабыл падышасына, Хамат+ жериндеги Риблага+ алып барышты+. 10  Бабыл падышасы Ситкиянын уулдарын анын көзүнчө өлтүрдү+. Ал Жүйүттүн бүт төрөлөрүн да Риблада өлтүрдү+. 11  Бабыл падышасы Ситкиянын эки көзүн оюп таштады+. Анан аны жез кишен менен кишендеп, Бабылга алып кетти+. Ошентип, Ситкия көзү өткөнчө камакта отурду. 12  Бабыл падышасы Небухаданасардын башкаруусунун он тогузунчу жылында+, бешинчи айдын онунчу күнүндө, Бабыл падышасына кызмат кылган жан сакчылардын башчысы Небузарадан+ Иерусалимге келди. 13  Ал Жахабанын үйүнө+, падышанын үйүнө, Иерусалимдеги үйлөрдүн баарына от койду+. Бардык чоң үйлөрдү өрттөп жиберди+. 14  Жан сакчылардын башчысы менен келген каздимдик аскерлер Иерусалимди курчап турган дубалдын баарын уратып салышты+. 15  Колунда жоктордун айрымдарын, шаарда калган элди+, Бабыл падышасы тарапка өтүп кеткендерди, усталардын калганын жан сакчылардын башчысы Небузарадан туткундап кетти+. 16  Ал эми колунда жоктордун айрымдарын жүзүм өстүрүүгө, жер иштетүүгө калтырды+. 17  Жахабанын үйүндөгү жез мамыларды+, Жахабанын үйүндөгү арабалар+ менен чоң жез казанды+ талкалап, жездин баарын Бабылга алып кетишти+. 18  Алар кызмат кылууда колдонулган күл салгычтарды+, калактарды, билик өчүргүчтөрдү+, табактарды+, чөйчөктөрдү, жез буюмдардын баарын алып кетишти+. 19  Жан сакчылардын башчысы таза алтындан+, таза күмүштөн жасалган+ чараларды+, чок салгычтарды, табактарды+, күл салгычтарды, чыракпаяларды+, чөйчөктөрдү жана башка табактарды алып кетти+. 20  Сулайман падыша Жахабанын үйү үчүн жасаган+ эки мамы+, чоң казандын+ астындагы он эки жез өгүз+, арабалар — ушул жез буюмдардын баары таразага тартылган да эмес+. 21  Ар бир мамынын бийиктиги он сегиз чыканак+, жип менен айланта ченегенде, жоондугу он эки чыканак+, калыңдыгы төрт эли болчу. Алардын ичи көңдөй эле. 22  Мамылардын ар биринин үстүндөгү жез таажынын+ бийиктиги беш чыканак болчу+. Таажынын тегерегиндеги анарлар+ менен тор бүтүндөй жезден жасалган эле. Экинчи мамы менен андагы анарлар да ошондой болчу+. 23  Мамынын капталдарында* токсон алты анар, тордо бардыгы болуп жүз анар бар болчу+. 24  Андан тышкары, жан сакчылардын башчысы жогорку дин кызматчы Сераяны+, экинчи дин кызматчы Сепанияны+, үч дарбаза кайтаруучуну алып кетти+. 25  Ошондой эле шаардан жоокерлердин үстүнөн коюлган ак сарай кызматчысын, падышанын шаардагы жети кеңешчисин+, элди аскерге каттаган аскер башчысынын катчысын, шаардагы элдин ичинен алтымыш кишини алып кетти+. 26  Алардын баарын жан сакчылардын башчысы Небузарадан+ Рибладагы Бабыл падышасына алып барды+. 27  Бабыл падышасы аларды Хамат+ жериндеги Риблада+ өлтүрдү+. Ошентип, Жүйүт өз жеринен туткундалып кетти+. 28  Небухаданасар башкаруусунун жетинчи жылында туткундап кеткен элдин саны — 3023 жүйүт+. 29  Небухаданасардын башкаруусунун он сегизинчи жылында+ Иерусалимден 832 жан туткундалып кетти. 30  Небухаданасардын башкаруусунун жыйырма үчүнчү жылында жан сакчылардын башчысы Небузарадан жүйүттөрдөн 745 жанды туткундап кетти+. Бардыгы — 4600 жан. 31  Жүйүт падышасы Жаякиндин+ туткундалып кеткенине отуз жети жыл болгондо, он экинчи айдын жыйырма бешинчи күнүндө, Бабыл падышасы Эбилмеродах өзү падыша болгон жылы Жүйүт падышасы Жаякинге ырайым кылып*+, аны камактан чыгарды. 32  Ал ага жакшы сүйлөп, анын тактысын Бабылдагы өзүнүн жанындагы башка падышалардыкынан да жогору койду+. 33  Жаякин камакта кийген кийимин чечти+. Ал өмүрүнүн аягына чейин+ падышанын дасторконунан тамактанды+. 34  Ошентип, көзү өткөнчө, күн сайын ага Бабыл падышасынан белгиленген өлчөмдө азык берилип турду+.

Шилтемелер

Же: «көзгө көрүнгөн жактарында».
Сөзмө-сөз: «Жаякиндин башын көтөрүп».