Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 47:1—7

47  Фараон Азаны+ талкалай электе Жахабанын Жеремия пайгамбарга пелиштиликтер+ жөнүндө айткан сөзү.  Жахаба мындай дейт: «Мына, түндүктөн+ суулар көтөрүлүп+, ташкын сууга айланып жатат. Ал жерди, андагынын баарын, шаарды, анын тургундарынын баарын каптайт+. Эл өкүрүк салат, жерде жашагандардын баары боздойт+.  Айгырлардын туягынын дүбүртүн+, майдан арабалардын калдыраганын+, дөңгөлөктөрдүн жер дүңгүрөткөн үнүн+ уккан аталардын кайраты качып, балдарын кароого жарабай калышат.  Анткени пелиштиликтердин баары кырыла турган+, аларга көмөк кылган Тир+ менен Сидондун+ аман калгандары ойрон боло турган күн келатат+. Жахаба пелиштиликтерди+, Каптор+ аралындагы элдин калдыгын кырат.  Аза+ таздай такыр болуп калат+, Ашкелондун+ үнү басылат. Оо, өрөөн элинин калдыгы, дене мүчөлөрүңдү дагы качанга чейин кескилейсиң?+  Оо, Жахабанын кылычы!+ Качанга чейин тыйылбайсың?+ Кыныңа кир, басыл, тыйыл.  Жахаба буйрук бергенде, кылыч кантип тынч турсун?! Ал Ашкелонго, деңиз жээгине багыт алды+. Кылычты ал ошол жакка жиберди».

Шилтемелер