Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 4:1—31

4  «Оо, Ысрайыл, кайрылып келгиң келсе,— дейт Жахаба,— мага кайрылып кел+. Эгер мен үчүн жийиркеничтүү нерселериңден арылсаң+, тентибейсиң.  „Чындыктын+, акыйкаттыктын, адилдиктин+ Кудайы Жахаба тирүү!“ — деп ант берсең+, элдер андан бата алат, аны менен мактанышат»+.  Жахаба Жүйүт элине жана Иерусалимге мындай дейт: «Айдооңорду айдагыла, үрөнүңөрдү тикенектин арасына сеппегиле+.  Жүйүт эли менен Иерусалимдин тургундары, Жахаба үчүн сүннөткө отургузулгула, жүрөгүңөрдү сүннөттөгүлө+. Антпесеңер, кыянат иштериңер үчүн каарым кайнап, оттой жалындайт, ошондо аны эч ким өчүрө албайт»+.  Бул тууралуу Жүйүт жеринде айткыла, Иерусалимде жар салгыла+, жарыялагыла, жер жаңырта мүйүз сурнай тарткыла+. Үнүңөрдү бийик чыгарып: «Чогулгула, чептүү шаарларга кирип баралы+.  Сионго жол көрсөтүүчү белги орноткула. Баш маана издегиле. Карап турбагыла»,— дегиле. Себеби мен түндүктөн алаамат+, чоң бүлгүн каптатам.  Ал, арстандай болуп, жыш бадалдын арасынан чыкты+. Элдерди кыруучу келатат+, жериңдин таш-талканын чыгарыш үчүн өз жайынан чыкты. Сенин шаарларың урандыга айланат, аңгырап ээн калат+.  Андыктан таар курчангыла+, көкүрөгүңөрдү муштагылап боздогула+, анткени Жахабанын кайнаган каары бизден кайт болгон жок+.  «Ошол күнү,— дейт Жахаба,— падышанын да, төрөлөрдүн да жүрөгү өлөт+. Дин кызматчылардын үрөйү учат, пайгамбарлар таң калышат»+. 10  Ошондо мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Сен: „Араңарда тынчтык өкүм сүрөт“+,— деп бул элди да, Иерусалимди да алдаптырсың+. Жаныбыз кылычтын мизине алынганы турат»,— дедим. 11  Ал кезде бул элге да, Иерусалимге да мындай деп айтылат: «Чөлдөгү тапталган чыйырларды желип өткөн ысык шамал+ элимдин кызын+ көздөй бет алды. Бирок ал шамал эгин сапырбайт, тазалабайт. 12  Ошол жактан мени көздөй катуу шамал келатат. Эми мен да аларга чыгарылган өкүмдөрдү жарыялайм+. 13  Мына, душман кара булуттай болуп каптап келет. Анын арабалары куюндай+, аттары бүркүттөн учкул+. Биз талоонго калдык, башыбызга каран күн түштү! 14  Оо, Иерусалим, аман калышың үчүн жүрөгүңдү кыянаттыктан тазала+. Арам ойлоруңан качан арыласың?+ 15  Дандан+ үн угулуп, Эпрайымдын тоолуу аймагынан+ суук кабар жарыяланып жатат. 16  Аны элдерге айткыла, Иерусалимге жар салгыла». «Алыскы өлкөдөн күзөтчүлөр келатат+. Алар Жүйүт шаарларында ач айкырык салышат. 17  Талааны кайтаргандарга окшоп, Иерусалимди мага каршы козголоң чыгарганы үчүн+ туш тараптан курчап жатышат+,— дейт Жахаба.— 18  Сен өз жолуң, кылган иштериң үчүн тиешеңди аласың+. Козголоңуң жүрөгүңдү ээлеп алгандыктан, башыңа алаамат түшөт, алган тиешең ачуу болот». 19  Оо, жүрөгүм, жүрөгүм*! Жүрөгүм сыздап+, ичим уйгу-туйгу болуп жатат+. Жаным мүйүз сурнайдын үнүн, согуш ураанын укту+, ошондуктан унчукпай тура албайм. 20  Кыйроо артынан кыйроо жарыяланды, анткени бүт жер таланып-тонолду+. Менин чатырларым күтүүсүздөн, чатырларымдын жабуулары бир заматта кыйратылды+. 21  Жол көрсөтүүчү белгини качанга чейин карайм, мүйүз сурнайдын үнүн качанга чейин угам?+ 22  Менин элим акылсыз+, мени этибар албайт+. Алар — жамандык кылууга акылдуу, жакшылык кылууну билбеген эси жок+, түшүнүгү жок уулдар+. 23  Мен бул жерди карасам — аңгырап ээн калыптыр+. Асманды карасам — жарыгы жок экен+. 24  Тоолорду карасам — алар титиреп, адырлардын баары солкулдап жатыптыр+. 25  Айлананы карасам — бир да пенде жок экен, асман канаттууларынын баары учуп кетиптир+. 26  Мөмөлүү бак чөлгө айланып, шаарлардын баары жер менен жексен болуптур+. Мунун баары Жахабанын кайнаган каарынан улам болду. 27  Анткени Жахаба мындай деген: «Бардык жер ээн калат+. Мен аны бүт бойдон талкалабайт бекем?+ 28  Ошондон улам жер аза күтөт+, асман түнөрөт+. Анткени муну мен айттым, мен чечтим, эч өкүнбөйм, айтканымдан кайтпайм+. 29  Атчандар менен жаа тарткандардын чуусунан бүт шаар качты+. Эл жыш токойго кирди, аскалардын арасына жашынды+. Шаарлардын баары ээн калды, тургундарынын бири да калган жок». 30  Ачык кызыл кийим кийип, алтын тагынып, көзүңдү кара боёк менен боёгон+ сен эми минтип таланып-тонолуп жатканыңда эмне кыласың? Жасанып-түзөнгөнүң бекер+. Сага кумарын арткандар сени жерип, жаныңды алууну ойлоп жатышат+. 31  Мен толготуп жаткан аялдын үнүндөй болгон үндү, биринчи баласын төрөп жаткан аялдын онтогонундай онтогон үндү+, энтиге дем алган Сион кызынын үнүн уктум. Ал колун жайып+: «Башыма каран түн түштү! Канкорлордун айынан кыйналып бүттүм!»+ — деп кыйкырып жатат.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ичеги-карыным».