Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 39:1—18

39  Жүйүт падышасы Ситкиянын башкаруусунун тогузунчу жылынын онунчу айында+ Бабыл падышасы Небухаданасар бүт аскерлери менен келип, Иерусалимди курчоого алды+.  Ситкиянын башкаруусунун он биринчи жылынын төртүнчү айында, тогузунчу күнү шаардын дубалы бузулду+.  Ошондо Бабылдын төрөлөрү кирип келип, Ортоңку дарбазанын алдына отурушту+. Алар — Нергалшарезер, Самгарнебо, Сарсехим, рапсарис*, рабмаг* Нергалшарезер жана Бабыл падышасынын башка төрөлөрүнүн баары.  Муну көргөндө Жүйүт падышасы Ситкия менен жоокерлердин баары качып жөнөдү+. Алар шаардан түн ичинде падышанын багы аркылуу эки дубалдын ортосундагы дарбазадан чыгышты да+, Арабага+ кеткен жолго түшүштү.  Алардын артынан каздимдиктердин аскерлери кууп жөнөштү+. Алар Ситкияны Жерихонун чөлдүү түздүктөрүнөн+ кууп жетишти. Аны колго түшүрүп, өкүм чыгарышы үчүн+ Бабыл падышасы Небухаданасарга, Хамат жериндеги+ Риблага+ алып келишти.  Бабыл падышасы Риблада Ситкиянын уулдарын анын көзүнчө+ өлтүрдү+, Жүйүттүн аттуу-баштуу кишилеринин баарын да өлтүрдү+.  Ал Ситкиянын эки көзүн оюп таштады+. Анан аны Бабылга алып кетиш үчүн жез кишен менен кишендеди.  Каздимдиктер падышанын үйүн да, элдин үйлөрүн да өрттөп жиберишти+, Иерусалимдин дубалдарын уратып салышты+.  Жан сакчылардын башчысы+ Небузарадан+ шаарда калган элди, өзү тарапка өтүп кеткендерди, элдин калдыгын Бабылга туткундап кетти+. 10  Ал эми элдин арасынан кээ бирөөлөрдү, колунда жокторду, жан сакчылардын башчысы Небузарадан Жүйүт жеринде калтырды+. Ошол күнү аларга жүзүмзарларды берип, жумушка салды+. 11  Андан тышкары, Бабыл падышасы Небухаданасар жан сакчылардын башчысы Небузарадан аркылуу Жеремияга байланыштуу мындай буйрук берди: 12  «Аны алып, ага көз салып жүр, эч жамандык кылба+. Ал эмне десе, ошону кыл»+. 13  Ошондо жан сакчылардын башчысы Небузарадан+, рапсарис Небушазбан, рабмаг Нергалшарезер, Бабыл падышасынын кол алдындагы башчылардын баары 14  киши жиберип, Жеремияны күзөтчүлөр короосунан алдырышты+. Ал элдин арасында жашашы үчүн, аны үйүнө алып барууну буйруп, Шапан+ уулу, Ахикам+ уулу Гедалияга+ тапшырышты. 15  Жеремия күзөтчүлөр короосунда камакта отурганда+, Жахаба ага мындай деди: 16  «Бар да, эфиопиялык Эбетмелекке+ мындай де: „Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен бул шаарга жакшылык эмес, жамандык алып келип, ал тууралуу айткандарымды аткарып жатам+. Айткандарым ошол күнү сенин көз алдыңда аткарылат”“+. 17  „Ошол күнү мен сени куткарам+,— дейт Жахаба.— Өзүң корккон адамдардын колуна салып бербейм“+. 18  „Сени сөзсүз куткарам. Сен кылычтан өлбөйсүң, мага таянганың үчүн+ өз жаның өзүңө олжо болот“+,— дейт Жахаба».

Шилтемелер

Ак сарайдагы башкы кызматчы.
Башкы сыйкырчы (бакшы, астролог), улуу даражалуулардын башчысы.