Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 37:1—21

37  Жошия+ уулу Ситкия падыша+ Жаяким+ уулу Кониянын+ ордуна падышалык кыла баштады. Анткени Бабыл падышасы Небухаданасар аны Жүйүт жерине падыша кылып койду+.  Ал өзү да, кулдары да, бул жердин эли да Жахабанын Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөздөрүн+ укпай койду+.  Ситкия падыша Шелемия уулу Жеухал+ менен дин кызматчы Маасея уулу+ Сепания+ аркылуу Жеремия пайгамбарга: «Жахаба Кудайыбыздан биз үчүн тилене көр»,— деп айттырып жиберди+.  Ал кезде Жеремия камакка алына элек болчу, ошондуктан элдин арасында эркин жүргөн+.  Иерусалимди курчап турган каздимдиктер Мисирден фараондун аскерлери келатканын угуп+, Иерусалимден артка чегиништи+.  Ошондо Жахаба Жеремия пайгамбарга мындай деди:  «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Силерди менин эркимди билип келүүгө жиберген+ Жүйүт падышасына мындай деп баргыла: “Мына, жардамга келаткан фараондун аскерлери өз жерине, Мисирге, кайтат+.  Каздимдиктер болсо кайра келип, бул шаар менен салгылашат. Алар аны басып алып, өрттөп жиберишет”+.  “Каздимдиктер сөзсүз чегинет”,— деп өз жаныңарды алдабагыла+,— дейт Жахаба,— анткени алар чегинбейт. 10  Силер өзүңөр менен салгылашып жаткан каздимдиктердин+ бүт аскерин кырып таштап, оор жарадарлары гана калган күндө да+, ошолор өз чатырларынан туруп келип, бул шаарды өрттөп жиберишмек“». 11  Каздимдиктердин аскерлери фараондун аскерлеринен улам+ Иерусалимден чегинишкенде+, 12  Жеремия эл ичинен үлүшүн алыш үчүн Иерусалимден Бенжемин+ жерине жөнөдү. 13  Бирок Жеремия пайгамбар Бенжемин дарбазасына+ жеткенде, аны сакчылар башчысы — Ханания уулу, Шелемия уулу Ирия — кармап алып: «Сен каздимдиктерге өтүп кеткени жатасың!» — деди. 14  Жеремия болсо: «Калп!+ Каздимдиктерге өтөйүн деген оюм жок»,— деди. Бирок Ирия Жеремияны укпай койду. Ал аны төрөлөрдүн алдына алып барды. 15  Жеремияга ачууланган+ төрөлөр+ аны сабап+, катчы Жонатандын үйүнө+ камап коюшту+, анткени анын үйүн камак жайы+ кылып алышкан эле. 16  Жеремия жер астындагы бөлмөлөргө+, зынданга салынып, ошол жакта бир топ күн жатты. 17  Анан Ситкия падыша киши жиберип, аны алдырды да, өз үйүндө, жашыруун жайда ага суроо бере баштады+. Ал: «Жахабадан сөз барбы?» — деп сурады. «Бар»,— деп жооп берди Жеремия. Анан: «Сен Бабыл падышасынын колуна салынып берилесиң!» — деп кошумчалады+. 18  Анан Жеремия Ситкия падышага мындай деди: «Мени камагыдай сенин, кулдарыңдын, бул элдин алдында кандай күнөөм бар?+ 19  „Бабыл падышасы силерге, бул жерге кол салбайт“,— деп пайгамбарлык кылган пайгамбарларыңар кайда?+ 20  Эми, улуу урматтуу падышам, суранам, мени ук. Мага ырайым кылып+, өлүп калбашым үчүн+, катчы Жонатандын үйүнө+ кайра жибере көрбө». 21  Ситкия падыша Жеремияны күзөтчүлөр короосуна+ камоону буйрук кылды. Шаарда нан калбай калгыча+, ага наабайчылар көчөсүнөн күнүнө бир тегерек нан берип турушту+. Ошентип, Жеремия күзөтчүлөр короосунда калды+.

Шилтемелер