Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 31:1—40

31  «Ошол кезде,— дейт Жахаба,— мен Ысрайылдын бардык урууларынын Кудайы болом, алар болсо менин элим болот»+.  Жахаба: «Ысрайыл бейпил жайына баратканда+, кылычтан аман калган элге ээн талаада ырайым көрсөтүлгөн»,— дейт+.  Жахаба мага алыстан көрүнүп, мындай деди: «Мен сени түбөлүк сүйүү менен сүйөм+. Ошон үчүн сени мээримдүүлүгүм менен өзүмө тартып жатам+.  Ысрайыл кызы, сени кайра тургузам, сен калыбыңа келесиң+. Даптарыңды алып, кубангандардын бийин бийлейсиң+.  Сен Самариянын тоолоруна жүзүм тигесиң+. Жүзүмчүлөр жүзүм тигип, мөмөсүн жей баштайт+.  Эпрайымдын тоолуу аймагындагы күзөтчүлөрдүн: „Тургула, Сионго чыгалы, Жахаба Кудайыбызга баралы!“+ — деп кыйкырар күнү келатат».  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: «Жакыпка кубанычтуу үн менен катуу кыйкыргыла. Элдерди баштап, үнүңөрдүн болушунча кыйкыргыла+. Жар салгыла+, даңазалагыла: „Оо, Жахаба, өз элиңди, Ысрайылдын калдыгын сактай көр“,— дегиле+.  Мен аларды түндүк жеринен алып келем+, жердин учу-кыйырынан чогултуп келем+. Алардын арасында сокуру да, аксагы да, кош бойлуусу да, ай-күнү жетип калганы да болот+. Бул жерге калың эл кайтып келет+.  Алар ыйлап кайтышат+, аларды алып келатканымда, ырайым кылышымды өтүнүшөт. Мен аларды суу аккан өзөндөргө алып барам+, түз жолго салам, ошондо алар чалынбайт. Себеби мен Ысрайылдын атасымын+, Эпрайым болсо менин туңгучум»+. 10  Оо, элдер, Жахабанын сөзүн уккула, алыскы аралдарга жарыялагыла+, мындай дегиле: «Ысрайыл элин чачыратып жибергендин Өзү аны кайра чогултат+. Аны оторун коргогон койчудай коргойт+. 11  Жахаба Жакыпты кун төлөп сатып алат+, андан күчтүүнүн колунан тартып алат+. 12  Алар келип, Сион тоосунда кубана кыйкырышат+. Жахабанын жакшылыгын, данды, жаңы шарапты+, майды, козулар менен торпокторду көрүп+, жүздөрү нурданат+. Алардын жаны жакшы сугарылган бактай болот+, экинчи алдан тайышпайт»+. 13  «Ошондо селкилер менен уландар, аларга кошулуп карылар шаттанып бийлешет+. Мен алардын күйүтүн шаттыкка айлантам, аларды сооротом, кайгысын кубанычка алмаштырам+. 14  Дин кызматчылардын жанын мол тамакка тойгузам+, жакшылыгыма элимдин моокуму канат»+,— дейт Жахаба. 15  «Жахаба мындай дейт: „Рамадан+ зар какшаган, боздогон үн угулуп жатат+. Рахил+ уулдарын жоктоп ыйлап жатат+. Уулдарынан ажырагандыктан+ сооронгусу келбей жатат“»+. 16  Жахаба мындай дейт: «„Ыйлаба, көз жашыңды төкпө+. Анткени аракетиңдин акыбети кайтат,— дейт Жахаба.— Алар душмандын жеринен кайтып келишет“+. 17  „Сенин келечекке үмүтүң бар+,— дейт Жахаба.— Уулдарың өз жерине кайтып келет“»+. 18  «Мен Эпрайымдын минтип ыйлап жатканын уктум+: „Сен мени оңдоп-түзөгөнсүң, оңолушум үчүн+, торпокту үйрөткөндөй үйрөткөнсүң+. Мени кайры, ошондо дароо кайрылам+, анткени сен Жахабасың, менин Кудайымсың+. 19  Кайрылгандан кийин өкүндүм+, үйрөтүлгөндөн кийин санымды чаптым+. Уялып, басынып калдым+, анткени жаш кезимде кылгандарымдын азабын тарттым“»+. 20  «Эпрайым сүйүктүү уулум эмеспи, алпештеген чүрпөм эмеспи?+ Ага каршы сүйлөгөн сайын аны эстейм+. Ошон үчүн аны ойлогонумда ичим уйгу-туйгу болот+. Аны сөзсүз аяйм»+,— дейт Жахаба. 21  «Өзүңө жол белгилерин кой, жол көрсөткүч мамыларды орнот+. Жүрөгүңдү жолго, өзүң жүрө турган жолго бур+. Ысрайыл кызы, кайтып кел, шаарларыңа кайтып кел+. 22  Ишенимсиз кыз+, дагы качанга чейин адашып жүрөсүң?+ Жахаба жер үстүндө жаңы нерсе жаратты: аял эркекке ыктайт». 23  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: «Мен туткундагыларды чогултканда, Жүйүт жеринде жана анын шаарларында кайрадан: „Оо, адилдиктин турагы+, оо, ыйык тоо+, Жахаба сага батасын берсин“,— дешет+. 24  Бул жерде Жүйүт менен анын бардык шаарлары, дыйкандары менен малчылары бирге жашайт+. 25  Чарчап-чаалыккан жанды кубаттандырам, алдан тайган жанга күч берем»+,— дейт. 26  Ошондо мен таттуу уйкудан ойгонуп, көзүмдү ачтым. 27  «Мына! — дейт Жахаба.— Мен Ысрайыл үйү менен Жүйүт үйүнө адам уругун, үй айбанаттарынын уругун себе турган күндөр келатат»+. 28  «Ошондо мындай болот: аларды тамыры менен жулуш үчүн, талкалаш үчүн, кыйратыш үчүн, жок кылыш үчүн+ байкап турганымдай эле+, куруш үчүн, тигиш үчүн+ да байкап турам,— дейт Жахаба.— 29  Ошол күндөрү алар: „Аталары кычкыл жүзүм жесе, уулдарынын тиши камалат“,— дебей калышат+. 30  Анткени ар бир адам өз кылмышы үчүн өлөт+. Ким кычкыл жүзүм жесе, ошонун тиши камалат». 31  «Мына! Мен Ысрайыл үйү+ жана Жүйүт үйү менен+ жаңы келишим түзө турган күндөр келатат+,— дейт Жахаба.— 32  Бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен аны алардын ата-бабаларын колунан алып, Мисир жеринен алып чыккан күнү түзгөм+. „Алардын күйөөсү, кожоюну болсом да+, алар менин келишимимди бузушту“+,— дейт Жахаба». 33  «Ошол күндөрдөн кийин мен Ысрайыл үйү менен+ мындай келишим түзөм+,— дейт Жахаба.— Мыйзамымды алардын ичине салам+, жүрөгүнө жазам+. Мен алардын Кудайы болом, алар менин элим болот»+. 34  «Ошондон кийин эч ким жакынын, эч ким бир тууганын: „Жахабаны таанып-бил!“+ — деп үйрөтпөй калат+. Себеби кичинесинен чоңуна чейин баары мени таанып-билишет+,— дейт Жахаба.— Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм»+. 35  Күндүзү жарык чачсын деп, күндү берген+, түнкүсүн нурун төксүн деп, ай+ менен жылдыздарга+ мыйзам берген+ Жахаба, деңизди алай-дүлөй түшүрүп, толкундарын долуланткандын+ Өзү, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ деген ысымдын ээси мындай дейт: 36  «„Бул буйруктар менин алдымда жокко чыгарылса+, анда Ысрайылдын тукумун түзгөндөр да ар дайым менин алдымда турган эл деп эсептелбей калат“+,— дейт Жахаба». 37  Жахаба мындай дейт: «„Жогорудагы асманды ченөө, төмөндөгү жердин пайдубалын изилдөө мүмкүн болсо+, анда мен да Ысрайылдын бүт тукумун бардык кылган иштери үчүн четке какмакмын“+,— дейт Жахаба». 38  «Мына, мындай күндөр келатат: Жахаба үчүн бул шаар Хананел мунарасынан+ Бурч дарбазасына+ чейин кайра курулат+,— дейт Жахаба.— 39  Ченегич жип+ андан ары түз эле Гареп адырына чейин тартылат, Гояга жетет. 40  Өлүктөр+ менен майлуу күл жаткан өрөөн+ бүт бойдон, Кидрон өзөнүнө+ чейинки тектирлердин баары, күн чыгыш тараптагы Жылкы дарбазасынын+ бурчуна чейинки жердин баары Жахаба үчүн ыйык болот+. Ал жер эч качан кыйратылбайт, жок кылынбайт»+.

Шилтемелер