Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 29:1—32

29  Жеремия пайгамбардын туткундагы элдин арасында калган аксакалдарга, дин кызматчыларга, пайгамбарларга жана Небухаданасар Иерусалимден Бабылга туткундап кеткен бүт элге+ Иерусалимден жиберген катынын сөздөрү.  Ал кат Жекония падыша+, каныша+, ак сарай кызматчылары, Жүйүт жери менен Иерусалимдин төрөлөрү+, усталар, чеп куруучулар+ Иерусалимден кеткенден кийин жазылган.  Жүйүт падышасы Ситкия+ Бабыл падышасы Небухаданасарга Шапан+ уулу Элас менен Хилкия уулу Гемарияны жибергенде, алар ошол катты ала кетишкен. Анда мындай делген:  «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба өзү Иерусалимден Бабылга туткунга айдагандардын+ баарына мындай дейт:  „Үйлөрдү куруп, жашай бергиле. Бак-шак тигип, мөмө-жемишин жегиле+.  Аял алып, уул-кыздуу болгула+. Уулдарыңарга аял алып бергиле, кыздарыңарды күйөөгө бергиле, алар да уул-кыздуу болушсун. Ошол жакта укумдап-тукумдагыла, кемибегиле.  Мен силерди туткунга жиберген шаарга тынчтык сурагыла, ал үчүн Жахабадан тиленгиле. Себеби ал шаарда тынчтык болсо, силер да тынчтыкта жашайсыңар+.  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Араңардагы пайгамбарлар менен төлгөчүлөргө алданбагыла+, көргөн түштөрүн айтышканда, аларды укпагыла+.  Анткени Жахаба: “Алар менин атыман силерге жалган пайгамбарлык кылып жатышат. Аларды мен жиберген эмесмин”,— дейт”“»+. 10  «Жахаба мындай дейт: „Бабылда жүргөнүңөргө жетимиш жыл болгондо, мен силерге көңүл буруп, силер тууралуу айткан убадамды аткарам+, силерди бул жерге кайра алып келем“+. 11  „Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем+,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү+, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам+. 12  Силер мени чакырып, мага келесиңер, менден тиленесиңер, ошондо мен силерди угам“+. 13  „Мени издейсиңер, бүт жүрөгүңөр менен издегендиктен+ табасыңар+. 14  Силерге өзүмдү табууга мүмкүндүк берем“+,— дейт Жахаба. „Туткундагыларды чогултам, мен силерди кайсы элдердин арасына, кайсы жерлерге чачыратып жиберсем, ошол элдердин арасынан, ошол жерлерден чогултуп келем+,— дейт Жахаба.— Мен силерди кайсы жерден туткунга айдап жиберсем, ошол жерге кайра алып келем“+. 15  Бирок силер: „Жахаба бизге Бабыл жеринде пайгамбарларды берди“,— деп жатасыңар. 16  Дөөтүнүн тактысында отурган падышага+, бул шаарда жашаган бүт элге, силер менен кошо туткунга кетпеген бир туугандарыңарга+ Жахаба мындай дейт: 17  „Мен аларга кылыч+, ачарчылык+, жугуштуу оору жиберем+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Аларды жегенге жарабай калган, бузулган анжирлердей кылам“+. 18  „Алардын артынан кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору менен сая түшөм. Муну укканда жер жүзүнүн бардык падышалыктары титирейт+. Аларды каргышка калтырам, үрөй учурарлык абалга туш кылам. Муну көргөндө көптөр таң калып ышкырышат. Мен аларды кайсы элдердин арасына чачыратып жиберсем, ошол элдердин арасында маскара болушат+. 19  Анткени алар менин сөздөрүмө кулак салышкан эмес, эрте туруп жиберген кызматчыларымды — пайгамбарларды — угушкан эмес“+,— дейт Жахаба. „Силер укпай койгонсуңар“+,— дейт Жахаба. 20  Эми силер, Жахаба Иерусалимден Бабылга туткунга айдагандардын+ баары+, анын сөзүн уккула. 21  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба анын атынан жалган пайгамбарлык кылып жүргөн+ Колая уулу Ахап менен Маасея уулу Ситкия жөнүндө мындай дейт: „Мен аларды Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна салып берем, ал аларды силердин көзүңөрчө өлтүрөт+. 22  Ошондон кийин Жүйүттүн Бабылда туткунда жүргөн элинин арасында “Жахаба сени Бабыл падышасы отко куйкалаган+ Ситкия менен Ахаптай кылсын!”+ деген каргыш сөз айтылып калат. 23  Алар Ысрайылда акылсыздык кылып+, жакындарынын аялдары менен ойноштук кылып+, менин атыман калп айтып, мен буйрук кылбаган сөздү сүйлөп жүрүшкөнү үчүн ошондой болот+. “Мен аны билем, ага өзүм күбөмүн”+,— дейт Жахаба“». 24  «Ал эми нехеламдык Шемаяга+ айт: 25  „Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Сен Иерусалимдеги элдин баарына, дин кызматчы Маасея уулу Сепанияга+ жана башка дин кызматчылардын баарына өз атыңдан кат жиберип+, мындай дедиң: 26  “Жахабанын үйүндө башкы көзөмөлчү болуп+, ар кандай акылсыздарды+, өзүн пайгамбармын дегендерди кишендешиң үчүн+, сени Жахаба өзү дин кызматчы Жояттын ордуна дин кызматчы кылып дайындады. 27  Анда эмне үчүн араңарда пайгамбарсынып жүргөн+ анатоттук+ Жеремияны тыйып койбойсуң? 28  Ал Бабылда жүргөн бизге: “Бул көпкө созулат. Үйлөрдү куруп, жашай бергиле. Бак-шак отургузуп, мөмө-жемишин жегиле...”+ — деп кат жазып жибериптир””“». 29  Дин кызматчы Сепания+ катты Жеремия пайгамбарга окуп берди. 30  Ошондо Жахаба Жеремияга мындай деди: 31  «Туткундагы бүт элге+ мындай деп айттырып жибер: „Нехеламдык Шемая жөнүндө Жахаба мындай дейт: “Мен жибербесем да, Шемая силерге пайгамбарлык кылып, жалган нерсеге ишендирүүгө аракеттенип жүргөнү үчүн+, 32  Жахаба мындай дейт: “Мен нехеламдык Шемаяны+ тукуму менен кошо жазалайм”+. “Анын тукумунан бул элдин арасында жашай турган эркек калбайт+, ал менин элиме кыла турган жакшылыгымды көрбөйт+,— дейт Жахаба,— анткени ал Жахабага каршы сүйлөдү””“»+.

Шилтемелер