Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 28:1—17

28  Ошол жылы, Жүйүт падышасы Ситкиянын+ падышалыгынын башталышында, төртүнчү жылынын бешинчи айында, гибондук+ пайгамбар Азур уулу Ханания+ Жахабанын үйүндө, дин кызматчылар менен бүт элдин көзүнчө мага мындай деди:  «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен Бабыл падышасынын моюнтуругун сындырам+.  Эки жылдан кийин Жахабанын үйүнө таандык буюмдардын баарын — Бабыл падышасы Небухаданасар бул жерден Бабылга алып кеткен буюмдарды+ — кайра ушул жерге алып келем“».  «„Ошондой эле Жүйүт падышасы Жаяким+ уулу Жеконияны+, Жүйүт жеринен Бабылга туткундалып кеткендердин+ баарын кайра ушул жерге алып келем,— дейт Жахаба,— анткени мен Бабыл падышасынын моюнтуругун сындырам“»+.  Ошондо Жеремия пайгамбар Жахабанын үйүндө турган+ дин кызматчылар менен бүт элдин көзүнчө Ханания пайгамбарга жооп берди.  Жеремия пайгамбар мындай деди: «Оомийн!+ Жахаба ошондой кылсын! Жахабанын үйүнө таандык буюмдар менен туткундагы элдин баарын Бабылдан кайра бул жерге алып келип, сенин пайгамбарлык кылып айткан сөздөрүңдү Жахаба, ылайым, орундатсын!+  Бирок азыр сага жана бүт элге айта турган сөзүмө кулак салчы+.  Экөөбүздөн мурунку пайгамбарлар деле байыртан бери+ көптөгөн жерлер, улуу падышалыктар тууралуу, согуш, алаамат, жугуштуу оору тууралуу пайгамбарлык кылып келишкен+.  Эгер кайсы бир пайгамбар тынчтык болорун алдын ала айтса+, анын, чынында эле, Жахаба жиберген пайгамбар экени сөзү аткарылганда гана билинет»+. 10  Ошондо Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнундагы моюнтурукту чыгарып, сындырып таштады+. 11  Анан Ханания+ бүт элдин алдында: «„Эки жылдан кийин Бабыл падышасы Небухаданасардын бүт элдердин мойнуна салган моюнтуругун так ушинтип сындырам“+,— дейт Жахаба“»+,— деди. Жеремия пайгамбар болсо ал жерден кетип калды+. 12  Ханания пайгамбар Жеремия пайгамбардын мойнундагы моюнтурукту сындырып таштагандан кийин, Жахаба Жеремияга мындай деди+: 13  «Барып, Хананияга айт: „“Сен жыгач моюнтурукту+ сындырып таштадың, эми анын ордуна темир моюнтурук+ жасайсың”,— дейт Жахаба. 14  Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен Бабыл падышасы+ Небухаданасарга кызмат кылдырыш үчүн бардык ушул элдердин мойнуна темир моюнтурук салам; алар ага кызмат кылышат+. Ага талаадагы жапайы жаныбарларды да берем”“»+. 15  Ошондо Жеремия пайгамбар Ханания+ пайгамбарга мындай деди: «Ханания, суранам, укчу! Сени Жахаба жиберген жок, сен болсо бул элди жалган нерсеге ишендирип жатасың+. 16  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „Мына, Мен сени жер бетинен жок кылам. Сен ушул жылы өлөсүң+, анткени Жахабага каршы сүйлөдүң“»+. 17  Ханания пайгамбар ошол жылдын жетинчи айында өлдү+.

Шилтемелер