Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 26:1—24

26  Жүйүт падышасы Жошиянын уулу Жаякимдин+ падышалык башкаруусунун башталышында Жахаба мындай деди:  «Жахаба мындай дейт: „Жахабанын үйүнүн короосунда туруп+, Жүйүт жериндеги бардык шаарлардан Жахабанын үйүнө таазим кылыш үчүн келгендерге алар тууралуу айткандарымдын баарын айт+. Бир да сөзүмдү кемитпе+.  Балким, угуп, ар бири өзүнүн тескери жолунан бурулар+. Ошондо мен алардын башына кыянат иштери үчүн алаамат түшүрөм деген оюмдан кайтам+.  Аларга айт: “Эгерде мени укпасаңар,— дейт Жахаба,— силерге берген+ мыйзамым боюнча жүрбөсөңөр+,  эрте туруп, силерге жиберген кызматчыларымдын — силер укпай келген пайгамбарларымдын — сөздөрүнө кулак салбасаңар+,  мен бул үйдү Шилодогудай+ кылам, бул шаарды жердеги бардык элдердин арасында каргышка калтырам”“»+.  Жеремия Жахабанын үйүндө ушул сөздөрдү айтып жатканда+, аны дин кызматчылар, пайгамбарлар, бүт эл угуп турду.  Анан Жеремия Жахабанын бүт элге айтууну буйрук кылган сөздөрүн айтып бүткөндө, дин кызматчылар, пайгамбарлар, бүт эл аны кармап алып: «Сен эми өлөсүң+.  Эмне үчүн Жахабанын атынан пайгамбарлык кылып: „Бул үй Шилодогудай болот+, бул шаар ээн калат, бир да тургуну калбайт“,— деп жатасың?» — дешти. Бүт эл Жеремияны тегеректеп, Жахабанын үйүнө чогула берди. 10  Бул тууралуу Жүйүт төрөлөрү угуп, падыша үйүнөн Жахабанын үйүнө келишти да+, Жахабанын үйүндөгү жаңы дарбазанын+ алдына отурушту. 11  Дин кызматчылар менен пайгамбарлар төрөлөргө, бүт элге: «Бул киши өлүм жазасына тартылышы керек+, анткени мунун бул шаар жөнүндө эмне деп пайгамбарлык кылганын өз кулагыңар менен уктуңар»,— дешти+. 12  Ошондо Жеремия бардык төрөлөргө, бүт элге мындай деди: «Бул үй менен бул шаар жөнүндө пайгамбарлык кылууга, силер уккан сөздөрдүн баарын айтууга мени Жахаба жиберди+. 13  Жолдоруңар менен иштериңерди оңдогула+, Жахаба Кудайыңардын тилин алгыла, ошондо Жахаба башыңарга алаамат түшүрөм деген оюнан кайтат+. 14  Мен болсо, мына, силердин колуңардамын+. Көзүңөргө эмне туура, эмне адилеттүү көрүнсө, ошону кылгыла+. 15  Бирок билип койгула, эгер мени өлтүрсөңөр, өзүңөр да, бул шаар да, шаардын тургундары да жазыксыз кан төккөн болосуңар+. Анткени силерге ушул сөздөрдүн баарын айтууга мени, чынында эле, Жахаба жиберди»+. 16  Ошондо төрөлөр+ менен бүт эл дин кызматчылар менен пайгамбарларга: «Бул кишини өлүм жазасына тартууга болбойт+, анткени бул бизге Жахаба Кудайыбыздын атынан сүйлөдү»,— дешти+. 17  Ошондой эле бул жердин айрым аксакалдары ордуларынан туруп, чогулган элге мындай дешти+: 18  «Морешеттик+ Микей+ Жүйүт падышасы+ Хискиянын күндөрүндө пайгамбарлык кылып, бүт Жүйүт элине: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Сион талаадай айдалат+, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат+, ал эми ибадаткана турган тоо токойлуу адырдай болуп калат”“,— деген болчу+. 19  Аны Жүйүт падышасы Хиския менен Жүйүт жеринин бардык тургундары өлүмгө өкүм кылды беле? Тескерисинче, Жахабадан коркуп, Жахабага жагууга аракет кылганда+, Жахаба алардын башына алаамат түшүрөм деген оюнан кайтпады беле?+ Биз болсо өз жаныбызга чоң алаамат тилеп алганы турабыз+. 20  Жахабанын атынан пайгамбарлык кылган дагы бир киши болгон. Ал, кириат-жеаримдик+ Шемая уулу Урия, бул шаар менен бул жерге каршы пайгамбарлык кылып, Жеремия айткандай сөздөрдү айткан. 21  Анын сөздөрүн Жаяким+ падыша бардык күчтүү жоокерлери, төрөлөрү менен укканда, аны өлтүрүүнүн жолун издей баштаган+. Аны уккан Урия коркконунан+ Мисирге качып кеткен. 22  Бирок Жаяким падыша Мисирге өз кишилерин: Акбар+ уулу Элнатанды, ага кошуп башкаларды жиберген. 23  Алар Урияны Мисирден кармап, Жаяким падышага алып келишкен. Падыша аны кылычтап өлтүрүп+, сөөгүн карапайым элдин көрүстөнүнө ыргытып жиберген». 24  Ага Шапан уулу Ахикам+ да болушуп жатты. Ошентип, Жеремия элдин колуна салынып берилген жок, өлүмгө кыйылган жок+.

Шилтемелер