Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 2:1—37

2  Жахаба мага мындай деди+:  «Бар да, үнүңдү бийик чыгарып, Иерусалимге айт: „Жахаба мындай дейт+: “Жаш кезиңде мээримдүүлүк көрсөткөнүң+, баш кошууга убадалашканда+ сүйүү көрсөткөнүң, ээн талаада, үрөн себилбеген жерде артымдан ээрчип жүргөнүң эсимде+.  Ысрайыл Жахаба үчүн ыйык+, биринчи жемиш болчу”“+. „Аны жутуп жибергиси келгендердин баары айыпка жыгылат+. Алардын башына балээ түшөт“,— деген Жахаба»+.  Оо, Жакыптын үйү+, Ысрайыл үйүнүн бардык тукумдары, Жахабанын сөзүн уккула+.  Жахаба мындай дейт: «Менден алыстагыдай+, пайдасыз буркандын артынан ээрчип+, өздөрү да пайдасыз болуп калгыдай+, ата-бабаларыңар менден кандай адилетсиздик табышкан?+  Алар: „Мисир жеринен алып чыгып+, ээн талаада, чөлдүү түздүктө+, ойдуңдуу жерде, коюу караңгылык каптаган+ суусуз жерде+, эч ким баспаган, эч ким жашабаган жерде бизди жетектеп жүргөн Жахаба кайда?“ — дешкен эмес.  Мен силерди жемишине, берекесине тойсун деп мөмөлүү бактар өскөн жерге алып келгем+. Бирок силер келип, менин жеримди арамдадыңар, мурасымды жийиркеничке айланттыңар+.  Дин кызматчылар: „Жахаба кайда?“+ — дешкен эмес. Мыйзамды окутуучулар мени билишкен эмес+. Койчулар мага каршы күнөө кылышкан+, ал тургай, пайгамбарлар да Баалдын атынан пайгамбарлык кылып+, эч пайдасы жок кудайлардын артынан ээрчип жүрүшкөн+.  „Ошондуктан мен силер менен доолашам+,— дейт Жахаба,— уулдарыңардын уулдары менен да доолашам“+. 10  „Киттим+ жээктерине барып, карагыла. Кедарга+ киши жиберип, сураштырып билгиле. Ушундай болду беле, көргүлө+. 11  Кудайларын кудай эмес+ нерселерге алмаштырган башка эл барбы?+ Менин элим болсо даңкымды пайдасы жок нерселерге алмаштырды+. 12  Оо, асман, таң калып кара, үрөйүң учсун, титире,— дейт Жахаба+,— 13  анткени менин элим эки жаман иш кылды: мени, тирүү суунун башатын+, таштап кетти+; суу токтобогон жараксыз чуңкурларды казып алды“. 14  „Ысрайыл кызматчыбы+ же үйдө төрөлгөн кулбу? Эмне үчүн ал таланып-тонолду? 15  Ага жалдуу жаш арстандар арылдап+, үндөрүн күркүрөттү+, анын жерин үрөй учурарлык абалда калтырды. Анын шаарлары өрттөлүп, тургундарынан ажырады+. 16  Ноп+ менен Тахпанестин+ уулдары төбөңдү кемирип кетишти+. 17  Жол көрсөтүп жүргөн+ Кудайың Жахабаны таштап кеткениң үчүн+ ушундай болгон жокпу? 18  Эми эмне үчүн Мисирге барганы жатасың?+ Шихордун суусунан+ ичиш үчүнбү? Эмне үчүн Ашурга барганы жатасың?+ Эфрат дарыясынын суусунан ичиш үчүнбү? 19  Сени кыянаттыгың оңдосун+, ишенимсиздигиң ашкерелесин+. Кудайың Жахабаны таштап кеткениң жаман, өкүнүчтүү иш+ экенин билип кой. Сенде менден коркуу деген жок“+,— дейт Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. 20  „Бир кездерде сенин моюнтуругуңду талкалагам+, чынжырларыңды үзгөм. Бирок сен: “Мен сага кызмат кылбайм”,— дегенсиң, ар кайсы бийик дөбөдө, ар бир шактуу дарактын астында+ керилип жатып+, бузуктук кылгансың+. 21  Мен болсо сени мыкты уруктан чыккан тандамал кызыл жүзүм сабагы катары отургузгам+. Анан кантип менин алдымда жапайы жүзүм сабагынын начар бутактарына айланып калдың?“+ 22  „Сен шакар менен жуунсаң да, аябай самындансаң да+, менин алдымда күнөөңдүн тагы кетпейт“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба. 23  Сен: „Мен арамдалган эмесмин+. Баалдын артынан ээрчип жүргөн эмесмин“+,— деп кантип айтасың? Өрөөндөгү жолуңа көңүл бур+. Эмне кылганыңды көр. Сен башы оогон жакка чуркап жүргөн күлүк каймалдайсың*, 24  чөлгө көнгөн, жаны кумардана шамал жуткан+ зебрадайсың+. Күүлөгөн маалы келгенде, аны ким токтото алат? Аны издегендер чарчабайт, ошол айда таап алышат. 25  Сак бол: жылаңайлак калба, тамагың кургап калбасын+. Бирок сен: „Жок, үмүттөнбөй эле кой!+ Мен чоочундарды сүйүп калдым+, ошолордун артынан ээрчийм“,— дедиң+. 26  Ууру кармалганда кандай уят болсо, Ысрайыл үйү да падышалары, төрөлөрү, дин кызматчылары, пайгамбарлары+ менен бирге ошондой уят болду+. 27  Алар даракка: „Сен менин атамсың“+,— дешет, ал эми ташка: „Мени сен төрөгөнсүң“,— дешет. Алар мага жүзүн бурбай, сыртын салышты+. Бирок баштарына мүшкүл түшкөндө: „Ордуңан туруп, бизди куткар!“ — дешет+. 28  Өзүң жасаган кудайларың кайда?+ Башыңа мүшкүл түшкөндө, ошолор ордунан туруп, куткарышсын+. Анткени, оо, Жүйүт, канча шаарың болсо, ошончо кудайың бар+. 29  „Мени менен эмне үчүн доолашып жатасыңар?+ Эмнеге баарыңар мага каршы күнөө кылып жатасыңар?“+ — дейт Жахаба. 30  Уулдарыңарды урганымдан майнап чыккан жок+. Алар тарбияга моюн сунушкан жок+. Кылычыңар пайгамбарларыңарды кыргын салуучу арстандай жеп-жутту+. 31  Оо, муун, Жахабанын сөзүн ук!+ Мен Ысрайыл үчүн ээн талаа+, коюу караңгылык каптаган өлкө болуп калдымбы? Эмне үчүн элим: „Биз каалаган жерибизде жүрөбүз. Сага кайрылып келбейбиз“,— деп жатат?+ 32  Кыз жасалгаларын, колукту көкүрөк курларын унутабы? Менин элим болсо мени эчак унуткан+. 33  Оо, аял, эмне үчүн сүйүү издеп, өзүңө жол даярдап жатасың? Ошон үчүн жолдоруңду жамандыкка жанаштырдың+. 34  Андан тышкары, кийимиңдин этегинен бейкүнөө жакырлардын*+ каны табылды+. Кандын тагын кылмыш жасалган жерден эмес, сенин этегиңен таптым+. 35  Бирок сен: „Менин айыбым жок. Ал менден каарын кайт кылды“,— дейсиң+. „Мен күнөө кылган эмесмин“,— дегениң үчүн+ ишиңди териштирем. 36  Жолуңдун өзгөргөнүнө эмнеге маани бербей жатасың?+ Сен Ашурдун айынан уятка калганыңдай+, Мисирдин айынан да уятка каласың+. 37  Ошондон улам эки колуңду төбөңө алып жөнөйсүң+, анткени Жахаба, сен кимдерге таянсаң, ошолорду четке какты; алар менен ийгиликке жетпейсиң».

Шилтемелер

Каймал — жаш ургаачы төө.
Сөзмө-сөз: «жакырлардын жанынын».