Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 19:1—15

19  Жахаба мындай деди: «Бар да, карапачынын+ чопо кумурасын ал, элдин жана дин кызматчылардын арасынан сакалдууларын чакыр.  Сынык карапалар дарбазасынын алдындагы Ином уулунун өрөөнүнө+ бар да, ошол жерден сага айта турган сөздөрүмдү жарыяла+.  Мындай деп айт: „Оо, Жүйүт падышалары жана Иерусалим тургундары, Жахабанын сөзүн уккула+. Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ мындай дейт: “Мен бул жерге алаамат каптатам. Ал тууралуу уккан адамдын үрөйү учат*+.  Себеби алар мени таштап кетишти+, бул жерди таанылгыс кылып+, өздөрү да, ата-бабалары да, Жүйүт падышалары да билбеген башка кудайларга курмандык түтүнүн түтөтүштү+; бул жерди айыпсыздардын канына толтурушту+.  Алар Баалга сыйынууга арналган бийик жерлерди жасашты, уулдарын Баалга арнап, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары өрттөштү+. Бирок мен андай буйрук берген эмесмин+, ал менин оюма да келген эмес”“+.  „Ошондуктан бул жер Топет+, Ином уулунун өрөөнү+ эмес, өлтүрүлгөндөр өрөөнү деп атала турган күндөр келатат,— дейт Жахаба.—  Бул жерде Жүйүт менен Иерусалимдин ой-максатын бузам+, аларды жанын алгысы келгендердин колу менен, душмандарынын алдында кылыч менен сулатам+. Мен алардын өлүгүн асмандагы куштарга, жердеги айбандарга жем кылам+.  Бул шаарды үрөй учурарлык абалда калтырам, аны көргөндөр таң кала ышкырышат+. Ал жактан өткөндөрдүн ар бири таңыркап карап, кандай балээлерге кабылганын көрүп ышкырат+.  Аларга уул-кыздарынын этин жегизем. Алардын жанын алгысы келгендердин, душмандарынын кысымынан, эзүүсүнөн улам ар бири жакынынын этин жейт“+. 10  Анан жаныңдагы кишилердин көзүнчө кумураны талкала. 11  Аларга мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен бул эл менен бул шаарды чопо идишти калыбына келгис кылып талкалагандай талкалайм+. Топетте+ өлүктөрдү орун калбай калганча көмүшөт”“+. 12  „Мен бул жерди жана бул жерде жашагандарды ушундай кылам,— дейт Жахаба.— Бул шаарды Топеттей кылам+. 13  Иерусалимдин үйлөрү менен Жүйүт падышаларынын үйлөрү Топеттей арамдалат+, үстүндө асмандагы нерселерге арнап курмандык түтүнү түтөтүлгөн+, башка кудайларга арнап суюк тартуулар куюлган үйлөрдүн баары арамдалат“»+. 14  Жеремия Топеттен+, Жахаба пайгамбарлык кылууга жиберген жерден, кайтып келди да, Жахабанын үйүнүн короосунда туруп, бүт элге мындай деди+: 15  «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Сөздөрүмдү укпай, тоң моюндук кылышканы үчүн+, мен бул шаарга жана тегерегиндеги бардык шаарларга өзүм айткан алааматты каптатам“».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кулагы зыңылдайт».