Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 18:1—23

18  Жахаба Жеремияга:  «Тур, карапачынын+ үйүнө бар. Ошол жактан сага сөзүмдү айтам»,— деди.  Мен карапачынын үйүнө бардым, карапачы чыгырыгын иштетип жатыптыр.  Ал чоподон жасап жаткан идишин бузуп алды. Анан кайрадан калыптап, көңүлүнө жаккан башка идиш жасады+.  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «„Оо, Ысрайыл үйү, мен ушул карапачынын кылганын силерге кыла албайт бекем? — дейт Жахаба.— Ысрайыл үйү, силер менин колумда карапачынын колундагы чоподойсуңар+.  Мен кайсы бир элди же падышалыкты тамыры менен жуларымды, талкалаарымды, жок кыларымды айтканымда+,  ал эл жаман иштеринен баш тартса+, алардын башына алаамат түшүрөм деген оюмдан кайтам+.  Ал эми кайсы бир элди же падышалыкты тургузарымды, бекем орноторумду айтканымда+, 10  ал эл мени укпай, көз алдымда жаман иштерди кылса+, аларга жакшылык кылам деген оюмдан кайтам“. 11  Эми сенден суранарым, Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундарына айт: „Жахаба мындай дейт: “Мен силерге алаамат каптатканы, башыңарга жамандык түшүргөнү жатам+. Суранам, ар бириңер жаман жолуңардан кайткыла, жолдоруңар менен иштериңерди оңдогула”“»+. 12  Бирок алар: «Убара болбой эле кой+. Биз өз ойлорубузга жетеленип, ар бирибиз бузулган жүрөгүбүздүн өжөрлүгү боюнча иш кылабыз»,— дешти+. 13  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: «Элдердин арасынан сураштырып көргүлөчү. Мындайды ким уккан? Ысрайыл кызы үрөй учурарлык иш кылды+. 14  Лебанондун аска-зоосунан кар кетеби? Бөтөн жерден агып келген муздак суулар соолуйбу? 15  Менин элим болсо мени унутуп+, пайдасы жок нерсеге курмандык түтүнүн түтөтүп жатат+, байыркы жолдордо+ жүргөндөрдү чалынтып, жолдон чыгарып+, өңгүл-дөңгүл жолго буруп жатат. 16  Андыктан алардын жери кылымдан кылымга үрөй учурарлык абалда калат+, аны көргөндөр таң кала ышкырышат+. Ал жактан өткөндөрдүн ар бири таңыркап карап, башын чайкайт+. 17  Чыгыш шамалы саманды сапыргандай, мен аларды душман алдында сапырам+. Баштарына мүшкүл түшкөн күнү аларга жүзүмдү бурбай, сыртымды салам»+. 18  Алар болсо: «Келгиле, Жеремияга каршы кеңешели+. Дин кызматчыларыбыз мыйзамга+, акылмандарыбыз кеңешке, пайгамбарларыбыз сөзгө эч качан зар болбойт+. Келгиле, аны сөзгө жыгалы+, бир да сөзүнө көңүл бурбайлы»,— дешти. 19  Оо, Жахаба, мага назарыңды сал, мага каршы чыккандардын үнүн ук+. 20  Жакшылыкка жамандык менен жооп берген туурабы?+ Алар болсо менин жаным үчүн аң казып жатышат+. Алардан каарыңды кайт кылыш үчүн сенин алдыңда туруп, алар тууралуу жакшы сөздөрдү айтканымды эсте+. 21  Ошондуктан уулдарын ач калтыр+, аларды кылычтын мизине ал+. Аялдары балдарынан айрылсын, жесир калышсын+, эркектери айыккыс дарттан, эр-азаматтары майданда кылычтан кырылсын+. 22  Аларга күтүлбөгөн жерден каракчылардын тобун жибергениңде, үйлөрүнөн кыйкырык угулсун+. Анткени алар мени колго түшүрүш үчүн аң казышты, бутума жашыруун тузак тартышты+. 23  Бирок сен, оо, Жахаба, алардын мени өлтүрүш үчүн ойлогон ойлорун жакшы билесиң+. Алардын кылмышын кечирбе, күнөөсүн көз алдыңан кетирбе; алар сенин алдыңда чалынып жыгылсын+. Каарың кайнаган убакта аларга каршы чара көр+.

Шилтемелер