Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 15:1—21

15  Жахаба мага мындай деди: «Менин алдыма Муса+ менен Шемуел+ келсе да, жаным бул элге ырайым кылмак эмес+. Аларды кетирмекмин, жүз алдыман кууп жибермекмин+.  Эгер алар сага: „Анда биз эмне болобуз?“ — дешсе, аларга айт: „Жахаба мындай дейт: “Айыккыс дарттан өлө турган айыккыс дартка, кылычтан өлө турган кылычка, ачарчылыктан өлө турган ачарчылыкка дуушар болот+, туткунга кете турган туткунга айдалат!”“+  „Мен аларга төрт балээ жиберем+,— дейт Жахаба.— Өлтүрүшү үчүн кылычты, сүйрөп кетиши үчүн иттерди, жеши үчүн, кырышы үчүн асмандагы куштарды+ жана жердеги жырткычтарды жиберем.  Мен аларды Хиския уулу Менашенин, Жүйүт падышасынын, Иерусалимде кылган иштери үчүн жиберем+. Ошондо жер жүзүндөгү бардык падышалыктар титирейт+.  Оо, Иерусалим, сени ким аяйт? Сага ким боор ооруйт?+ Ал-жайыңды сурап, ким келет?“  „Сен мени таштап кеттиң+,— дейт Жахаба.— Артка кеттиң+. Ошондуктан колумду сага каршы сунуп, сени жок кылам+. Мен ырайым кылгандан чарчадым+.  Аларды бул жердин дарбазаларынан айры менен сапырам+, балдарынан ажыратам+. Элимди кырам, анткени алар өз жолдорунан бурулган жок+.  Жесирлери көз алдымда деңиз кумунан да көбөйдү. Мен чак түштө эне менен уланга кыргын салуучуну жиберем+. Алар күтүлбөгөн жерден дүрбөлөңгө түшөт, үрөйлөрү учат+.  Жетини төрөгөн аял алдан тайып, жаны дем ала албай кыйналып жатат+. Анын күнү күндүз эле батып калды+, уялып, жүзү кызарды“. „Мен алардын калдыгын душмандарынын көз алдында кылыч менен кырдырам“+,— дейт Жахаба». 10  Оо, эне, мен бир шордуу экем+. Сен мени бүт жер жүзү менен чатакташууга, талашып-тартышууга төрөптүрсүң+. Мен эч кимге карыз берген эмесмин, алган да эмесмин. Ошентсе да мени баары каргап жатат+. 11  Жахаба мындай деди: «Мен сени колдойм+. Башыңа мүшкүл түшкөн оор убакта+ сени душмандан коргойм+. 12  Кимдир бирөө темирди, түндүктүн темирин, жезди сындыра алабы? 13  Мен бардык жерлериңде кылган күнөөлөрүң үчүн байлыгыңды, кенчиңди бекер таратам+, талатып-тонотом+. 14  Анын баарын душмандарың сен билбеген жерге ташып кетет+. Анткени каарымдын оту тутанды+, силерге каршы жалындады». 15  Сен менин абалымды билесиң+. Оо, Жахаба, мени эстеп+, назар сал, мени куугунтуктагандардан өчүмдү ал+. Ачууланууга шашпаганыңдан улам жок болуп кетпейин+. Сен үчүн кордук көрүп жатканыма көңүл бур+. 16  Мен сөздөрүңдү кабыл алып, аларды жүрөгүмө түйдүм*+. Сөзүң мени шаттандырып+, жүрөгүмдү кубанычка бөлөдү+. Анткени, оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+, сенин ысмыңды алып жүрөм+. 17  Мен тамашачылдардын+ арасында отурган жокмун, көңүл ачкан жокмун+. Колуң үстүмдө болгондуктан, жалгыз отурдум+, анткени сен ичиме өкүмүңдү салдың+. 18  Эмне үчүн оорум басылбай+, жараатым айыкпай жатат?+ Ал эч сакайбай жатат. Сен мен үчүн алдамчы булактай+, ишенимсиз суудай болуп калдың+. 19  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: «Эгер кайрылып келсең, мен сага ырайым кылам+, сен менин алдымда турасың+. Эгерде баалууну пайдасыздан ажыратсаң, менин оозумдай болосуң. Алар сага кайрылып келишет, сен болсо аларга кайрылып барбайсың». 20  «Мен сени бул элдин арасында бекем жез дубал кылам+. Алар сени менен күрөшөт, бирок жеңе алышпайт+. Анткени сени куткарыш үчүн, сакташ үчүн мен сени мененмин+,— дейт Жахаба.— 21  Сени кара ниеттердин колунан куткарам+, зулумдардын колунан бошотом».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сөздөрүңдү таап, аларды жедим».