Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 14:1—22

14  Жахабанын Жеремияга кургакчылык жөнүндө айткан сөзү+:  Жүйүт аза күтүп жатат+, анын дарбазалары кыйрап+, жерде жатат+. Иерусалимдин да боздогон үнү асманга жетти+.  Аттуу-баштуулары карапайымдарын сууга жумшады+. Алар болсо аңдарга барып, суу таппай+, бош идиштерин көтөрүп кайтышты. Уят болушту+, көңүлдөрү кайт болду, баштарын чүмкөштү+.  Жерге нөшөр төкпөй, кыртыш жарылды+. Дыйкандар уят болушту, баштарын чүмкөштү+.  Марал тууп, көк чөп жок болгондуктан, чаарчыгын талаага таштап кетти.  Зебралар+ такыр адырларга токтошту, чөөлөргө окшоп, оор дем алып жатышат. Чөп жок болгондуктан, көздөрү тунарды+.  Күнөөлөрүбүз өзүбүзгө каршы күбөгө өтүп жатса да, оо, Жахаба, сен өз ысмың үчүн тийиштүү чара көрө көр+. Себеби биздин ишенимсиздик менен кылган иштерибиз көп+. Биз сага каршы күнөө кылып келдик+.  Оо, Ысрайылдын үмүтү+, башына мүшкүл түшкөн убактагы+ Куткаруучусу+, сен эмне үчүн бул жерде келгиндей, түнөккө токтогон жолоочудай болуп калдың?+  Эмне үчүн сен дал болуп туруп калган кишидей, эч кимди куткара албаган баатырдай болуп калдың?+ Жахаба, сен биздин арабыздасың+, биз сенин ысмың менен аталабыз+. Бизди таштап кетпе. 10  Жахаба бул эл жөнүндө мындай дейт: «Алар тентигенди жакшы көрүшөт+, буттарын тыйышпайт+. Ошон үчүн Жахаба аларды жактырбайт+. Эми алардын кылмышын эстейт, күнөөлөрүнө көңүл бурат»+. 11  Жахаба мага мындай деди: «Бул эл үчүн тиленбе, аларга жакшылык сураба+. 12  Орозо тутушканда, мен алардын жалбарган үнүн укпайм+. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгын чалышканда, ыраазы болбойм+. Аларды кылыч, ачарчылык, жугуштуу оору менен кырам»+. 13  Ошондо мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Пайгамбарлар аларга: „Силер кылыч көрбөйсүңөр, ачка калбайсыңар, ушул жерден силерге чыныгы тынчтык берем“,— деп жатышат»,— дедим+. 14  Жахаба мага мындай деди: «Пайгамбарлар менин атыман жалган пайгамбарлык кылып жүрүшөт+. Аларды мен жиберген эмесмин, аларга эч кандай буйрук берген эмесмин, сүйлөгөн да эмесмин+. Алардын силерге айткан пайгамбарлыктары — жалган аян+, төлгө, куру сөз, жүрөктөрүнүн анткорлугу+. 15  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „Мен жибербесем да, менин атыман пайгамбарлык кылып: “Бул жерге кылыч да, ачарчылык да келбейт”,— деп жүргөн пайгамбарлар кылычтан, ачарчылыктан өлөт+. 16  Алар кайсы элге пайгамбарлык кылышса, ошол эл да ачарчылыктан, кылычтан сулайт, өлүктөрү Иерусалимдин көчөлөрүнө ташталат. Аларды да, алардын аялдарын да, уул-кыздарын да эч ким көмбөйт+. Кыянат иштери үчүн алардын башына алаамат түшүрөм“+. 17  Аларга буларды айт: „Көзүмөн күнү-түнү жаш куюлсун, токтобосун+. Анткени элимдин кызы чоң бүлгүнгө учурады+, катуу соккудан айыккыс жараат алды+. 18  Талаага чыксам — кылычтан кырылгандар!+ Шаарга кирсем — ачарчылыктан илдетке чалдыккандар!+ Пайгамбары да, дин кызматчысы да бөтөн жерге кетти“»+. 19  Сен Жүйүттү биротоло четке кактыңбы?+ Жаның Сионду жек көрүп калдыбы?+ Эмне үчүн бизге айыккыс кылып сокку урдуң?+ Биз тынчтыкты күткөнбүз, бирок эч жакшылык көргөн жокпуз, айыгар маалды күткөнбүз, бирок коркунуч басты!+ 20  Оо, Жахаба, биз ыймансыз экенибизди, ата-бабаларыбыздын күнөөгө батканын мойнубузга алабыз+, анткени сага каршы күнөө кылып келдик+. 21  Өз ысмың үчүн бизди четке какпа+, даңктуу тактыңдын баркын кетирбе+. Биз менен түзгөн келишимиңди эсте+, буза көрбө. 22  Башка элдердин пайдасыз буркандарынын+ арасында жаан жаадыра алгандары барбы? Же асман өзүнөн өзү нөшөр төгө алабы?+ Оо, Жахаба Кудайыбыз, буларды кылган сен эмессиңби?+ Биз сага үмүт артабыз, анткени мунун баарын сен жасайсың+.

Шилтемелер