Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 12:1—17

12  Оо, Жахаба, сага даттанганымда, доомду айтканымда, адилеттик кыласың+. Эмне үчүн ыймансыздар өз жолунда ийгиликке жетип+, ишенимсиздердин баары бейкапар жашашат?  Аларды сен отургуздуң. Алар тамыр жайып, өсүп, мөмө байлашты. Сени ооздорунан түшүрүшпөйт, бирок жүрөктөрү* сенден алыс+.  Жахаба, сен мени жакшы билесиң+, мени көрүп турасың. Жүрөгүмдү, сага болгон берилгендигимди текшересиң+. Аларды союла турган койлордой кылып+, өлө турган күнүнө бөлүп кой.  Жер качанга чейин какшып+, талаадагы өсүмдүктөр куурай берет?+ Анын тургундарынын кыянаттыгынан улам жаныбарлар менен канаттуулар жок болуп кетти+. Анткени эл: «Ал биздин эмне болорубузду билбейт»,— деген эле.  Сен жөө жүргөндөр менен жарышканда чарчасаң, анда аттар менен кантип жарышасың?+ Бейпил жерде коопсуз жүрөсүңбү?+ Анда Иордандын жээгиндеги калың бадалдын арасында кантесиң?+  Атүгүл бир туугандарың менен атаңдын үйүндөгүлөрү да сага чыккынчылык кылышкан+, артыңан кыйкырышкан. Алар сага жакшы сүйлөшсө да, ишенбе+.  «Мен үйүмдү таштадым+, мурасымды калтырдым+. Жаным жакшы көргөн элди душмандарынын колуна салып бердим+.  Мурасым мен үчүн токойдогу арстандай болуп калды. Мага арылдады. Ошон үчүн мен аны жек көрүп калдым+.  Мурасым+ мен үчүн жүнү кооз жырткыч куштай. Ал жырткыч куштардын курчоосунда калды+. Талаа жаныбарлары, баарыңар чогулуп келгиле; алар азыктанганы чогулсун+. 10  Көп койчулар+ жүзүмзарымды бүлдүрүштү+, үлүшүмдү тебелеп-тепсешти+, жакшы көргөн үлүшүмдү+ ээн талаага айлантышты. 11  Ал ээн талаага айланды+, кагырап, көз алдымда ээн калды+. Бүт жерде бир да жан жашабай калды, анткени буга эч ким маани берген эмес+. 12  Чөлдөгү тапталган бардык чыйырлар аркылуу талап-тоноочулар келди. Анткени Жахабанын кылычы жердин бир четинен экинчи четине чейин кыргын салып жатат+. Баары тынчтыктан ажырады. 13  Алар буудай эккен эле, бирок тикенек оруп алышты+. Жанын сабап иштешкен эле, бирок мээнети талаага кетти+. Жахабанын жалындаган каарынан улам алар алган түшүмүнөн уялышат». 14  Жахаба мындай дейт: «Ысрайыл элимдин мурасына кол салган+ кара ниет кошуналарымдын+ баарын тамыры менен жулуп таштайм+, арасынан Жүйүт үйүн да жулуп таштайм+. 15  Аларды тамыры менен жулуп таштагандан кийин кайрадан кайрымдуулук көрсөтүп+, ар бирин өз мурасына, өз жерине алып келем»+. 16  «Алар элимди Баалды оозанып ант берүүгө үйрөтүшкөндөй+, элимдин жолдору менен жүрүүгө жана „Жахаба тирүү!“ деп менин ысмым менен ант берүүгө+ үйрөнүшсө, анда элимдин арасында жашашат+. 17  Тил албай турган болушса, ал элди тамыры менен жулуп, жок кылам»+,— дейт Жахаба.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрү».