Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 11:1—23

11  Жахабанын Жеремияга айткан сөзү:  «Бул келишимдин сөздөрүн уккула! Аларды Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундарына айт+.  Аларга мындай де: „Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: “Бул келишимдин сөздөрүн укпаган адамга каргыш тийсин+.  Ал сөздөрдү мен ата-бабаларыңарга аларды Мисир жеринен+, темир эритүүчү мештен, алып чыккан+ күнү айтып: “Мени уккула, берген буйруктарымдын баарын аткаргыла+. Ошондо менин элим болосуңар, мен силердин Кудайыңар болом+.  Ушул күндөгүдөй, ата-бабаларыңарга сүт менен бал аккан жерди+ берем деген антымды аткарам”,— дегем”“»+. Буга мен: «Оомийн*, Жахаба»,— дедим.  Жахаба мага мындай деди: «Бул сөздөрдүн баарын Жүйүт шаарларында, Иерусалим көчөлөрүндө жарыялап+, мындай де: „Бул келишимдин сөздөрүн уккула да, аткаргыла+.  Мен ата-бабаларыңарга аларды Мисир жеринен алып чыккан күндөн тартып ушул күнгө чейин: “Тилимди алгыла”,— деп катуу эскертип келгем+, эрте туруп эскертип келгем+.  Бирок алар угушкан эмес+, кулак салышкан эмес, тескерисинче, ар кимиси өзүнүн бузулган жүрөгүнүн өжөрлүгү боюнча жүргөн+. Ошондуктан мен ушул келишимде айтылгандардын баарын алардын башына түшүрдүм. Мен аларды аткарууну буйрук кылгам, бирок алар аткарышкан жок“».  Анан Жахаба мага мындай деди: «Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундары мага каршы козголоң чыгарганы жатышат+. 10  Алар менин сөздөрүмдү угуудан баш тарткан байыркы ата-бабаларынын күнөөлөрүнө+, башка кудайлардын артынан ээрчип, ошолорго кызмат кылгандардын күнөөлөрүнө кайрылышты+. Ысрайыл үйү менен Жүйүт үйү алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушту+. 11  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „Мына, мен аларга алаамат каптатам+, алар андан кутула алышпайт+. Жардамга чакырышса да, аларды укпайм+. 12  Ошондо Жүйүт шаарлары менен Иерусалимдин тургундары барып, өздөрү курмандык түтүнүн түтөтүп жүргөн кудайларын жардамга чакырышат+. Бирок ал кудайлар аларды алааматтан куткара албайт+. 13  Оо, Жүйүт, сен кудайларыңдын санын шаарларыңдын санындай көбөйттүң+. Иерусалимде канча көчө болсо, өзүңдү уятка калтырган+ Баалга курмандык түтүнүн түтөтүш үчүн+ ошончо курмандык жайын курдуң“. 14  Сен болсо бул эл үчүн тиленбе, алар үчүн жалынып-жалбарба+, анткени алаамат каптаганда мени чакырышса да, укпайм+. 15  Көпчүлүгү арам ойлорун+ ишке ашырып жатканда+, сүйүктүү элим менин үйүмдө эмне кылып жүрөт?+ Алаамат келгенде, курмандыктардын ыйык эти сени сактап калабы?+ Ошол кезде шаттанасыңбы?+ 16  Жахаба сени „мөмөсү да, көрүнүшү да көздүн жоосун алган шактуу зайтун дарагы“ деп атаган эле+. Бирок ал зайтун дарагына от койду, ал дуулдап күйдү, бутактары сынды+. 17  Сени тиккен+ асман аскерлеринин Кудайы Жахаба сага алаамат каптатарын айтты+. Анткени Ысрайыл үйү менен Жүйүт үйү Ага акарат кылуу үчүн Баалга курмандык түтүнүн түтөтүп, кыянаттык кылып келишти»+. 18  Жахаба мага билсин деп айтып берди. Ошол убакта мага алардын иштерин көрсөттү+. 19  Мен болсо союуга жетеленип бараткан жоош козудай элем+, алардын: «Даракты мөмөлөрү менен кошо кыйып таштайлы, аны тирүүлөр жашаган жерден+ жок кылалы, мындан ары ысмы эскерилгис болсун» — деп, мага кара ниеттик кылууну ойлоп жатышканын билбептирмин+. 20  Бирок асман аскерлеринин Кудайы Жахаба адилдик менен соттойт+, ал адамдын жан дүйнөсүн*, жүрөгүн изилдейт+. Оо, сенин алардан өч алганыңды көрсөм экен, анткени доомду сага ачып бердим+. 21  «Жахабанын атынан пайгамбарлык кылба+, болбосо сени өз колубуз менен өлтүрөбүз»,— деп жаныңды алгысы келген Анатоттун+ тургундары жөнүндө Жахаба мындай дейт, 22  ошон үчүн асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: «Мен аларды жазалайм+. Эр-азаматтары кылычтан кырылат, уул-кыздары ачкадан өлөт+. 23  Алардан калдык да калбайт, анткени мен Анатоттун+ тургундарына алаамат каптатам, ошол жылы аларды жазалайм»+.

Шилтемелер

Же: «Ушундай болсун».
Сөзмө-сөз: «бөйрөктөрүн».