Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 10:1—25

10  Оо, Ысрайыл үйү, Жахабанын силерге айткан сөзүн уккула.  Жахаба мындай дейт: «Башка элдердин жолуна түшпөгүлө+, элдер асман жышаандарынан коркушса да+, силер коркпогула.  Анткени элдердин салттары+ — буу. Бирөө токойдон дарак кыйып келди+, уста болсо аны колундагы жонгуч менен жонду+.  Анан алтын-күмүш менен кооздоп+, ордунан козголбошу үчүн, балка менен кагып, мык менен бекитишти+.  Алар бадыраң өскөн талаадагы каракчыдай, сүйлөй алышпайт+. Бир да кадам шилтей алышпагандыктан+, аларды көтөрүп жүрүшөт. Алардан коркпогула, анткени алар жамандык да, жакшылык да кыла алышпайт»+.  Оо, Жахаба, сага теңдеш эч ким жок+. Сен улуусуң, ысмың да улуу, кудуреттүү+.  Оо, элдердин Падышасы+, сенден ким коркпосун+, анткени сен ушуга татыктуусуң. Бүт элдердин акылмандарынын арасында, алардын бүт падышалыктарында сага теңдеш эч ким жок+.  Алар болсо түркөй, акылсыз+. Дарак аларды куру иштерге үйрөтөт+.  Таршыштан+ жалпайтылган күмүш, Упаздан алтын алып келинет+. Зергер менен уста аларды колу менен иштетет. Аларга көк, кызгылт көк жүндөн кийим кийгизишет. Ушунун баарын кол өнөрчүлөр жасайт+. 10  Бирок Жахаба — чынында эле, Кудай+. Ал — тирүү Кудай+, түбөлүктөн түбөлүккө Падыша+. Ал ачууланганда, жер солкулдайт+, анын өкүмүнө бир да эл туруштук бере албайт+. 11  Аларга: «Асман менен жерди жаратпаган кудайлар+ жер үстүнөн жоголот+, асман астынан жок болот»,— дегиле. 12  Ал жерди кудурети менен жараткан+, түшүмдүү жерди акылмандыгы менен бекем орноткон+, асманды акылы менен жайган+. 13  Анын үнү угулганда, асмандагы суулар шаркырайт+. Ал жердин учу-кыйырынан буу көтөрөт+, жаанга тосмо коёт+, кампаларынан шамал чыгарат+. 14  Акылсыздык кылганынан адамдын билиминин жоктугу билинет+. Ар бир темир уста оюп жасаган бурканынын айынан уят болот+, анткени анын куйма бурканы — жалгандык+. Алардын руху жок+. 15  Алар — курулай убаракерчилик, шылдың+. Жазаланар убагы келгенде кыйратылышат+. 16  Ал эми Жакыптын Кудайы*+ алардай эмес. Анткени ал — бардыгынын Жаратканы+. Ысрайыл — анын мурасынын таягы+. Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. 17  Оо, азап тартып жаткан аял+, жерден буюмдарыңды чогултуп ал+. 18  Анткени Жахаба мындай дейт: «Ошондо мен жердин тургундарын салмоор менен ыргыткандай ыргытам+. Алар түшүнүшү үчүн, баштарына мүшкүл түшүрөм»+. 19  Жараатым ырбап, шорум катты!+ Сокку жеп кыйналып жатам. Ошондуктан мындай дедим: «Бул менин оорум экен, демек, чыдашым керек+. 20  Чатырым бүлгүнгө учурап, жиптери үзүлдү+. Мени уулдарым таштап кетти, бири да калган жок+. Чатырымды тигип, анын жабууларын тарта турган эч ким жок. 21  Койчулар акылсыздык кылышты+, Жахабаны издешкен жок+. Ошон үчүн акыл менен иш кылышкан жок, оттоп жүргөн малы башы оогон жакка жайылып кетти»+. 22  Уккула! Мына, кабар келди, түндүктөн катуу добуш угулду+. Анткени Жүйүт шаарлары ээн калат, чөөлөрдүн ийинине айланат+. 23  Оо, Жахаба, мен пенденин жолу өз эркинде эмес экенин билем. Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт+. 24  Оо, Жахаба, жок болбошум үчүн+, мени каарың менен эмес+, акыйкаттыгың менен оңдоп-түзө+. 25  Каарыңды өзүңдү барк албаган+ элдерге+, ысмыңды чакырбаган улуттарга төк+. Анткени алар Жакыпты жеп-жутушту+. Жеп-жутушту, кырышты+, анын турак жайын ээн калтырышты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Үлүшү».