Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жеремия 1:1—19

1  Хилкия уулу Жеремиянын+ — Бенжемин+ жериндеги Анатоттогу+ дин кызматчылардын биринин — сөздөрү.  Ага Жүйүт падышасы Амон+ уулу Жошиянын+ күндөрүндө, анын падышалыгынын он үчүнчү жылында+ Жахабанын сөзү айтылды.  Ал сөз Жүйүт падышасы Жошия уулу Жаякимдин күндөрүндө+, Жүйүт падышасы Жошия уулу Ситкиянын он биринчи жылынын+ акырына чейин, Иерусалимдин тургундары бешинчи айда+ туткунга кеткенге чейин айтылды.  Жахаба мага мындай деди:  «Мен сени энеңдин ичинде калыптай элегимде эле+ билчүмүн+. Сени жатындан чыга элегиңде эле ыйыктап+, элдерге пайгамбар кылып койгом».  Бирок мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, мен сүйлөгөндү билбейм+, өтө жашмын»,— дедим+.  Жахаба мага мындай деди: «„Өтө жашмын“,— дебе. Мен сени кимдерге жиберсем, ошолордун баарына барасың. Эмнени буйрук кылсам, ошонун баарын айтасың+.  Алардан коркпо+, анткени Жахаба: „Сени куткарыш үчүн мен сени мененмин“,— дейт»+.  Андан соң Жахаба колун сунуп, оозума тийгизди+. Жахаба мага мындай деди: «Мына, мен сөздөрүмдү оозуңа салдым+. 10  Тамырын жулуш үчүн, талкалаш үчүн, жок кылыш үчүн, кыйратыш үчүн, куруш үчүн+, тигиш үчүн бүгүн сени элдердин+, падышалыктардын үстүнөн койдум»+. 11  Жахаба сөзүн улап, менден: «Жеремия, эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. Мен: «Бадам дарагынын* бутагын көрүп турам»,— дедим. 12  Анан Жахаба: «Туура. Анткени мен сөзүмдү аткарыш үчүн ойгоо* турам»,— деди+. 13  Жахаба мага экинчи ирет кайрылып: «Эмнени көрүп турасың?» — деп сурады. Мен: «Астына от жагылган чоң казанды көрүп турам. Анын оозу түндүктөн түштүккө ооп турат»,— дедим. 14  Ошондо Жахаба мага мындай деди: «Бул жердин тургундарынын баарына түндүктөн алаамат келет+. 15  „Мен түндүктөгү падышалыктардын бүт урууларын чакырып жатам,— дейт Жахаба+.— Алар келип, Иерусалимдин дарбазаларынын+ жанына жана анын бардык дубалдарынын, Жүйүттүн бардык шаарларынын+ тушуна тактыларын коюшат. 16  Мен аларга бардык кыянат иштери үчүн чыгарган өкүмдөрүмдү жарыялайм+. Анткени алар мени таштап+, башка кудайларга курмандык түтүнүн түтөтүп+, колдору менен жасаган нерселерине таазим кылып келатышат“+. 17  Сен болсо этегиңди белиңе кыстарып+, ордуңан тур да, сага буйруганымдын баарын айт. Алардан коркуп, үрөйүң учпасын+. Болбосо алардын алдында үрөйүңдү мен учурам. 18  Бүт өлкөгө, Жүйүт падышаларына, төрөлөрүнө, дин кызматчыларына, бул жердин элине+ туруштук беришиң үчүн+ бүгүн сени чептүү шаар, темир мамы, жез дубал+ кылып койдум. 19  Алар сени менен күрөшөт, бирок жеңе албайт+. Анткени Жахаба: „Сени куткарыш үчүн+ мен сени мененмин“,— дейт»+.

Шилтемелер

Евр. шакед, «ойгонгон»; эрте жазда гүлдөгөн дарактардын бири.
Евр. шокед, Жр 1:11-аяттагы шакед деген сөзгө уйкаш.