Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 9:1—11

9  Андан соң ал үнүн бийик чыгарып, мага угуза: «Шаарды жазалаганы чыккандардын ар бири колуна кыйратуучу куралын алып, жакын келсин!» — деди.  Ошондо түндүктү караган жогорку дарбаза+ жактан ар биринин колунда кыйратуучу куралы бар алты киши көрүндү. Арасында куруна катчынын сыя кутусун кыстарган зыгыр кийимчен+ бир киши бар экен. Алар ичкери кирип, жез курмандык жайынын+ жанына токтошту.  Ысрайыл Кудайынын даңкы+ керуптардын+ үстүнөн үйдүн босогосуна келди+. Анан Ал белине катчынын сыя кутусун кыстарган зыгыр кийимчен+ кишини чакырды.  Жахаба ага: «Иерусалим шаарын аралап, андагы бардык жийиркеничтүү иштерден улам+ үшкүрүнүп, онтоп жаткан кишилердин+ маңдайына белги коюп чык»,— деди.  Анан калгандарына мындай дегенин уктум: «Мунун артынан баргыла, шаарды аралап, элди кыргыла. Көзүңөр аябасын, бооруңар оорубасын+.  Карыяны, улан-кызды, кичинекей бала менен аялды+ — баарын өлтүргүлө, кыргыла. Бирок маңдайында белгиси бар бир да кишиге тийбегиле+. Менин ыйык жайыман баштагыла»+. Ошондо алар үйдүн алдында турган карыялардан баштады+.  Анан аларга: «Үйдү арамдагыла, короолорду өлүккө толтургула+. Жөнөгүлө!» — деди. Алар барды да, шаардагыларды кыра баштады.  Тигилер мага тийбей, элди кырып жатканда, мен жүзтөмөндөп жыгылып+: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба!+ Иерусалимге каарыңды төгүп, Ысрайылдын калдыгын бүтүндөй кырып таштайсыңбы?»+ — деп кыйкырып жибердим.  Ошондо ал мага мындай деди: «Ысрайыл менен Жүйүт үйүнүн+ кылмышы оор, өтө оор+. Жер канга+, шаар арамзалыкка толду+. Алар: „Жахаба бул жерди таштап кетти+, Жахаба эч нерсе көрбөйт“,— деп жатышат+. 10  Ошон үчүн көзүм аябайт+, боорум оорубайт+. Мен аларды өздөрүнүн жолуна жараша жоопко тартам»+. 11  Анан белине катчынын сыя кутусун кыстарган зыгыр кийимчен киши кайтып келди да: «Мен бардыгын сен буйругандай кылдым»,— деди+.

Шилтемелер