Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 8:1—18

8  Алтынчы жылдын алтынчы айында, айдын бешинчи күнүндө мен үйүмдө отургам, алдымда Жүйүт аксакалдары отурган+. Ошондо Эгедер Теңир Жахаба үстүмө колун койду+.  Мен от сыяктуу бирөөнү көрдүм+. Анын белиндей көрүнгөн жеринен ылдый от күйүп+, белинен өйдө алтын менен күмүштүн эритиндиси жаркырап жаткандай көрүндү+.  Ал колго окшогон бир нерсени сунуп+, мени чачыман алды. Ошондо рух мени асман менен жердин ортосуна көтөрүп+, Кудайдын аяндары аркылуу Иерусалимге+, түндүктү караган ички дарбазанын алдына+, кызганыч бурканы+ турган жерге алып келди.  Ал жерден мен өрөөндөн көргөндөгүдөй Ысрайыл Кудайынын даңкын көрдүм+.  Ал мага: «Адам уулу, түндүккө көз чаптырчы»,— деди. Мен түндүккө көз чаптырып, курмандык жайынын дарбазасынын түндүк жагынан, кире бериштен кызганыч бурканын+ көрдүм.  Анан ал мага: «Адам уулу, булардын кандай жийиркеничтүү нерселерди кылып жатканын көрдүңбү?+ Мен ыйык жайымдан алысташым үчүн, Ысрайыл үйүнүн бул жерде эмне кылып жатканын көрдүңбү?+ Бирок мындан да көп жийиркеничтүү нерселерди көрөсүң»,— деди.  Андан соң ал мени короонун кире беришине алып келди. Мен дубалдан бир тешикти көрдүм.  Ошондо ал мага: «Адам уулу, дубалды ой»+,— деди. Мен дубалды оюп, кандайдыр бир кире беришти көрдүм.  Анан ал: «Кирип, ал жерде кандай жийиркеничтүү нерселер жасалып жатканын көр»,— деди+. 10  Мен кирип, бүт дубалга ар кандай сойлоочулардын, арам жаныбарлардын+ сөлөкөтүнүн+, Ысрайыл үйүнүн заңдай жийиркеничтүү буркандарынын+ оюп түшүрүлгөнүн көрдүм. 11  Алардын алдында Ысрайыл үйүнүн аксакалдарынан 70 киши+ туруптур, арасында Шапан+ уулу Жазания да бар экен. Ар бири колуна жыпарзат түтөтүлчү идиш кармап туруптур. Жыпарзаттын коюу түтүнү жогору көтөрүлүп жатты+. 12  Анан ал мага мындай деди: «Адам уулу, Ысрайыл үйүнүн аксакалдарынын караңгыда+, оюп жасалган сөлөкөттөрү бар ички бөлмөлөрдө эмне кылып жатканын көрдүңбү? Алар: „Жахаба бизди көрбөйт+. Жахаба бул жерди таштап кетти“,— деп жатышат». 13  Андан кийин: «Алардын мындан да көп жийиркеничтүү нерселерди кылып жатканын көрөсүң»,— деди+. 14  Ал мени Жахабанын үйүнүн түндүктү караган дарбазасынын алдына алып келди. Ал жерден мен Таммуз кудайын жоктоп ыйлап отурган аялдарды көрдүм. 15  Ошондо ал мага: «Адам уулу, көрдүңбү? Эми мындан да жийиркеничтүү нерселерди көрөсүң»,— деди+. 16  Анан мени Жахабанын үйүнүн ички короосуна+ алып келди. Жахабанын ибадатканасынын кире беришинде, мунара менен курмандык жайынын ортосунда+ 25тей киши+ Жахабанын ибадатканасына аркасын салып+, жүзүн чыгышка буруп, чыгыштагы күнгө таазим кылып жатышыптыр+. 17  Ал мага мындай деди: «Адам уулу, көрдүңбү? Жүйүт үйүнүн бул жакта жийиркеничтүү нерселерди кылганы аз келгенсип, жерди зордук-зомбулукка толтуруп+, мага кайрадан акарат кылып жатышат, мурдума жийиркеничтүү нерсесин* сунуп жатышат. 18  Ошондуктан мен да каарым менен чара көрөм+. Көзүм аябайт, боорум оорубайт+. Алар кулагыма катуу кыйкырышса да, мен укпайм»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чыбыгын». Ал чыбыктын бурканга табынууда колдонулганы шексиз.