Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 6:1—14

6  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, жүзүңдү Ысрайыл тоолоруна бур+, аларга пайгамбарлык кылып+,  мындай де: „Оо, Ысрайыл тоолору, Эгедер Теңир Жахабанын сөзүн уккула+. Эгедер Теңир Жахаба тоолор менен адырларга+, дарыялар менен өрөөндөргө мындай дейт: “Мен мындамын! Мен силерге каршы кылыч жиберем, бийик жерлериңерди кыйратам+.  Курмандык жайларыңар, жыпарзат түтөткүчтөрүңөр талкаланат+, өлтүрүлгөн кишилериңерди заңдай жийиркеничтүү буркандарыңардын алдына ыргытам+.  Ысрайыл уулдарынын өлүктөрүн заңдай жийиркеничтүү буркандарынын алдына коём, сөөктөрүңөрдү курмандык жайларыңардын тегерегине чачам+.  Жашаган жерлериңердеги+ шаарлар талкаланат+, бийик жерлер кыйратылып, урандыга айланат+, курмандык жайларыңар талкаланат+, заңдай жийиркеничтүү буркандарыңар жок кылынат+, жыпарзат түтөткүчтөрүңөр сындырылат, колуңар менен жасаган нерселериңер кыйратылат+.  Ошондой эле араңарда өлтүрүлгөндөр сулайт+, ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер+.  Бирок мен силерден калдык калтырам, башка жерлерге чачырап кеткениңерде, элдердин арасында айрымдарыңарды кылычтан аман алып калам+.  Аман калгандарыңар кайсы элдердин арасына туткундалып кетсе, ошол жактан мени эстешет+. Жүрөктөрүнүн бузулуп, менден баш тартканы+, көздөрүнүн бузуктукка берилип, заңдай жийиркеничтүү буркандардын артынан ээрчип жүргөнү+ жүрөгүмдү оорутканын эстешет. Өздөрүнүн кылган жаман иштеринен, ыпылас нерселеринен жийиркенишет, беттери кызарат+. 10  Алар менин Жахаба экенимди, алардын башына ушундай алаамат каптатарымды+ бекеринен айтпаганымды билишет”“+. 11  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Алаканыңды чаап+, бутуң менен жер тээп, Ысрайыл үйүнүн бардык жийиркеничтүү иштери үчүн “каран түн түштү!” де+, анткени алар кылычтан+, ачарчылыктан+, жугуштуу оорудан өлүшөт+. 12  Алыстагылар+ жугуштуу оорудан өлөт, жакындагылар кылычтан сулайт, ал эми аман калгандар менен куткарылгандар ачарчылыктан өлөт. Мен аларга кайнаган каарымды ушинтип басам+. 13  Өлтүрүлгөндөрү заңдай жийиркеничтүү буркандарынын арасында+, курмандык жайларынын тегерегинде+, ар кайсы бийик дөбөдө+, бардык тоолордун чокуларында+, ар бир шактуу дарактын+, ар бир бутактуу чоң бактын астында+, заңдай жийиркеничтүү буркандарына жагымдуу жыт чыгарышкан жайларында жатканда+, силер менин Жахаба экенимди билесиңер+. 14  Мен колумду аларга каршы сунуп+, бул жерди ээн калтырам, алар жашаган бардык жерлерди Дибла тараптагы чөлдөн да ээн кылам. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“».

Шилтемелер