Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 5:1—17

5  Сен болсо, адам уулу, курч кылыч ал. Ал сага сакал алган кишинин устарасындай болсун. Сакалың менен башыңдагы чачыңды кыр+. Тараза ал да, чачыңды өз-өзүнчө бөл.  Курчоо күндөрү аяктаганда+, чачыңдын үчтөн бир бөлүгүн шаардын ортосунда өрттө. Үчтөн бир бөлүгүн шаардын айланасында кылыч менен кескиле+. Калган үчтөн бир бөлүгүн шамалга сапырып жибер. Ошондо мен кылычты кынынан сууруп, алардын артынан жиберем+.  Акыркы бөлүгүнөн бир аз алып, этегиңе түйүп кой+.  Дагы бир азын отко ыргытып, өрттөп жибер. Ал от бүт Ысрайыл үйүн каптайт+.  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Бул Иерусалимди билдирет. Мен аны элдердин арасына жайгаштырдым, аны башка жерлер курчап турат.  Ал менин өкүмдөрүмө каршы чыгып, бөлөк элдердикинен да жаман иштерди кылды+, көрсөтмөлөрүмдү четке кагып, өзүн курчап турган жердегилерден да жаман ишке барды. Эл өкүмдөрүмдү жерип, көрсөтмөлөрүм боюнча жүргөн жок“+.  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Силер айланаңардагы элдерден да козголоңчул болдуңар+, көрсөтмөлөрүм боюнча жүргөн жоксуңар, өкүмдөрүмө карманган жоксуңар+. Анын ордуна айланаңардагы элдердин өкүмдөрүнө карманып жүрдүңөр+.  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, шаар, мен сага каршы чыгам+, сага чыгарган өкүмдөрүмдү элдердин көзүнчө ишке ашырам+.  Бардык жийиркеничтүү иштериң үчүн сенде буга чейин кылбаган, мындан ары да кылбай турган иштерди кылам+. 10  Сенин ичиңде аталар уулдарын, уулдар аталарын жейт+. Сага чыгарган өкүмдөрүмдү аткарам, элиңдин калдыгын туш тарапка* чачыратып жиберем”“+. 11  „Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— ыйык жайымды жийиркеничтүү нерселериң, ыпылас иштериң менен+ арамдаганың үчүн+, саныңды азайтам+. Сени көзүм аябайт+, сага боорум оорубайт+. 12  Элиңдин үчтөн бир бөлүгү жугуштуу оорудан+, ачарчылыктан кырылат+. Үчтөн бир бөлүгү айланаңда кылычтан өлөт. Калган үчтөн бир бөлүгү туш тарапка чачырап кетет+, мен кылычты кынынан сууруп, алардын артынан жиберем+. 13  Ошондо ачуум басылат+, аларга кайнаган каарымды кайт кылып+, тынчтанам+. Каарым басылганда, алар муну мен, Жахаба, толук берилгендикти талап кылгандыктан+ айтканымды билишет. 14  Мен сени айланаңдагы элдердин арасында, жаныңан өтүп бараткандардын көз алдында ээн жерге айлантам, маскара кылам+. 15  Сага чыгарган өкүмүмдү ачуум менен, каарым менен ишке ашырганымда, сени каарым менен жазалаганымда+, маскара болосуң+, сөзгө каласың+, айланаңдагы элдерге сабак болосуң+, алардын үрөйү учат. Муну мен, Жахаба, айттым. 16  Мен ачарчылыктын коркунучтуу жебелерин жаадырганымда+, силер кыргынга учурайсыңар+. Араңарда ачарчылыкты күчөтөм, ортосу оюк токочтор илинип турган таяктарыңарды сындырам+. 17  Силерге ачарчылык, коркунучтуу жырткычтарды жиберем+, алар сени балдарыңан ажыратат. Сени жугуштуу оору+, кан аралап өтөт+; сага каршы кылыч жиберем+. Муну мен, Жахаба, айттым“».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ар бир шамалга».