Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 45:1—25

45  „Жерди мурас катары бөлгөнүңөрдө+ Жахабага тартуу+, ыйык үлүш бөлүп койгула+. Узундугу 25 000, туурасы 10 000 чыканак болсун+. Ал бүт бойдон ыйык үлүш болот.  Ошол жерден ыйык жай үчүн узундугу 500, туурасы 500 чарчы жер бөлүнсүн+; анын төрт тарабында тең 50 чыканактан жайыты болот+.  Өлчөнгөн жерден узундугу 25 000, туурасы 10 000 чыканак жер бөлүп кой. Анда ыйык жай, абдан ыйык жай болот+.  Ал жердеги ыйык үлүш ыйык жайда кызмат кылып, Жахабага жакындап жаткан+ дин кызматчыларга таандык болот+. Ошол жерде алардын үйлөрү жайгашып, ыйык жай үчүн ыйык жер болот.  Узундугу 25 000, туурасы 10 000 чыканак+ жер лебилерге, Үйдүн кызматчыларына, таандык болот. Алардын ээлигинде жыйырма ашкана болот+.  Ыйык тартуунукундай эле, шаардын үлүшүнө узундугу 25 000, туурасы 5 000 чыканак жер бергиле+. Ал бүт Ысрайыл үйүнө таандык болот.  Ыйык тартуунун жана шаардын үлүшүнүн эки тарабында, ыйык тартуунун жанында, шаардын үлүшүнүн жанында төрөгө бөлүнгөн жер болот+. Ал батыш тараптан батыш чек арага, чыгыш тараптан чыгыш чек арага чейин созулат. Батыш чек арадан чыгыш чек арага чейин+ анын узундугу уруулардын үлүшүнүкүндөй болот.  Ал жер анын Ысрайылдагы үлүшү болот. Ошондон кийин менин төрөлөрүм элиме жаман мамиле кылышпайт+. Алар жерди Ысрайыл үйүнө уруулары боюнча бөлүп беришет“+.  Эгедер Теңир Жахаба: „Оо, Ысрайыл төрөлөрү, силер чектен чыгып кеттиңер“,— дейт+. „Зордук-зомбулукту, талап-тоноочулукту токтоткула+, акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылгыла+. Элимдин мүлкүнө кол салганыңарды токтоткула+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— 10  Таразаңар да, эйфаңар да, батыңар да так болсун+. 11  Эйфа менен бат бирдей өлчөмдө болсун. Бат* хомердин* ондон бир бөлүгүнө барабар болсун, хомердин ондон бир бөлүгү эйфага*+ барабар болсун. Алардын көлөмү хомер менен өлчөнсүн. 12  Бир шекел*+ жыйырма герага* барабар+. Жыйырма шекел, жыйырма беш шекел жана он беш шекел бир манени түзсүн“. 13  „Бир хомер буудайдан эйфанын алтыдан бир бөлүгүн, бир хомер арпадан эйфанын алтыдан бир бөлүгүн тартуу катары бергиле. 14  Майдын өлчөмү болсо мындай: май бат менен өлчөнөт. Бат — кордун* ондон бир бөлүгү. Он бат бир хомерди түзөт, анткени бир хомерде он бат бар. 15  Ысрайылдын койлорунун арасынан, эки жүз койдун ичинен бир кой алып келгиле+. Мындай тартуулар элди күнөөдөн арылтуу үчүн+ нан курмандыгы+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+, тынчтык курмандыгы+ катары колдонулат“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба. 16  „Жердин бүт эли Ысрайыл төрөсүнө+ тартуу берүүгө милдеттүү+. 17  Ал эми төрө+ майрамдарда+, ай жаңырганда+, ишемби күндөрдө+, Ысрайыл үйүнүн бардык майрамдарында+ бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка+, нан курмандыгына+, суюк тартууга+ жооптуу болот. Ал Ысрайыл үйүн күнөөдөн арылтуу үчүн күнөө курмандыгын, нан курмандыгын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, тынчтык курмандыгын берет“. 18  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Биринчи айдын биринчи күнүндө малдан кемтиги жок+ букачар алып, ыйык жайды күнөөдөн тазала+. 19  Дин кызматчы күнөө курмандыгынын канынан алып, Үйдүн кашегине+, курмандык жайындагы алкактын төрт бурчуна+, ички короонун дарбазасынын кашегине сыйпайт. 20  Жаңылыштыктан+ же билбестиктен күнөө кылгандар үчүн айдын жетинчи күнүндө да ошент. Үйдү күнөөдөн тазалагыла+. 21  Биринчи айдын он төртүнчү күнүндө пасах болот+. Жети күндүк ал майрамда калама жегиле+. 22  Ошол күнү төрө өзү үчүн жана жердин бүт эли үчүн күнөө курмандыгына букачар берет+. 23  Жети күн бою, майрамдын+ ар бир күнүндө ал Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемтиги жок жети букачар, жети кочкор+, күнөө курмандыгына бир теке берет+. 24  Ар бир букачарга бир эйфа, ар бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын кошуп берсин. Майдан болсо ар бир эйфага бир гинден* кошуп берсин+. 25  Жетинчи айдын он бешинчи күнүндө, майрам учурунда+, жети күн бою+ ал ошондой эле курмандыктарды: күнөө курмандыгын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын жана май берсин“».

Шилтемелер

Болж. менен 22 л.
Болж. менен 220 л.
Болж. менен 22 л.
1 шекел = 11,4 г.
1 гера = 0,57 г.
1 кор = 220 л.
1 гин = 3, 67 л.