Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 4:1—17

4  Сен болсо, адам уулу, кыш алып, алдыңа кой да, ага Иерусалим шаарын чий+.  Аны курчоого ал+, ага каршы дубал тургуз+, дөбө үй+, кошуун жайгаштыр, тегерегине дубал бузгучтарды кой+.  Темир таба алып, аны өзүң менен шаардын ортосуна темир дубал катары кой, анан шаарга жүзүңдү бур. Ал курчоодо калсын, аны курчоого ал. Бул — Ысрайыл үйүнө белги+.  Анан сол кырыңан жатып, Ысрайыл үйүнүн кылмышын көтөр+. Кырыңан канча күн жатсаң, алардын кылмышын ошончо күн көтөрөсүң.  Алардын кылмыш кылып келген жылдарына жараша+ сага 390 күн белгиледим+, Ысрайыл үйүнүн кылмышын ошончо көтөрөсүң.  Ошол күндөрдү аягына чыгар. Анан оң кырыңан жатып, Жүйүт үйүнүн кылмышын 40 күн көтөр+. Сага бир жыл үчүн бир күн, бир жыл үчүн бир күн белгиледим+.  Жүзүңдү курчоого алынган Иерусалимге бур+, билегиңди түр, ага каршы пайгамбарлык кыл.  Курчоо күндөрүң бүтмөйүнчө, бир кырыңан экинчи кырыңа оодарылбашың үчүн, сени аркан менен байлап коём+.  Буудай+, арпа, буурчак+, жасмык+, таруу, кара буудай*+ алып, бир идишке сал да, алардан кырыңан жаткан күндөрдүн санына жараша нан жаса. Аны 390 күн жейсиң+. 10  Тамагыңды өлчөп, күнүнө жыйырма шекелден*+, маал-маалы менен же. 11  Сууну да өлчөп, гиндин* алтыдан бир бөлүгүнчөлүк ич. Маал-маалы менен ич. 12  Ал нанды арпа нанды+ жегендей же, аны баарынын көзүнчө адамдын кургак заңына+ бышыр». 13  Анан Жахаба: «Ысрайыл уулдарын элдердин арасына чачыратып жибергенимде+, алар да ушундай арам нан жейт»,— деди+. 14  Ошондо мен: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Менин жаным эч качан арамдалган эмес+, жаш чагыман ушул күнгө чейин тарпты да, жырткыч жара тартып кеткен жаныбарды да жеген эмесмин+, арам этти оозума алган эмесмин»,— дедим+. 15  Буга ал: «Макул, адамдын заңынын ордуна уйдун тезегин колдон, наныңды ошого бышыр»,— деди. 16  Анан мындай деди: «Адам уулу, мен Иерусалимдеги ортосу оюк токочтор илинген таяктарды сындырам+. Эл нанды өлчөп, санаага батып жейт+, сууну да өлчөп, үрөйү учуп ичет+, 17  нан менен сууга зар болот, бири-бирине таңдана карашат, кылмыштары үчүн акыры чирип жок болушат+.

Шилтемелер

Ыш 28:25тин шилт-н кара.
1 шекел = 11,4 г. Кара: 13-тирк.
1 гин = 3,67 л.