Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 39:1—29

39  Сен болсо, адам уулу, Гокко каршы пайгамбарлык кылып, мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, Гок+, Мешех+ менен Тубалдын+ башкы башчысы, мен сага каршы чыгам.  Сени артка бурам, жетелеп+, түндүктөгү эң алыскы жерлерден алып чыгам да+, Ысрайыл тоолоруна алып келем.  Сол колуңдан жааңды, оң колуңдан жебелериңди кагып түшүрөм.  Сен бүт аскерлериң, жаныңдагы элдер менен бирге Ысрайыл тоолорунда сулайсың+. Сени жырткыч куштарга, ар кандай канаттууларга, талаа жаныбарларына жем кылам”“+.  „Сен талаада сулайсың+, анткени муну мен айттым“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.  „Мен Магокко жана аралдарда коопсуз жашагандарга+ от жиберем+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет.  Ыйык ысмымды ысрайыл элимдин арасында таанытам, ошондон кийин ыйык ысмымдын булганышына жол бербейм+. Элдер менин Жахаба, Ысрайылдын Ыйыгы+, экенимди билишет“+.  „Мына, ушулар аткарылат, жүзөгө ашат+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Мен айткан күн келет+.  Ысрайыл шаарларынын тургундары чыгып, от жагышат. Курал-жарактарды, кичине калкандар менен чоң калкандарды, жаалар менен жебелерди, чокморлор менен найзаларды отко ыргытышат+, аларды жети жыл жагышат. 10  Алар талаадан жыгач ташышпайт, токойдон отун теришпейт, анткени курал-жарактарды жагышат“. „Өздөрүн карактагандарды каракташат, өздөрүн талап-тоногондорду талап-тоношот“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба. 11  „Ошол күнү мен Гокко+ Ысрайылдан жер, көрүстөн берем, деңиздин чыгышындагы жолоочулар өрөөнүн берем. Жолоочулар андан өтө албай калышат. Ал жерге Гокту, анын калың элин көмүшөт, аны Хамон-Гок* өрөөнү+ деп аташат. 12  Жерди тазалаш үчүн Ысрайыл үйү аларды жети ай көмөт+, 13  жердин бүт эли көмөт. Ошентип, мен өзүмдү даңазалаган күнү+ алардын атагы чыгат“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба. 14  „Жерди тазалаш үчүн аны аралап жүрүүгө кишилер бөлүнөт. Алар жер бетинде жаткандарды жолоочулардын жардамы менен көмүшөт, аларды жети ай издешет. 15  Жолоочулар жерди аралап жүрүшөт. Кимдир бирөө адамдын сөөгүн көрүп калса, жанына белги коюп коёт. Ошондо сөөк көмүүчүлөр аны Хамон-Гок өрөөнүнө+ көмөт. 16  Шаар да Хамона* деп аталат. Ошентип, жер тазаланат“+. 17  Сага болсо, адам уулу, Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ар кандай канаттууларга, бардык талаа жаныбарларына айт+: “Чогулуп келгиле. Силер үчүн чала турган курмандыгыма, Ысрайыл тоолорундагы чоң курмандыкка туш-туштан чогулгула+. Эт жеп, кан ичесиңер+. 18  Күчтүүлөрдүн этин жейсиңер+, жер жүзүнүн башчыларынын канын ичесиңер. Алардын баары — Башандын бордолгон+ кочкорлору+, козулары, текелери, букачарлары+. 19  Силер үчүн чала турган курмандыгымдын майынан тойгуча жейсиңер+, канынан мас болгуча ичесиңер”“. 20  „Менин дасторконумдан аттарга, арабачыларга, күчтүү кишилерге, аскерлерге тоёсуңар“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба+. 21  „Мен элдердин арасында даңкымды көрсөтөм. Бардык элдер менин жүргүзгөн сотумду+, аларга каршы сунган колумду көрүшөт+. 22  Ошондо Ысрайыл үйү ошол күндөн тартып өздөрүнүн Кудайы Жахаба экенимди билет+. 23  Элдер Ысрайыл үйүнүн туткундалып кеткенине өз кылмышы себеп болгонун билишет+. Мага ишенимсиз болушканы үчүн, мен алардан жүзүмдү жашырып+, душмандарынын колуна салып бергем, ошондо баары кылычтан кырылган+. 24  Аларга өздөрүнүн ыпыластыгына, кылмыштарына жараша мамиле кылгам+, алардан жүзүмдү жашыргам“. 25  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Эми мен Жакыптын туткундагы элин кайра алып келем+, бүт Ысрайыл үйүнө кайрымдуулук кылам+, ыйык ысмыма толук берилгендик көрсөтөм+. 26  Алар кор болбой+, мага көрсөткөн ишенимсиздиги үчүн азап тартпай+, өздөрүнүн жеринде коопсуз жашашат+, аларды эч ким коркутпайт+. 27  Мен аларды элдердин арасынан кайрып, душмандарынын жеринен чогултуп келгенде+, алардын арасында, элдердин көз алдында өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм“+. 28  „Аларды элдердин арасына туткунга айдаганымда да, кайра өздөрүнүн жерине бирин калтырбай чогултуп келгенимде да+, алардын Кудайы Жахаба экенимди билишет+. 29  Ошондон кийин Ысрайыл үйүнөн жүзүмдү жашырбайм+, анткени аларга рухумду төгөм“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба».

Шилтемелер

Мааниси: «Гоктун эли».
Мааниси: «эл». Кара: Жз 39:11, 15-аяттар.