Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 38:1—23

38  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу+, Магок+ жеринен чыккан Гокко, Мешех+ менен Тубалдын+ башкы башчысына, жүзүңдү бур, ага каршы пайгамбарлык кылып,  мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, Гок, Мешех менен Тубалдын башкы башчысы, мен сага каршы чыгам.  Сени артка буруп, жаагыңа илмек салам+. Сени бүт аскерлериң+, аттарың, мыкты кийинген атчандарың+, чоң калкан, кичине калкан көтөргөн калың топ менен алып чыгам; алардын баары колуна кылыч алган+.  Персия+, Эфиопия+, Пут+ да — баары алар менен бирге кичине калкан көтөрүп, туулга кийген.  Сага Гомер+ менен анын бүт аскерлери, түндүктөгү эң алыскы жерлерден чыккан Тогарма+ үйү менен анын бүт аскерлери, көптөгөн элдер кошулат+.  Сен калың элиң менен, жаныңа чогулгандар менен бирге даярдан+, камдан, аларга жол башчы бол.  Бир топ күндөн кийин сага көңүл бурулат. Акыркы жылдары кылычтан куткарылган элдин, көпкө ээн жаткан Ысрайыл тоолоруна ар кайсы элдерден чогултулган элдин+, жерине келесиң+. Ал жердин элдер арасынан чогултулган бүт эли коопсуз жашайт+.  Сен сөзсүз келесиң. Бороон-чапкындай, жер бетин каптаган булуттай болуп+, бардык аскерлериң менен, көптөгөн элдер менен келесиң”“+. 10  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ошол күнү жүрөгүңө ар кандай ойлор келип+, кыянаттык кылууну ойлойсуң+. 11  “Чепсиз айылдар жайгашкан жерге каршы чыгам+. Тынч, коопсуз жашагандарга барам, алардын дубалы да+, эшиги да, эшик бекиткичи да жок”,— дейсиң. 12  Сен олжолуу кайтууну+, талап-тоноону, кайрадан эл отурукташкан урандыларга+, ар кайсы элдерден чогулган элге+ — жердин борборунда жашап+, байлык менен мүлк топтоп жаткандарга+ — кол салууну көздөйсүң. 13  Шеба+ менен Дедан+, Таршыш+ соодагерлери, анын жалдуу жаш арстандарынын+ баары сага: “Сен олжо алыш үчүн баратасыңбы? Талап-тонош үчүн, алтын-күмүштү ташып кетиш үчүн, байлык менен мүлккө, олжого тунуш үчүн калың эл чогулттуңбу?” — дейт“. 14  Ошондуктан, адам уулу, пайгамбарлык кылып, Гокко мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Ошол күнү сен ысрайыл элимдин коопсуз жашап жатканын байкабай коёсуңбу?+ 15  Сен өз ордуңдан, түндүктөгү эң алыскы жерлерден, келесиң+. Ат минген көптөгөн элдерди, калың топту, сансыз аскерлерди баштап келесиң+. 16  Сен жер бетин каптаган булуттай болуп келип+, ысрайыл элиме сөзсүз каршы чыгасың+. Бул акыркы күндөрү болот. Оо, Гок, элдердин көз алдында сен аркылуу өз ыйыктыгымды көрсөткөнүмдө, алар мени таанып-билиши үчүн+, сени өз жериме алып келем”“. 17  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен байыркы күндөрү кызматчыларым — Ысрайылдын пайгамбарлары — аркылуу ким жөнүндө айтсам, ошол сен эмессиңби?+ Ошол күндөрү, ошол жылдары алар сени элиме алып келеримди пайгамбарлык кылышкан“+. 18  „Ошол күнү, Гок Ысрайыл жерине келген күнү,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— каарым кайнайт*+. 19  Жаалым менен+, кайнаган каарым менен сүйлөйм+. Ошол күнү Ысрайыл жеринде катуу жер титирөө болот+. 20  Ошондо менин алдымда деңиздеги балыктар, асмандагы куштар, талаадагы жаныбарлар, жер бетинде сойлоп жүргөн жандыктар, жер үстүндөгү адамдардын баары титирейт+. Тоолор менен жарлар кулайт+, дубалдардын баары урайт“. 21  „Мен Гокко каршы бүт тоолуу аймагым боюнча кылыч чакырам+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ар биринин кылычы бир тууганына каршы көтөрүлөт+. 22  Мен аны менен соттошуп+, жугуштуу оору жиберем+, кан төгөм+, ага да, аскерлерине да, жанындагы көптөгөн элдерге да кара нөшөр менен мөндүр+, от+ менен күкүрт жаадырам+. 23  Мен даңкымды, ыйыктыгымды көрсөтөм+, көптөгөн элдердин көз алдында өзүмдүн ким экенимди ачып берем. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «мурдума келет».