Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 36:1—38

36  «Сен болсо, адам уулу, Ысрайыл тоолоруна пайгамбарлык кылып, мындай де: „Оо, Ысрайыл тоолору+, Жахабанын сөзүн уккула.  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Душман силер жөнүндө+: “Ырас болду! Байыркы бийик жерлер+ да энчибизге тийди”,— деп жатышат”“+.  Ошондуктан пайгамбарлык кылып, мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Элдерден калгандар ээлик кылышы үчүн+, силерди кыйратып+, туш-туштан талашты+, сөз кылышты+, эл арасында жаманатты кылышты+.  Ошондуктан, Ысрайыл тоолору+, Эгедер Теңир Жахабанын сөзүн уккула! Эгедер Теңир Жахаба тоолор менен адырларга, дарыялар менен өрөөндөргө, аңгырап ээн калган жерлерге+, тегеректеги элдерден калгандарга олжо, шылдың болушу үчүн+ ташталган шаарларга кайрылып жатат.  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен элдерден калгандарга каршы, бүт Эдомго каршы+ жалындаган каарым менен сүйлөйм+. Алар менин жеримди төбөсү көккө жете сүйүнүп ээлеп алышкан+, ичинен мазактап+, аны талап-тоноону, жайытын басып алууну ойлошкон””“+.  Ошондуктан Ысрайыл жери жөнүндө пайгамбарлык кылып, тоолор менен адырларга, дарыялар менен өрөөндөргө мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мына, мен жалындаган каарым менен, ачуум менен сүйлөйм, анткени силер элдерге кор болдуңар”“+.  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен колумду көтөрүп ант берем+: тегерегиңердеги элдер өзүлөрү кор болот+.  Силер болсо, Ысрайыл тоолору, бутагыңарды жайып, ысрайыл элиме жемиш бересиңер+, анткени алардын келерине аз калды+.  Мен силерди колдоп, назарымды салам+. Силер иштетилесиңер, силерге үрөн себилет+. 10  Үстүңөргө көп сандаган элди, бүт Ысрайыл үйүн+, жайгаштырам; шаарларга эл отурукташат+, кыйратылган жерлер калыбына келтирилет+. 11  Элиңдин да, малыңдын да санын көбөйтөм+. Алар тукумдап көбөйүшөт. Силерге мурунку убактагыдай эл отурукташтырам+, баштагыдан да көп жакшылык кылам+. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер+. 12  Мен үстүңөрдө адамдарды, ысрайыл элимди бастырам. Алар силерди ээлешет+, силер алардын мурасы болосуңар+, ошондон кийин аларды балдарынан ажыратпайсыңар“»+. 13  «Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Силерге: “Сен адамдарды жеп-жуткан, элдериңди балдарынан ажыраткан жерсиң”+,— деп жатышат“. 14  „Ошондуктан мындан ары адамдарды жеп-жутпайсың+, элдериңди балдарынан ажыратпайсың+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— 15  Мындан ары элдердин сени кемсинткен сөздөрү угулбайт+, экинчи алардан кордук көрбөйсүң+, элдериңди мүдүрүлтпөйсүң“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба». 16  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 17  «Адам уулу, Ысрайыл үйү өз жеринде жашап, аны өзүнүн жүргөн жолу, кылган иштери менен арамдады+. Алардын жолу менин алдымда айыз маалындагыдай булганды+. 18  Ошондо мен аларга жерде кан төгүшкөнү үчүн, аны заңдай жийиркеничтүү буркандарынан улам арамдашканы үчүн+ каарымды төктүм+. 19  Аларды элдердин арасына, жер-жерлерге чачыратып жибердим+, аларга өздөрүнүн жолуна, иштерине жараша өкүм чыгардым+. 20  Алар ошол элдердин арасына барганда, алар жөнүндө: „Булар — Жахабанын эли, анын жеринен чыккандар“,— деп айтып+, ыйык ысмымды булгашты+. 21  Мен болсо Ысрайыл үйү элдердин арасына барганда булгаган ыйык ысмымды аяйм»+. 22  «Ошондуктан Ысрайыл үйүнө айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, Ысрайыл үйү, муну силер үчүн эмес, силер элдердин арасына барганда булгаган ыйык ысмым үчүн кылам”“+. 23  „Мен силердин айыңардан элдердин арасында булганган улуу ысмымды ыйыктайм+. Мен элдердин көз алдында, силердин араңарда ыйыктыгымды көрсөткөндө+, менин Жахаба экенимди билишет+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— 24  Силерди элдердин арасынан алып чыгып, бардык жерлерден чогултуп, өзүңөрдүн жериңерге алып келем+. 25  Үстүңөргө таза суу чачам, ошондо тазаланасыңар+. Ыпылас нерселериңердин+, заңдай жийиркеничтүү буркандарыңардын баарын жок кылып, силерди тазалайм+. 26  Силерге жаңы жүрөк берем+, ичиңерге жаңы рух салам+. Көкүрөгүңөрдөн таш жүрөктү алып, эт жүрөк берем+. 27  Ичиңерге рухумду салам+, силерди көрсөтмөлөрүм боюнча жүргүдөй+, өкүмдөрүмө карманып, аларды аткаргыдай кылам+. 28  Ошондо мен ата-бабаларыңарга берген жерде жашайсыңар+. Силер менин элим болосуңар, мен силердин Кудайыңар болом“+. 29  „Мен силерди бардык ыпылас нерселериңерден арылтам+, дан өсүмдүктөрүнүн мол болушун буйрук кылам, ачарчылык жибербейм+. 30  Бак-дарактардын мөмөсүн, талаалардын түшүмүн мол кылам. Ошондон кийин ачарчылыктын айынан элдерге шылдың болбойсуңар+. 31  Силер жаман жолдоруңарды, кыянат иштериңерди эстейсиңер+, кылмыштарыңар менен жийиркеничтүү иштериңерден улам өзүңөрдөн жийиркенесиңер+. 32  Билип койгула, муну силер үчүн кылбайм+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Оо, Ысрайыл үйү, жолдоруңардан уялгыла, басынгыла“+. 33  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен силерди бардык кылмыштарыңдан тазалаган күнү шаарларга эл отурукташтырам+; кыйратылган жерлер калыбына келтирилет+. 34  Ары-бери өткөндөргө чөл болуп көрүнгөн, ээн калган жер+ кайрадан иштетилет. 35  Ошондо: “Ээн калган бул жер Эйден багындай болуп калды+; кыйратылып, эч ким жашабай ээн калган шаарлар бекемделди, аларга эл отурукташты”+,— деп айтышат. 36  Тегерегиңерде кала турган элдер кыйратылганды тургузган, ээн калганды гүлдөткөн мен, Жахаба, экенимди билишет+. Муну мен, Жахаба, айттым, ишке ашырдым“+. 37  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ошондой эле Ысрайыл үйү өздөрүн отордой көбөйтүшүмдү+ өтүнгөндө, алардын өтүнүчүн орундатам+. 38  Майрам учурунда+ Иерусалим ыйык адамдарга, койлорго толгондой, ээн калган шаарлар элге толот+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“».

Шилтемелер