Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 35:1—15

35  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, Сеир тоолуу аймагына+ жүзүңдү буруп+, ага каршы пайгамбарлык кылып+,  мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Сеир тоолуу аймагы, мен сага каршы чыгам+, колумду сага каршы сунам+, сени ээн талаа, эрме чөлгө айлантам+.  Шаарларыңды кыйратам; сен ээн каласың+, ошондо менин Жахаба экенимди билесиң+.  Анткени Ысрайыл уулдарына эзелтен бери кас болгонсуң+, алардын башына мүшкүл түшкөн убакта+, күнөө кылганын токтоткон кезде+ аларды кылыч мизине алгансың”“+.  „Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Мен сенин каныңды төгүүнү чечтим, ошон үчүн артыңан кан кууйт+. Сен өзүң төгүп жүргөн канды жек көрчүсүң, ошон үчүн артыңан кан кууйт+.  Сеир тоолуу аймагын ээн талаа, эрме чөлгө айлантып+, ал жактан ары-бери өткөндөрдү кырам+.  Тоолорун өлүккө толтурам; адырларыңда, өрөөндөрүңдө, бүт сайларыңда кылычтан өлгөндөр кулайт+.  Сени түбөлүккө ээн калтырам; шаарларыңа эл отурукташпайт+. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“+. 10  Жахаба ошол жакта болсо да+, сен: „Ошол эки эл, эки жер меники болот. Экөөнү тең ээлеп алабыз“,— дечүсүң+. 11  „Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— сенин каарыңа, аларды жек көргөндүктөн көрө албастык кылганыңа+ жараша чара көрөм. Сага өкүм чыгарганымда+ аларга өзүмдүн ким экенимди ачып берем. 12  Ошондо мен, Жахаба, сенин Ысрайыл тоолорун табалап: “Ээн калды, бизге жем болду”+,— деп айткан сөздөрүңдүн баарын укканымды билесиң+. 13  Силер кесир сүйлөп+, өзүңөрдү менден жогору койгонсуңар, мага көп жолу акарат кылгансыңар+. Мен ошонун баарын уккам“+. 14  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Жер жүзү сүйүнүп жаткан кезде сени ээн калтырам. 15  Ысрайыл үйүнүн мурасы ээн калганда сүйүнгөнүң үчүн, сени да ошондой кылам+. Сеир тоолуу аймагы, сен ээн каласың; бүт Эдом жери да ээн калат+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“»+.

Шилтемелер