Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 34:1—31

34  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, Ысрайылдын койчуларына каршы пайгамбарлык кыл. Пайгамбарлык кылып, койчуларга: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Өздөрүн баккан+ Ысрайыл койчуларынын башына каран түн түшөт!+ Койчулар койлорун багышы керек эмеспи?+  Силер болсо майлуу тамак жейсиңер+, жүндөн кийим киесиңер, малдын семизин+ соёсуңар+, ал эми койлорду бакпайсыңар.  Силер алсыздарга күч берген жоксуңар+, оорулууну айыктырган жоксуңар. Сыныгын таңган жоксуңар, адашканды кайрып келген жоксуңар, жоголгонду издеген жоксуңар+. Аларга катаалдык менен, атүгүл зулумдук менен үстөмдүк кылдыңар+.  Койчусу жок болгондуктан, алар чачырап кетишти+, талаа жырткычтарына жем болушту. Ошентип, туш-тушка чачырай беришти+.  Койлорум бардык тоолордо, бардык бийик адырларда адашып жүрдү+. Койлорум+ бүт жер жүзүнө чачырап кетти. Аларды сураштырган да, издеген да эч ким болгон жок.  Ошондуктан, койчулар, Жахабанын сөзүн уккула.  “Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— койчусу жок болгондуктан, койлорум таланып-тонолду, талаа жырткычтарына жем болду. Койчуларым койлорумду издебей, өздөрүн багышты+, койлорумду болсо багышкан жок”.  Ошондуктан, койчулар, Жахабанын сөзүн уккула. 10  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мына, мен койчуларга каршы чыгып+, алардан койлорумду тартып алам, ошондон кийин аларга койлорумду бактырбайм+, койчулар өздөрүн да бакпай калышат+. Мен койлорумду алардын оозунан сактап калам, аларга жем кылбайм””+. 11  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мына, мен өзүм койлорумду издеп таап, аларга кам көрөм+. 12  Койчу туш-тушка чачырап кеткен койлорун чогултуп келип+, аларга кандай кам көрсө+, мен да койлорума ошондой кам көрөм. Аларды булут менен коюу караңгылык каптаган күнү+ чачырап кеткен жерлеринен куткарып алам. 13  Мен аларды элдердин арасынан алып чыгам+, жер-жерлерден чогултуп, өздөрүнүн жерине алып келем+, аларды Ысрайылдын тоолорунда, суулардын жээгинде, жашаган бардык жерлеринде кайтарам+. 14  Аларды жакшы жайытка жаям, алардын кашаасы Ысрайылдын бийик тоолорунда болот+. Алар ошол жерде, жакшы кашаада жатышат+, Ысрайылдын тоолорундагы оттуу жайытта оттошот”. 15  “Койлорумду өзүм багам+, өзүм жуушатам+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— 16  Жоголгонун издеп табам+, адашканын кайрып келем, алардын сынган жерин таңам, оорулуусуна күч берем. Ал эми семизи+ менен күчтүүсүн жок кылам, аларга тиешесин берем”+. 17  Силерге болсо, койлорум, Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мына, мен кой менен койдун, кочкор менен текенин ортосунда сот болом+. 18  Мыкты жайытта жайылып жүргөнүңөр аздык кылабы?+ Анда эмне үчүн калган жайыттарыңарды тебелеп-тепсеп жатасыңар? Таза суу ичкениңер аздык кылабы? Анда эмне үчүн калган сууну бутуңар менен булгап жатасыңар? 19  Менин койлорум силер тебелеп-тепсеген жайытта жайылып, бутуңар менен булгаган сууну ичиши керекпи?” 20  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мына, мен, мен өзүм семиз кой менен арык койдун ортосунда сот болом. 21  Анткени силер алсыздардын баарын капталыңар, далыңар менен түртүп, мүйүзүңөр менен сүзүп, сыртка кууп чыгарып жатасыңар+. 22  Мен койлорумду куткарам, ошондон кийин аларды талап-тоношпойт+. Мен кой менен койдун ортосунда сот болом. 23  Алардын үстүнөн бир койчуну коём+, аларды кызматчым Дөөтү кайтарат. Аларды ошол кайтарат+, койчусу ошол болот+. 24  Мен, Жахаба, алардын Кудайы болом+, кызматчым Дөөтү башчысы болот+. Муну мен, Жахаба, айттым. 25  Мен алар менен тынчтык келишимин түзөм+, ал жердеги коркунучтуу жырткычтарды жок кылам+. Алар ээн талаада коопсуз жашайт, токойлордо уктайт+. 26  Мен аларды да, адырымдын айлана-тегерегин да батага айлантам+, жамгырды өз маалында жаадырам. Ал батанын жамгыры болот+. 27  Талаа дарагы жемишин берет+, жер түшүмүн берет+. Алар өз жеринде коопсуз жашашат+. Мен алардын моюнтуругун сындырганда+, аларды кул ээлөөчүлөрдүн колунан куткарганда+, менин Жахаба экенимди билишет. 28  Ошондон кийин алар башка элдерге олжо болушпайт+, жер бетиндеги жырткычтарга жем болушпайт. Алар коопсуз жашайт, аларды эч ким коркутпайт+. 29  Мен аларга атагын чыгара турган айдоо берем+. Ошондон кийин ал жерде ачарчылыктан өлүшпөйт+, элдерге кор болушпайт+. 30  “Ошондо менин, өздөрүнүн Кудайы Жахабанын, алар менен экенимди+, Ысрайыл үйү менин элим экенин билишет”,— дейт Эгедер Теңир Жахаба”“+. 31  „Силер болсо, койлорум+, мен кайтарган койлор, силер адамсыңар. Мен силердин Кудайыңармын“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба».

Шилтемелер