Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 30:1—26

30  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, пайгамбарлык кылып айт+: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Боздогула! “Каран күн келатат!” — дегиле+.  Ал күн жакындап калды, Жахабанын күнүнө аз калды+. Булут каптай турган күн+, элдер соттоло турган убак келатат+.  Мисирге кылыч келет+. Мисирде көптөр сулатылып, байлыгы тонолуп, пайдубалы талкаланганда, Эфиопия катуу кыйналат+.  Алар менен кошо Эфиопия+, Пут+, Лут, ар кошкон эл+, Хуп, келишим түзгөн жердин уулдары кылычтан сулайт”“+.  Жахаба мындай дейт: „Мисирдин тирөөчтөрү да кулайт, анын күчү менен текебердиги басынтылат“+. „Мигдолдон+ Себенеге+ чейин баары кылычтан сулайт,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.—  Алар элсиз жерлердей ээн калат, шаарлары талкаланган шаарлардын катарына кирет+.  Мисирге от койгонумда, анын бардык жардамчылары кыйратылганда+, менин Жахаба экенимди билишет.  Ошол күнү мен кемелер менен кабарчыларды жиберем, ошондо өзүнө таянган Эфиопия калтырап-титирейт+. Мисир кыйраган күнү ал катуу кыйналат. Ошол күн сөзсүз келет“+. 10  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен Мисирдин калың элин Бабыл падышасы Небухаданасардын колу менен жок кылам+. 11  Ал жана анын эли, элдердин зулумдары+, бул жерди кыйратыш үчүн келатат. Алар Мисирге каршы кылычтарын кынынан чыгарып, аны өлүккө толтурушат+. 12  Мен Нил дарыясынын чоң арыктарын какшытып+, жерин кыянатчыл адамдардын колуна берем*+, бул жерди да, молчулугун да бөтөн жерликтердин колу менен кыйратам+. Муну мен, Жахаба, айттым“+. 13  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен заңдай жийиркеничтүү буркандарды да талкалайм+, Ноптогу+ пайдасыз кудайларды жок кылам, ошондон кийин Мисир жеринен башчы чыкпайт. Мен Мисир жерине коркунуч каптатам+. 14  Патросту+ ээн калтырам, Соанга+ от коём, Ного+ чыгарган өкүмдөрүмдү ишке ашырам. 15  Синге, Мисирдин сепилине, каарымды төгөм+, Нонун калың элин жок кылам+. 16  Мен Мисирге от коём. Син катуу кыйналат, Но дубалдагы тешиктер аркылуу басылып алынат, Нопко болсо душмандар күндүз кол салышат! 17  Он+ менен Пи-Бесеттин жигиттери кылычтан өлөт, шаарлардын эли туткунга кетет. 18  Мен Тахпанесте+ Мисирдин моюнтуругун сындырганда+, ал жерди күндүз караңгылык басат. Анын күчү, текебердиги жок болот+. Аны булут каптайт+, карамагындагы шаарлардын эли туткунга кетет+. 19  Мен Мисирге чыгарган өкүмдөрүмдү ишке ашырам+, ошондо менин Жахаба экенимди билишет“». 20  Он биринчи жылдын биринчи айынын жетинчи күнүндө Жахаба мага мындай деди: 21  «Адам уулу, мен фараондун, Мисир падышасынын, колун сындырам+. Айыкпашы үчүн колу таңылбайт, орогуч менен оролбойт+, кылыч кармаганга алы келбейт». 22  «Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен фараонго, Мисир падышасына, каршы чыгам+, анын соо колун да, сынган колун да+ сындырып+, колунан кылычын түшүрөм+. 23  Мисирликтерди элдердин арасына, жер-жерлерге чачыратып жиберем+. 24  Бабыл падышасынын колун чыңдап+, кылыч берем+, ал эми фараондун колун сындырам. Ал анын алдында катуу жараат алган бирөөдөй онтойт+. 25  Мен Бабыл падышасынын колун чыңдайм, ал эми фараондун колу шалдаят. Кылычымды Бабыл падышасынын колуна бергенимде, ал аны Мисир жерине каршы сунганда+, менин Жахаба экенимди билишет. 26  Мисирликтерди элдердин арасына, жер-жерлерге чачыратып жиберем+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сатам».