Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 29:1—21

29  Онунчу жылдын онунчу айынын он экинчи күнүндө Жахаба мага мындай деди:  «Адам уулу, жүзүңдү фараонго, Мисир падышасына+, буруп, ага жана бүтүндөй Мисирге+ каршы пайгамбарлык кыл.  Мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, фараон, Мисирдин падышасы+, Нил дарыясынын чоң арыктарында керилип жатып алып+: “Нил дарыясы меники. Аны мен, мен өзүмө жараткам”+,— деген алп деңиз жаныбары+, мен сага каршы чыгам.  Жаагыңа илмек салам+, Нил дарыяңдагы балыктарды кабырчыктарыңа жабыштырам. Сени кабырчыктарыңа жабышкан балыктар менен кошо Нилден тартып чыгарам.  Сени да, Нилдеги балыктарды да ээн талаага ыргытам+. Сен талаага ташталасың+; дене мүчөлөрүң чогултулбайт да көмүлбөйт. Мен сени жердеги жапайы жаныбарларга, асмандагы куштарга жем кылам+.  Ошондо Мисирдин тургундарынын баары менин Жахаба экенимди билет+, анткени алар Ысрайыл үйүнө камыш тирөөч болушкан+.  Сени колу менен кармашканда, сынып кетип+, алардын ийиндерин чыгардың. Таянышканда, сынып+, белдерин кокустаттың”+.  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен сага каршы кылыч жиберип+, элиңди да, малыңды да кырам+.  Мисир жери ээн талаа, эрме чөлгө айланат+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет. Анткени ал: “Нил дарыясы меники. Аны өзүм жараткам”,— деген+. 10  Ошондуктан мен сага, Нил дарыяңдын+ чоң арыктарына каршы чыгып, Мисир жерин Мигдолдон+ Себенеге+ чейин, Эфиопиянын чек арасына чейин какшыган, элсиз ээн жерге айлантам+. 11  Ал жерден адам да+, мал да өтпөйт+, ага 40 жыл бою эл отурукташпайт+. 12  Мен Мисир жерин элсиз жерлердей кылам, ээн калтырам+. Анын шаарлары урандыга айланган шаарлардай 40 жыл ээн калат+. Мен мисирликтерди элдердин арасына, жер-жерлерге чачыратып жиберем”+. 13  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Кырк жылдан кийин+ мен элдердин арасына чачырап кеткен мисирликтерди чогултам+, 14  туткундагы мисирликтерди кайра алып келем. Аларды мекенине, Патрос+ жерине алып келем. Алардын падышалыгы алсыз болот. 15  Ал башка падышалыктардан төмөн болот, ошондон кийин башка элдерге үстөмдүк кылбайт+. Мен анын калкын ушунчалык азайткандыктан, башка элдерди башкара албай калат+. 16  Ысрайыл үйү экинчи ага ишеним артпайт+, кайрылбайт, өз кылмышын эстетпейт+. Ошондо менин Эгедер Теңир Жахаба экенимди билишет”“». 17  Жыйырма жетинчи жылдын биринчи айынын биринчи күнүндө Жахаба мага мындай деди: 18  «Адам уулу, Бабыл падышасы Небухаданасар+ аскерлерин Тирге каршы чоң ишке салды+. Баарынын чачы түшүп, ийиндери жооруду+. Бирок ал да, анын аскерлери да Тирде аткарган иши үчүн акы алган жок+. 19  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен Бабыл падышасы Небухаданасарга Мисир жерин бергени жатам+. Ал анын байлыгын ташып кетет, олжого тунат, аны эч нерсесин калтырбай талап-тонойт+. Аскерлеринин алган акысы ошол болот“. 20  „Мен анын Тирде аткарган ишинин акысына Мисир жерин бердим. Анткени алар ал ишти мен үчүн аткарышты“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба. 21  Ошол күнү мен Ысрайыл үйүнүн мүйүзүн* өстүрүп+, сени алардын арасында сүйлөтөм+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет».

Шилтемелер

Ыйык Китепте «мүйүз» деген сөз көп учурда күч-кубатты, бийликти билдирет.