Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 28:1—26

28  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, Тирдин башчысына айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Жүрөгүң текеберденип+, сен кудай эмес+, пенде болсоң да+: “Мен кудаймын+, деңиздин ортосунда+, кудайдын тактысында отурам”+ — деп, жүрөгүңдү кудайдын жүрөгүнө теңеп жатасың.  Мына, сен өзүңдү Даниелден акылдуу көрөсүң+. Өзүңдөн жашыруун бир да сыр жок деп ойлойсуң+.  Сен акылмандыгың, кыраакылыгың менен байлык топтоп, казыналарыңа алтын-күмүш жыйып жатасың+.  Улуу акылмандыгың менен+, соодаң+ менен байлыгыңды көбөйтүп+, байлыгыңдан улам жүрөгүң текебердене баштады”“+.  „Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Жүрөгүңдү кудайдын жүрөгүнө теңеп жатканың үчүн+,  сага каршы бөтөн жерликтерди, элдердин зулумдарын+, алып келем+. Алар акылмандыгыңдын сулуулугуна каршы кылычтарын кынынан суурушат, көз уялткан көркүңдү тебелеп-тепсешет+.  Сени аңга түшүрүшөт+, сен деңиздин ортосунда өлтүрүлгөн бирөөдөй өлөсүң+.  Өзүңдү тебелеп-тепсей тургандардын колуна түшкөндө, өзүңдү өлтүрө турганга+: “Мен кудаймын”,— деп айтасыңбы? Анткени сен кудай эмессиң, пендесиң”“+. 10  „Сен бөтөн жерликтердин колунан сүннөткө отургузулбагандардын өлүмү менен өлөсүң+, анткени муну мен айттым“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба». 11  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 12  «Адам уулу, Тир падышасы жөнүндө кошок кошуп+, ага мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Сен жеткилеңдиктин мөөрүсүң, акылмандыгың толук+, сулуулугуң жеткилең+. 13  Сен Эйденде, Кудайдын багында, болчусуң+. Ар кандай асыл таштарды: рубин, топаз, яшма, хризолит, оникс+, жадеит, сапфир, бирюза+, зымырыт тагынчусуң. Жасалгаларыңдын алкагы да, оюгу да алтындан чебердик менен жасалган болчу. Алар сен жаратылган күнү даярдалган эле. 14  Сен коргоо үчүн майланган керупсуң, сени мен дайындагам. Сен Кудайдын ыйык тоосунда болчусуң+, оттуу таштардын арасында жүрчүсүң. 15  Ыймансыздык кылганыңа чейин+, жаратылган күнүңдөн бери бардык жолдоруңда кынтыксыз болчусуң+. 16  Соодаң кулач жайгандыктан+, зордук-зомбулугуң көбөйүп, күнөө кыла баштадың+. Ошондуктан мен сени ыйык деп эсептебей, Кудайдын тоосунан кулатам+. Оо, коргоочу керуп, сени оттуу таштардын арасынан жок кылам. 17  Сулуулугуңдан улам жүрөгүң текеберденди+. Сен көз уялткан көркүңдөн улам акылмандыгыңдан ажырадың+. Мен сени жерге кулатам+, абалыңды көрүшү үчүн падышалардын алдына таштайм+. 18  Кылмыштарыңдын көптүгү менен+, соодаңдагы+ адилетсиздик менен сен ыйык жайларыңды арамдадың. Мен сенден от чыгарам, сени от жалмайт+. Карап тургандардын көз алдында сени жердеги күлгө айлантам+. 19  Элдердин арасындагылар, сени билгендердин баары, таң кала карашат+. Сен күтүлбөгөн жерден коркунучка кабылып, түбөлүккө жок болосуң”“»+. 20  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 21  «Адам уулу, жүзүңдү Сидонго+ буруп, ага каршы пайгамбарлык кыл. 22  Ага мындай деп айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, Сидон, мен сага каршы чыгып+, сенин ичиңде даңкталам+. Ага чыгарылган өкүмдөрүмдү ишке ашырып+, ыйыктыгымды көрсөткөндө+, менин Жахаба экенимди билишет. 23  Мен ага жугуштуу оору жиберем, көчөлөрүндө кан агызам+. Ага каршы ар тараптан кылыч көтөрүлгөндө, анын ичиндегилер кылычтан өлөт+. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет+. 24  Ошондон кийин Ысрайыл үйүнө тегерегиндегилердин, аларды жек көргөндөрдүн эч кимиси сайып алар ийне же сыздатар тикен+ болбойт. Ошондо менин Эгедер Теңир Жахаба экенимди билишет”“. 25  „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен элдердин арасына чачырап кеткен Ысрайыл үйүн чогултканда+, алардын арасында, элдердин көз алдында ыйыктыгымды көрсөтөм+. Ошондо алар өз жеринде, мен кызматчым Жакыпка берген жерде+, жашашат+. 26  Алар ошол жерде коопсуз жашашат+, үй курушат+, жүзүм отургузушат+. Тегерегиндегилерге, аларды жек көргөндөргө чыгарган өкүмдөрүмдү ишке ашырганда+, элим коопсуз жашайт+. Ошондо менин өздөрүнүн Кудайы Жахаба экенимди билишет”“».

Шилтемелер