Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 26:1—21

26  Он биринчи жылы, айдын биринчи күнү Жахаба мага мындай деди:  «Адам уулу, Тир+ Иерусалим жөнүндө+: „Ырас болду!+ Элдерди өзүнө тартып турган шаар талкаланды!+ Эми баары меники болот. Ал кыйрагандыктан+, мен байыйм“,— дегени үчүн,  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Оо, Тир, мен сага каршы чыгам, деңиз толкунун көтөргөндөй+, сага каршы көптөгөн элдерди көтөрөм+.  Алар Тирдин дубалдарын уратышат+, мунараларын талкалашат+. Мен анын топурагын кырып тазалап, аны жалама аскадай кылам.  Ал деңиздин ортосундагы+ тор кургата турган жерге айланат“+. „Муну мен айттым,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Аны элдер талап-тонойт.  Анын карамагына кирген кургактыктагы шаарларынын эли кылычтан кырылат. Ошондо менин Жахаба экенимди билишет“+.  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен Тирге каршы түндүктөн Бабыл падышасы Небухаданасарды*+, падышалардын падышасын+, аттары+, майдан арабалары+, атчандары, аскерлери+, көп сандаган эли менен алып келем.  Ал карамагыңа кирген кургактыктагы шаарлардын элин кылыч менен кырат, сага каршы дөбө үйөт+, дубал тургузат, чоң калкан менен келет.  Дубалдарыңа дубал бузгучтары менен сокку урат, мунараларыңды куралдар менен талкалайт. 10  Аттарынын көптүгүнөн сени чаң басат+. Шаарга дубалдагы тешиктерден кирип келишкендей, ал дубалдарыңдан кирип келгенде, атчандардын, дөңгөлөктөрдүн, майдан арабалардын дабышынан дубалдарың солкулдайт. 11  Ал аттарынын туягы менен көчөлөрүңдүн баарын тебелеп-тепсейт+, элиңди кылычтап өлтүрөт, ошондо күчүңдүн түркүктөрү жерге кулайт. 12  Байлыгыңды талап-тоноп+, мал-мүлкүңдү+ уурдап кетишет, дубалдарыңды уратып, кооз үйлөрүңдү бузушат. Таштарыңды, жыгачыңды, топурагыңды сууга ыргытышат“. 13  „Мен ырларыңдын жаңырыгын басам+, ошондон кийин арфаларыңдын үнү угулбай калат+. 14  Сени жылаңач асканын жылмакай бетиндей кылам+. Сен тор кургата турган жерге айланасың+, кайра курулбайсың, анткени муну мен, Жахаба, айттым“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба+. 15  Эгедер Теңир Жахаба Тирге мындай дейт: „Оор жарадарлар онтогондо, элиң кырылганда, сен кулаганда чыккан дабыштан аралдар титиребей коёбу?+ 16  Деңиздин бардык башчылары+ тактыларынан түшүп+, чапандары менен саймалуу кийимдерин чечип ыргытышат. Аларды калтырак басат. Баары жерге отуруп+, көз ирмем сайын титиреп+, сени таң кала карашат. 17  Алар сен жөнүндө кошок кошуп+, мындай дешет: “Оо, деңиздерден келгендер жашаган, деңизде күчү ашынган даңктуу шаар+, кандай гана куладың!+ Шаар жана анда жашагандар, жер тургундарынын үрөйүн учургандар кыйрады! 18  Сен кулаган күнү аралдар титирейт. Кыйраганыңда, деңиздеги аралдардын тынчы кетет”“+. 19  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Сени эл жашабаган шаарлардай кылып ээн калтырганымда, үстүңө суу туңгуюктарын төккөнүмдө, сени чоң суулар каптаганда+, 20  мен сени аңга түшкөндөрдөй, байыртан бери көрдө жаткандардай кылам+, жердин түбүнө түшүрөм+. Сенде эч ким жашабашы үчүн, сени байыртан ээн жаткан жерлердин, аңга түшкөндөрдүн катарына кошом+. Тирүүлөрдүн жерин+ болсо көрктөндүрөм. 21  Сага күтүлбөгөн жерден коркунуч каптатам+, сен жок болосуң. Сени издешет+, бирок кылымдар бою таба алышпайт“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба».

Шилтемелер

Же: «Небухадарасарды».