Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 24:1—27

24  Тогузунчу жылдын онунчу айынын онунчу күнүндө Жахаба мага мындай деди:  «Адам уулу, ушул күндү, так ушул күндү жазып ал. Анткени так ушул күнү Бабыл падышасы Иерусалимге кол салган+.  Бул козголоңчул үйгө+ байланыштуу мындай ылакап айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Чоң казан асып, суу куй+.  Ага жиликтерди, эттин+ жакшысын, жамбашты, кары жиликти сал. Казанды тандалган сөөктөргө толтур.  Койдун семизин танда+. Казандын астына отун салып, жиликтерди, cөөктөрдү кайнат”“»+.  «Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Кан төккөн шаарга+, дат басып, даты кетпеген чоң казанга, каран түн келет! Казандан жилик артынан жиликти чыгар+, өкчөмө таш ыргытпа+.  Анткени шаардын ичинде кан төгүлгөн+. Ал канды жерге төкпөй, топурак менен көмбөй+, жалама аскага төккөн.  Өч алганы+ каарым кайнашы үчүн, мен анын төккөн канын жалама аскада калтырдым; ал көмүлбөйт“+.  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Кан төккөн шаарга каран түн келет!+ Мен отунду үймөк кылып үйөм+. 10  Отундан көп-көп салып, от жак, этти эзилте кайнат. Анан шорпосун төгүп сал, сөөктөрү чоктой болуп чыксын. 11  Бош казанды кызарышы үчүн чоктун үстүнө кой. Жези абдан кызысын, ичиндеги ыпыластыгы эрисин+. Датын от жалмасын+. 12  Эмне деген машакат! Алдан тайдырса да, калың дат кетпейт+. Дат баскан казан отко ташталсын!“ 13  „Сен өзүңдү уятсыз жүрүм-турумуң менен арамдадың+. Сени канча тазаласам да, ыпыластыгыңдан тазаланган жоксуң+. Мен сага болгон каарымды кандырмайынча+, таза болбойсуң. 14  Муну мен, Жахаба, айттым+. Алаамат келет+, мен айтканымды аткарам. Көз жумуп койбойм+, аябайм+, өкүнбөйм+. Сени жолдоруңа, иштериңе жараша соттошот“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба». 15  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 16  «Адам уулу, сокку уруп, сени өзүң жакшы көргөндөн+ ажыратам+. Бирок сен көкүрөгүңдү муштагылаба, ыйлаба, көзүңө жаш алба+. 17  Үн чыгарбай онто, өлгөндөрдү жоктоп аза күтпө+. Баш кийимиңди орон+, сандалыңды бутуңа кий+. Мурутуңду жаппа+, башкалар алып келген нандан жебе»+. 18  Мен эртең менен элге кайрылдым, кечинде болсо аялым каза болду. Эртеси эртең менен, мага кандай буйрук берилсе, ошондой кылдым. 19  Ошондо мага: «Кылгандарыңдын бизге кандай тиешеси бар экенин айтып бербейсиңби?» — дегендер болду+. 20  Мен аларга мындай дедим: «Мага Жахабадан мындай сөз болду: 21  „Ысрайыл үйүнө айт: “Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен ыйык жайымды — силер аябай сыймыктанган+, баалаган+, жаныңар аяган жайды — арамдайм+, ал эми өзүңөр жашаган жериңерге калтырып келген уул-кыздарыңар кылычтан өлөт+. 22  Ошондо мен кылганды силер да кыласыңар: мурутуңарды жаппайсыңар+, башкалар алып келген нандан жебейсиңер+. 23  Баш кийимиңер башыңарда, сандалыңар бутуңарда болот. Көкүрөгүңөрдү муштагылабайсыңар, ыйлабайсыңар+, силер кылмыштарыңар үчүн чирип жок болосуңар+, бири-бириңердин алдыңарда үшкүрүнөсүңөр+. 24  Жезекиел силерге жышаан болду+. Ал кылгандын баарын силер да кыласыңар. Ушулар аткарылганда+, менин Эгедер Теңир Жахаба экенимди билесиңер””“»+. 25  «Сага болсо, адам уулу, мен алардан өздөрүн шаттандырган, көздөрүн суктандырган+, жанын эңсеткен чебин, уул-кыздарын тартып алган күнү+ 26  качып кутулган бирөө кабар айтып келет+. 27  Ошол күнү оозуң ачылат да, качып кутулган адамга сүйлөйсүң+, үнсүз калбайсың+. Сен аларга жышаан болосуң+, ошондо алар менин Жахаба экенимди билишет»+.

Шилтемелер