Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 22:1—31

22  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Оо, адам уулу, канга забын болгон+ шаардын айыбын ачасыңбы+, айыбын ачасыңбы? Ага бардык жийиркеничтүү иштерин айтасыңбы?+  Мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Жазаланар күнү келгенге чейин+ өз ичинде кан төккөн+, заңдай жийиркеничтүү буркандарды жасап арамдалган шаар!+  Сен кан төгүп айыптуу болдуң+, заңдай жийиркеничтүү буркандарды жасап арамдалдың+. Күндөрүңдү кыскарттың, жоопко тартылар убагыңды жакындаттың. Ошондуктан сени башка элдерге маскара кылам, бардык жерлерге күлкү кылам+.  Оо, аты булганган, дүрбөлөңгө түшкөн шаар, сени жакынкы да, алыскы да жерлер шылдыңдашат+.  Мына, сендеги Ысрайыл башчыларынын+ ар бири бийлигин кан төгүш үчүн колдонот+.  Тургундарың атасы менен энесин сыйлашпайт+, келгинди алдашат+, жетим менен жесирге жаман мамиле кылышат”“»+.  «„Сен ыйык жайларымды баркка албай, ишемби күндөрүмдү арамдадың+.  Сенден кан төгүш үчүн жалаа жапкандар чыкты+, тоолоруңда буркандарга багышталган курмандыктарды жешти+, ичиңде уятсыз жүрүм-турумга берилишти+. 10  Атасынын жылаңач этин ачышты+, айызы келгендиктен таза эмес болгон аялды маскара кылышты+. 11  Бири жакынынын аялы менен жийиркеничтүү иш кылды+, бири бузукулугу менен өз келинин арамдады+, бири өз карындашын, атасынын кызын, маскара кылды+. 12  Сенин ичиңде кан төгүш үчүн пара алышты+. Сен үстөк алдың+, бирөөнүн аркасынан пайда көрдүң+, жакыныңды алдап+, зордук-зомбулук менен киреше таптың+, мени болсо унуттуң“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба. 13  „Мына, мен сенин арам оокаттын артынан түшүп+, кан төгүп жатканыңды көргөндө+ алаканымды чаптым+. 14  Мен сага каршы чыккан күндөрдө жүрөгүң туруштук бере алабы+, билегиңде күч болобу?+ Муну мен, Жахаба, айттым, айтканымды ишке ашырам+. 15  Сени элдердин арасына, жер-жерлерге чачыратып жиберем+, сендеги ыпыластыкты жок кылам+. 16  Сен элдердин көз алдында арамдаласың, ошондо менин Жахаба экенимди билесиң“»+. 17  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 18  «Адам уулу, Ысрайыл үйүндөгүлөр мен үчүн ширендидей болуп калды+. Баары тең мештеги жездей, калайдай, темирдей, коргошундай. Алар күмүштүн ширендисиндей болуп калышты+. 19  Ошон үчүн Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Баарыңар ширендидей болуп калгандыктан+, силерди Иерусалимге чогултам+. 20  Күмүштү, жезди, темирди+, коргошунду, калайды мешке чогултуп, от үйлөп+, кандай эритишсе, мен да силерди ачуум менен, каарым менен чогултуп, от үйлөп, эритем+. 21  Силерди чогултуп, силерге жаалымдын отун үйлөйм+, ошондо шаардын ичинде эрийсиңер+. 22  Мештеги күмүш кандай эрисе, силер да шаардын ичинде ошондой эрийсиңер. Ошондо силерге каарымды төккөн мен+, Жахаба, экенимди билесиңер“». 23  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 24  «Адам уулу, ага мындай де: „Сен каар төгүлгөн күнү+ жамгыр менен сугарылбаган, тазаланбаган жерсиң. 25  Сенин ичиңде пайгамбарларың козголоң уюштуруп+, арылдаган арстандай олжосун жара тартып+, жанды жеп-жутуп+, мал-мүлктү, кымбат баалуу буюмдарды тартып алып+, жесирлердин санын көбөйтүп жатышат+. 26  Дин кызматчыларың мыйзамымды бузуп+, ыйык жайларымды арамдап жатышат+. Алар ыйык нерсени жөнөкөй нерседен+ айырмалашпайт+, таза эмес менен таза нерсенин айырмасын билишпейт+. Ишемби күндөрүмө көз жумду мамиле кылып+, мага акарат кылып жатышат+. 27  Төрөлөрүң олжосун жара тарткан карышкырлардай кан төгүп+, арам оокат үчүн+ жандарды өлтүрүп жатышат. 28  Пайгамбарларың алардын күнөөлөрүн дубалды актагандай жаап-жашырып+, аян аркылуу жок нерсени көрүп+, төлгө тартып, Жахаба айтпаса да, “Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт...” деп аларды алдап жатышат+. 29  Бул жердин эли болсо башкаларды алдоону ойлоп+, ойлорун ишке ашырып жатышат, талап-тоноочулукка барып+, бей-бечара менен жакырга жаман мамиле кылып+, келгинди алдап, адилетсиздик кылып жатышат“+. 30  „Бул жерди кыйратпаш үчүн+ мен алардын арасынан таш дубалды оңдой турган, дубалдын урап калган жерлеринде тура турган+ адамды издедим+, бирок тапкан жокмун. 31  Ошондуктан аларга каарымды төгөм+, аларды жаалымдын оту менен жок кылам+, өздөрүнүн жолуна жараша жоопко тартам“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба».

Шилтемелер