Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 2:1—10

2  Ал мага: «Адам уулу+, ордуңан тур, мен сени менен сүйлөшөм»,— деди+.  Ал сүйлөөрү менен, мага рух кирип+, Сүйлөгөндү угушум үчүн, ордуман тургузду+.  Ал мага мындай деди: «Адам уулу, мен сени Ысрайыл уулдарына+, мага каршы козголоң чыгарган козголоңчул элдерге жиберип жатам+. Алар өздөрү да, ата-бабалары да ушул күнгө чейин мага каршы күнөө кылып келатышат+.  Алар — уятсыз+, жүрөгү өжөр уулдар+. Мен сени ошолорго жиберип жатам, сен аларга: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт...“ — деп айтасың.  Алар козголоңчул үй болгондуктан+, угабы+ же укпайбы+, өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишсин+.  Сен болсо, адам уулу, алардан коркпо+, алардын сөздөрүнөн да коркпо, анткени алар — кежир эл+, сени сайгылаган тикенек+. Сен чаяндардын+ арасында жашап жатасың. Алардын сөздөрүнөн коркпо+, жүздөрүнөн үрөйүң учпасын+, анткени алар — козголоңчул үй+.  Алар козголоңчул болгондуктан, угабы же укпайбы, аларга менин сөздөрүмдү айт+.  Сен болсо, адам уулу, айта тургандарымды ук. Бул козголоңчул үйдөй козголоңчул болбо+. Оозуңду ачып, эмне берсем, ошону же»+.  Ошондо мен өзүмө сунулган колду көрдүм+, анда түрмөк китеп бар экен+. 10  Ал аны менин алдымда ачты. Түрмөктүн ичи-тышы жазылуу экен+. Анда кошок, онтоо, өкүрүк жазылыптыр+.

Шилтемелер