Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 19:1—14

19  «Сен болсо Ысрайыл башчылары жөнүндө+ кошок кошуп+,  мындай де: „Сенин энең ким болгон? Ал — арстандардын арасындагы ургаачы арстан+. Ал жалдуу жаш арстандардын арасында жатып, күчүктөрүн чоңойтту.  Ал күчүктөрүнүн бирин багып чоңойтту+. Күчүгү жалдуу жаш арстанга айланып, жемине кол салууну үйрөндү+. Атүгүл адамдарды да жечү болду.  Ал жөнүндө элдер укту. Аны орго түшүрүп кармап, илмек менен Мисир жерине алып барышты+.  Энеси күтүп жүрүп үмүтү үзүлгөндө, башка күчүгүн алды да+, жалдуу жаш арстан болгуча бакты.  Ал арстандардын арасына кошулду. Жалдуу жаш арстанга айланып, жемине кол салууну үйрөндү+. Атүгүл адамдарды да жечү болду+.  Алардын мунаралуу чебин таап, шаарларды кырды+, жерди ээн калтырды. Анын аркырап-күркүрөгөн үнү ар тараптан угулуп жатты+.  Анан тегеректеги дубандардын элдери ага каршы чыгып+, үстүнө тор ыргытышты+, аны орго түшүрүп кармашты+.  Акыры аны илмек менен капаска салып, Бабыл падышасына алып кетишти+. Үнү Ысрайыл тоолорунда+ экинчи угулбашы үчүн, аңчынын торуна салып алып барышты. 10  Сенин энең+ суу жээгине отургузулган жүзүм сабагы* эле+. Суунун молдугунан ал бутактуу да, жемиштүү да болчу+. 11  Бутактары башкаруучулардын бийлик таягына жарагыдай катуу болуп чыкты+. Ал айланасындагы бактардын бутактарынан жогору көтөрүлүп, жалбырактарынын жыштыгы, бийиктиги менен көзгө көрүндү+. 12  Акыры каардуу кол аны тамыры менен жулуп+, жерге ыргытты. Чыгыш шамалы мөмөлөрүн чүрүштүрдү+. Катуу бутагы жулунду, куурап калды+, аны от жалмады+. 13  Бул жолу ал чөлгө+, суусуз, какшыган жерге отургузулду+. 14  Анан бутагынан от чыгып+, сабактары менен мөмөлөрүн жалмап кеткендиктен, катуу таякка, бийлик таягына жарабай калды+. Бул — кошок, ооздон оозго өтө турган кошок“»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «каныңдагы жүзүм сабагы».