Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 17:1—24

17  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, Ысрайыл үйүнө табышмак+, ылакап айт+.  Аларга мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Чоң канаттуу+, чалгындары узун, кубулжуган калың жүндүү бир алп бүркүт+ Лебанонго+ учуп келип, бал карагайдын+ башын үзүп алды+.  Ал карагайдын учунан жаш бутак үзүп, Канаан жерине алып барды да+, соодагерлердин шаарына отургузду.  Анан ошол жердин уруктарынан алып+, айдоого септи. Урукту чоң суунун боюндагы талдай+, мажүрүм талдай кылып отургузду.  Ал өнүп чыккан соң жайылып өскөн жапыз жүзүм сабагына айланды+. Сабактары өзүн көздөй ийилип, тамыры өзүнүн алдына жайылды. Ошентип, чырпыктары өсүп, бутактуу жүзүмгө айланды+.  Чоң канаттуу, чалгындары узун+ дагы бир алп бүркүт бар эле+. Жүзүм сабагы тамырын ач көздүк менен ошол бүркүттү көздөй созду+. Сугарсын деп, жалбырактарын ал тарапка — өзү отургузулган жөөктөн башка жакка — бурду+.  Бирок ал бутак жайып, түшүм берип, эң сонун жүзүм сабагы болушу үчүн чоң суунун боюна, жакшы жерге отургузулган болчу”“+.  Мындай деп айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Ал ийгиликке жетеби?+ Аны тамыры менен жулуп салышпайбы?+ Мөмөлөрү чирип калбайбы? Жулунган бутактары куурап калбайбы?+ Куурап калат. Ал күчтүү билектин, көп кишинин жардамысыз эле тамыры менен жулунуп салынат. 10  Ал тигилгени менен, ийгиликке жетеби? Чыгыш шамалы соккондо, куурап калбайбы?+ Өскөн жөөгүндө куурап калбайбы?”“»+ 11  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди: 12  «Козголоңчул үйдөн+: „Мунун маанисин түшүнбөйсүңөрбү?“ — деп сурачы. „Мына, Бабыл падышасы Иерусалимге келип, падышасын да+, төрөлөрүн да Бабылга алып кетти+,— деп айт.— 13  Ал падышанын тукумунан бирөөнү алып+, аны менен келишим түздү, андан ант алды+. Өлкөнүн көрүнүктүү кишилерин да алып кетти+. 14  Падышалык алсырап+, баш көтөрө албай калышы үчүн, келишимди сактап жашашы үчүн ошентти+. 15  Бирок тиги каршы чыкты+: элчилерин Мисирге жиберип, көп киши, ат сурады+. Бирок ал ийгиликке жетеби? Келишимди бузуп, ушуну кылган киши аман калабы? Ал тирүү калабы?“+ 16  „Мен тирүүмүн+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— падыша катары коюлган, антын барк албай+, келишимди бузган киши падышанын жеринде, Бабылда өлөт+. 17  Фараон ага согушта чоң аскери менен да, көп сандаган эли менен да жардам бере албайт+. Анын көп кишинин жанын алыш үчүн+ дөбө үйгөнү, дубал тургузганы да бекер. 18  Ал антты барк албай+, келишимди бузду. Колун берип+, ушунун баарын кылды. Эми ал тирүү калбайт“+. 19  „Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен тирүүмүн. Антымды барк албай+, келишимимди бузганы үчүн аны жоопко тартам. 20  Мен анын үстүнө тор ыргытам, ал менин торума түшөт+. Аны Бабылга алып келип, мага каршы чыкканы үчүн, ишенимсиздик кылганы үчүн аны менен соттошом+. 21  Ал эми кошуундарынан качкан качкындардын баары кылычтан өлөт, калгандары туш тарапка чачырайт+. Ошондо муну мен, Жахаба, айтканымды билесиңер”“+. 22  „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен да бал карагайдын башын үзүп алып, жерге отургузам+. Анын учунан назик+, жаш бутак үзүп алып, асман тиреген бийик тоого отургузам+. 23  Аны Ысрайылдын бийик тоосуна отургузам+. Ал бутактап, мөмө байлап+, бакыйган бал карагайга айланат+. Анын астында ар кандай канаттуулар жашайт, жалбырактарынын көлөкөсүнөн жай табат+. 24  Ошондо талаадагы бак-дарактардын+ баары бийик бакты жапыз+, жапыз бакты бийик кылган+, көгөрүп турган бакты кууратып+, куураган бакты гүлдөткөн мен, Жахаба, экенимди билишет. Муну мен, Жахаба, айттым, ишке ашырдым”“»+.

Шилтемелер