Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 16:1—63

16  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, Иерусалимге жийиркеничтүү иштери+ тууралуу айт+.  Ага мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Сенин тек жайың, төрөлгөн жериң — Канаан+. Атаң аморлук+, энең Хеттин+ тукумунан.  Сен төрөлгөн күнү+ киндигиңди кесишкен эмес, сени жуунтушкан эмес, денеңе туз сүртүшкөн эмес, жалаякка орошкон эмес.  Сени эч кимдин көзү аяган эмес+, сага боор ооруп ушулардын бирин да кылышкан эмес. Тескерисинче, талаага таштап кетишкен, анткени төрөлгөн күнү жаның жек көрүндү болгон.  Ошондо мен жаныңан өтүп баратып, канга оонап жатканыңды көргөм, кан болуп жаткан сага: “Жашагын!” — дегем+. Ооба, кан болуп жаткан сага: “Жашагын!” — дегем.  Анан сени талаа өсүмдүктөрүндөй абдан көбөйттүм. Сен өстүң+, чоңойдуң, эң кооз жасалгаларды тагындың+. Кийими жок жылаңач жүргөнүңдө эле төштөрүң чыгып, чачың барпайып өсүп чыкты”“.  „Мен сени жаныңан өтүп баратып көрдүм. Ошол убак сенин убагың, сүйүү убагы эле+. Ошондуктан этегим менен жылаңач этиңди жаап+, сага ант бердим, сени менен келишим түздүм+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ошентип, сен мага таандык болуп калдың+.  Мен сени сууга жуунттум+, каныңды жуудум, сени май менен майладым+. 10  Үстүңө саймалуу кийим+, бутуңа түлөндүн* терисинен+ бут кийим кийгиздим, сага жогорку сапаттагы зыгыр буласынан+, кымбат кездемеден жабуу жаптым. 11  Сени жасалгалар менен жасанттым, колдоруңа билерик+, мойнуңа мончок тактым+. 12  Мурдуңа шакек+, кулагыңа сөйкө салдым+, башыңа кооз таажы кийгиздим+. 13  Сен алтын-күмүш тагындың, жогорку сапаттагы зыгыр буласынан, кымбат кездемеден кийим, саймалуу кийим кийдиң+. Жегениң эң жакшы ун, бал, май болду+. Сен сулууга, чүрөккө айландың, падышалык даражага татыктуу болдуң“»+. 14  «„Сулуулугуңдан улам элдерге атың таанылды. Мен сени көрккө бөлөгөндүктөн, сулуулугуң жеткилең болду“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба». 15  «„Бирок сен сулуулугуңа таяндың+, атыңдан пайдаланып, сойкулук кыла баштадың+, жолдон өткөндүн баары менен эле бузуктук кыла бердиң+, сулуулугуңду ошолорго арнадың. 16  Сен түркүн түстүү бийик жерлерди жасадың+, алып келген кийимдериңди астыңа салып, бузуктук кылдың+; мурун мындай болгон эмес, кийин да болбошу керек. 17  Мен берген алтын-күмүштөн жасалган кооз буюмдарыңды алып+, эркектин айкелдерин жасап+, алар менен сойкулук кылып жүрдүң+. 18  Сен аларды саймалуу кийимдериң менен жаап, алдына менин майымды, менин жыпарзатымды койдуң+. 19  Мен сага жегенге берген нанды, эң жакшы унду, майды, балды да+ алардын алдына жыты жагымдуу тартуу катары койдуң+. Ошонуңду уланта бердиң“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба». 20  «„Мага төрөп берген уул-кыздарыңды алып+, буркандарыңа багыштап, курмандыкка чалдың+. Сага өзүңдүн сойкулугуң аздык кылдыбы? 21  Сен менин уулдарымды өлтүрдүң+, аларды буркандарыңа багыштап өрттөдүң+. 22  Бардык жийиркеничтүү иштериңе берилип, сойкулук кылып жүргөндө кийими жок жылаңач жүргөн жаш кезиңди, канга оонап жатканыңды эстеген жоксуң+. 23  (“Башыңа каран түн, каран түн түшөт”+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.) Бардык жаман иштериңден кийин 24  сен өзүңө дөбө үйдүң, ар бир аянтка бийик жер жасадың+. 25  Ар бир жолдун башына бийик жер салып+, сулуулугуңду арамдадың+, жаныңан өткөндөрдүн ар бирине өзүңдү сунуш кылып+, сойкулугуңду арбыттың+. 26  Сен Мисир уулдары менен+, кумары ашынган коңшуларың менен+, бузуктук кылып жүрдүң, мага акарат кылыш үчүн сойкулукка бериле бердиң. 27  Ошон үчүн колумду сага каршы сунуп+, үлүшүңдү азайтам+. Сени Пелишти кыздарынын колуна+, өзүңдү жек көргөн+, уятсыз* жүрүм-турумуңдан+ уялган аялдардын колуна салып берем. Алар сага каалаганындай мамиле кылышат+. 28  Кумарың канбай Ашур уулдары менен да бузуктук кылдың+, бирок ага да канааттанган жоксуң. 29  Сойкулугуңду Канаан жерине+, каздимдиктерге чейин жайылттың+, бирок ошондо да канааттанган жоксуң. 30  Ушунун баарын жасап, уятсыз сойку+ аялдын ишин кылып келгениң үчүн+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— сага каарым кайнап турат!+ 31  Сен ар бир жолдун башына дөбө үйүп, ар бир аянтка бийик жер жасаганыңда сойкуга да окшошкон жоксуң, анткени акы алуудан баш тарттың. 32  Ойноштук кылган аял күйөөсүнүн ордуна чоочундарды кабыл алат+. 33  Адатта, сойкулардын баарына белек беришет+, сен болсо бардык ойношторуңа өзүң белек берчүсүң+. Ар тараптан келип, өзүң менен бузуктук кылышы үчүн, аларды сатып алчусуң+. 34  Сенин сойкулугуң башка аялдардыкына да окшошпойт, сага окшоп сойкулук кылган эч ким жок, анткени сага акы төлөшпөйт, сен өзүң төлөйсүң. Бардыгы тескерисинче болуп жатат“. 35  Ошондуктан, оо, сойку+, Жахабанын сөзүн ук+. 36  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Кумарыңа жетеленип+, уяттуу жерлериңди ачканың үчүн+, ойношторуң менен+, заңдай жийиркеничтүү буркандарың менен+ сойкулук кылганың үчүн, аларга багыштаган уулдарыңдын каны үчүн+ 37  өзүң кумарын кандырган ойношторуңдун баарын, өзүң сүйгөндөр менен өзүң жек көргөндөрдүн баарын чогултам. Аларды ар тараптан сага каршы чогултуп келип, уяттуу жерлериңди ачам, алар уяттуу жерлериңдин баарын көрөт+. 38  Мен сени ойноштук кылган+, кан төккөн+ аялдарды соттогондой соттойм, каарым менен, кызганычым менен катуу жазалайм+. 39  Сени алардын колуна салып берем, алар дөбөңдү түздөп+, бийик жерлериңди кыйратышат+, кийимиңди сыйрып+, кооз буюмдарыңды тартып алышат+, кийимсиз жылаңач калтырышат. 40  Сага каршы топ элди көтөрүшөт+, сени таш бараңга алышат+, кылычтап өлтүрүшөт+. 41  Үйлөрүңдү өрттөп жиберишет+, сага чыгарылган өкүмдөрдү көптөгөн аялдардын көзүнчө аткарышат+. Мен сойкулугуңду токтотом+, ошондон кийин эч кимге акы төлөбөй каласың. 42  Сага кайнаган каарым басылат+, кызганычым тарайт+. Ошондо тынчтанам, андан кийин каарданбайм“. 43  „Жаш кезиңди эстебегениң үчүн+, мени ушулардын баары менен ачуулантканың үчүн+, сени өз жолуңа жараша жоопко тартам+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ошондо уятсыз жүрүм-турумуңду, бардык жийиркеничтүү иштериңди таштайсың. 44  Сени сөз кылгандардын баары: “Энеси кандай болсо, кызы да ошондой”+,— деген макалды айтышат+. 45  Сен күйөөсү+ менен уулдарын жек көргөн энеңдин кызысың+; эжең менен сиңдиң да өз күйөөлөрү менен уулдарын жек көргөн. Силердин энеңер Хеттин тукумунан+, атаңар аморлук+ болгон“». 46  «„Сол тарабыңда жашаган эжең — Самария+ менен анын карамагындагы шаарлар+, оң тарабыңда жашаган сиңдиң — Содом+ менен анын карамагындагы шаарлар+. 47  Сен алардын жолдору менен жүргөн жоксуң, алардын жийиркеничтүү иштерин кылган жоксуң+. Көп өтпөй өзүңдүн бардык жолдоруңда алардыкынан да жаман иштерди кыла баштадың+. 48  Мен тирүүмүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— сенин өз карамагыңдагы шаарлар менен бирге кылганыңды сиңдиң Содом жана анын карамагындагы шаарлар кылган эмес+. 49  Сиңдиң Содомдун кылмышы бул: өзү да, карамагындагы шаарлар+ да бой көтөрүп+, нанды тоё жеп+, бейпилчиликте бейкам жашап+, бей-бечара+ менен жакырга жардам берген эмес+. 50  Алар кекирейгенден кекирейип+, менин алдымда жийиркеничтүү иштерди кыла беришкен+. Акыры мен аларды четке кагууну туура көргөм+. 51  Самария+ сенин күнөөлөрүңдүн жарымын да кылган эмес. Сен өзүңдүн жийиркеничтүү иштериң менен алардан ашып түштүң. Ушундай жийиркеничтүү иштерди кылган сага караганда эжең менен сиңдиң адилирээк көрүнөт+. 52  Эми маскаралыгыңды көтөр, анткени эжең менен сиңдиңдин акталышына себепкер болдуң. Сен күнөөлөрүң менен алардыкынан да жийиркеничтүү иштерди кылдың, алар сага караганда адил+. Ошондуктан бетиң кызарсын, маскаралыгыңды көтөр, анткени эжең менен сиңдиң сага караганда адилирээк көрүнөт“. 53  „Мен алардын туткундагы элин, Содом менен анын карамагындагы шаарлардын туткундагы элин, Самария менен анын карамагындагы шаарлардын туткундагы элин чогултам+. Алар менен кошо сенин да туткундагы элиңди чогултам+. 54  Ошондо сен маскаралыгыңды көтөрөсүң+, алардын сооронушуна+ себепкер болуп кылган иштериңдин баары үчүн басынтыласың. 55  Сиңдиң Содом менен анын карамагындагы шаарлар мурунку абалына келет, Самария менен анын карамагындагы шаарлар да мурунку абалына келет, сен да карамагыңдагы шаарлар менен мурунку абалыңа келесиң+. 56  Сен бой көтөргөн+ күнү сиңдиң Содомду оозго алууга да татыксыз деп эсептегенсиң. 57  Сирия кыздары+ менен анын тегерегиндегилер, Пелишти кыздары+ сени кордоп, туш тараптан мазактаган убактагыдай+ жаман иштериң ашкереленмейинче+ кекирейип жүргөнсүң. 58  Эми уятсыз жүрүм-турумуңдун+, жийиркеничтүү иштериңдин азабын тартасың“+,— дейт Жахаба». 59  «Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен сени кылган иштериңе жараша жоопко тартам+, анткени сен келишимимди бузуп, антты баркка алган жоксуң+. 60  Бирок мен сени менен жаш чагыңда түзгөн келишимимди эстейм+, сени менен түбөлүккө келишим түзөм+. 61  Сен эже-сиңдилериңди кабыл алганда өз жолдоруңду эстеп уяласың+. Мен аларды сага кыз кылып берем+, бирок антишиме сени менен түзгөн келишимим себеп болбойт“+. 62  „Мен сени менен келишим түзөм+, ошондо менин Жахаба экенимди билесиң. 63  Ошентип, кылган иштериңди эстейсиң, уяласың+. Күнөөңдөн арылтканымда+, уялганыңдан лам деп ооз ачпайсың“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба».

Шилтемелер

Тюлень.
Же: «бузуку».