Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 13:1—23

13  Жахаба сөзүн улап, мага мындай деди:  «Адам уулу, Ысрайылдын пайгамбарлык кылып жүргөн пайгамбарлары+ жөнүндө пайгамбарлык кыл, өз оюндагысын айтып пайгамбарлык кылып жүргөндөргө+ минтип айт: „Жахабанын сөзүн уккула!+  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Эч кандай аян көрбөсө да+, өз ойлоруна жетеленип жүргөн акылсыз пайгамбарлардын+ башына каран түн түшөт!+  Оо, Ысрайыл, сенин пайгамбарларың урандылардын арасындагы түлкүлөрдөй болуп калды+.  Силер Жахабанын күнүндөгү+ согушка катышыш үчүн дубалдын урап калган жерлеринде турбайсыңар+, Ысрайыл үйү үчүн таш дубалды оңдобойсуңар”+.  “Алар жалган аян алып, төлгө тартып+, өзүлөрүн Жахаба жибербесе да, “Жахаба мындай дейт” деп калп айтып жатышат, анан айткандары аткарылат деп күтүшөт+.  Мен эч нерсе дебесем да, “Жахаба мындай дейт” деп айтканыңарда, алган аяныңар, тарткан төлгөңөр жалган эмес беле?”“+  „Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Калп айтканыңар үчүн, жалган аян көргөнүңөр үчүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— мен силерге каршы чыгам”+.  Мен колумду жалган аян көргөн, калп төлгө тарткан пайгамбарларга каршы сунам+. Алар элимдин жыйынына кошулбайт+, Ысрайыл үйүнүн тизмесине катталбайт+, Ысрайыл жерине кирбейт+. Ошондо менин Эгедер Теңир Жахаба экенимди билесиңер+. 10  Анткени алар, тынчтык жок болсо да, “тынчтык!” деп элимди адаштырып жатышат+. Бири дубал тургузса, башкалары аны бекер эле+ актап жатышат“+. 11  Дубалды актап жаткандарга: „Дубал урайт“,— деп айт. Кара нөшөр төгөт. Мөндүр, сен да жаайсың. Долу шамал дубалга жарака кетирет+. 12  Дубал урайт. Ошондо силерге: „Дубалдагы баягы шыбагыңар кана?“ — дешпейби?+ 13  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен каарым менен долу шамал, ачуум менен кара нөшөр, кыйратыш үчүн каарым менен мөндүр жиберем+. 14  Актаган дубалыңарды уратам, жер менен жексен кылам, анын пайдубалы көрүнүп калат+. Шаар кулайт, силер анын ичинде кырыласыңар. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“+. 15  „Мен бул дубалга да, аны актап жаткандарга да каарымды төгөм. Силерге мындай дейм: “Дубал да, аны актагандар да жок болду+. 16  Иерусалимге пайгамбарлык кылган, шаарда тынчтык жок болсо да, тынчтык болору жөнүндө аян көргөн Ысрайылдын пайгамбарлары+ жок болду”“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба+. 17  Сен болсо, адам уулу, элиңдин пайгамбарлык кылып, өз оюндагысын айтып+ жүргөн кыздарына+ каршы жүзүңдү бур+, аларга каршы пайгамбарлык кыл. 18  Аларга мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Ар кимдин жанын торго түшүрүш үчүн+ ар бир чыканакка тасма тиккен, бою ар кандай кишилердин башына жабуу жасаган аялдардын башына каран түн түшөт! Силер, аялдар, элимдин жанын торго түшүрүү менен өз жаныңарды сактап калабыз деп ойлойсуңарбы? 19  Мени элимдин алдында бир ууч арпа үчүн, нандын күкүмү үчүн мазактап жатасыңар+. Анткени өлтүрүлбөшү керек болгон жандарды өлтүрүп+, жашабашы керек болгон жандарды аман калтырып, калпка кулак түргөн элимди алдап жатасыңар”“+. 20  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Аялдар, мен силердин тасмаңарга каршы чара көрөм. Силер алардын жардамы менен жандарды куштардай кылып торго түшүрүп жатасыңар. Мен аларды колуңардан жулуп алам, торуңарга түшкөн жандарды бошотом. Ал жандарды куштарды бошоткондой бошотом+. 21  Мен жабууларыңарды сыйрып, элимди колуңардан куткарам, мындан ары алар торуңарга түшкөн олжо болбойт. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер+. 22  Мен өзүм жүрөгүн оорутпаган адил адамды алдаганыңар үчүн+, көңүлүн чөктүргөнүңөр үчүн, ыймансыз адам жаман жолунан кайтпасын, аман калбасын деп+, анын колуна кубат бергениңер үчүн+, 23  силер, аялдар, жалган аян көрбөй+, төлгө+ тартпай каласыңар+. Мен элимди силердин колуңардан куткарам+. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“»+.

Шилтемелер