Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 11:1—25

11  Мени рух+ көтөрүп+, Жахабанын үйүнүн чыгышты караган чыгыш дарбазасына+ алып келди. Дарбазанын алдында жыйырма беш киши туруптур+. Алардын арасынан эл төрөлөрү+ Азур уулу Жазания менен Беная уулу Пелатияны көрдүм.  Анан Кудай мага мындай деди: «Адам уулу, булар — жамандык кылууну ойлогон, бул шаарга каршы кеңеш берген кишилер+.  Алар: „Жакында үйлөрдү курабыз+. Шаар — чоң казан+, биз болсо этпиз“,— деп жатышат.  Ошон үчүн аларга каршы пайгамбарлык кыл. Адам уулу, пайгамбарлык кыл»+.  Мага Жахабанын руху түштү+. Ошондо Ал мага мындай деди: «„Жахаба мындай дейт+: “Оо, Ысрайыл үйү, айтканыңар туура. Мен силердин эмнелерди ойлоп жатканыңарды билем+.  Силер бул шаарда көптөрдү өлтүрдүңөр, көчөлөрүн өлүккө толтурдуңар”“+,— деп айт».  «Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Силер бул шаардын ортосуна таштаган өлүктөр — эт+, шаар — чоң казан+. Бирок силер шаардан чыгарыласыңар“»+.  «„Силер кылычтан коркчусуңар+, ошон үчүн силерге каршы кылыч жиберем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба+.—  Мен силерди анын ичинен чыгарып, бөтөн жерликтердин колуна салып берем+, силерге чыгарган өкүмдөрүмдү аткарам+. 10  Силер кылычтан сулайсыңар+, силерди Ысрайылдын чек араларында+ жазалайм. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер+. 11  Бул шаар силер үчүн чоң казан+ болбойт, силер анын ичиндеги эт болбойсуңар. Силерди Ысрайылдын чек араларында жазалайм. 12  Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер, анткени менин көрсөтмөлөрүм боюнча жүргөн жоксуңар, өкүмдөрүмдү аткарган жоксуңар+, тескерисинче, тегерегиңердеги элдердин өкүмдөрүн аткардыңар“»+. 13  Пайгамбарлык кылып бүтөрүм менен, Беная уулу Пелатия өлдү+. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылып: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба!+ Ысрайылдын калган элин кырып таштайсыңбы?»+ — деп кыйкырып жибердим+. 14  Жахаба мындай деди: 15  «Адам уулу, Иерусалимдин тургундары бир туугандарыңа+, кандаш бир туугандарыңа, бүт Ысрайыл үйүнө: „Жахабадан алыс жашагыла. Бул жер бизге таандык, ээлик кылышыбыз үчүн бизге берилген“,— деп жатышат+. 16  Ошондуктан айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен аларды элдердин арасына кууп жиберсем да+, жер-жерлерге чачыратып жиберсем да, барган жерлеринде алар үчүн бир аз убакытка ыйык жай болом”“+. 17  Ошондуктан айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Мен силерди элдердин арасынан, чачырап кеткен жерлериңерден чогултуп келем, силерге Ысрайыл жерин берем”+. 18  “Алар келип, андагы бардык жийиркеничтүү, ыпылас нерселерди жок кылышат+. 19  Мен аларга бир жүрөк берем+, алардын ичине жаңы рух салам+. Көкүрөктөрүнөн таш жүрөктү алып+, эт жүрөк берем+. 20  Ошондо алар менин көрсөтмөлөрүм боюнча жүрүшөт, өкүмдөрүмө карманып, аларды аткарышат+. Алар менин элим болушат+, мен алардын Кудайы болом”“+. 21  „“Ал эми жүрөгү менен жийиркеничтүү, ыпылас нерселерине байлангандарды+ өздөрүнүн жолуна жараша жоопко тартам”,— дейт Эгедер Теңир Жахаба“»+. 22  Ошондо керуптар+ канаттарын көтөрдү, алардын жанында дөңгөлөктөр+, ал эми үстүндө+ Ысрайыл Кудайынын даңкы турду+. 23  Анан Жахабанын даңкы+ шаардын ортосунан көтөрүлүп, шаардын чыгыш тарабындагы+ тоонун үстүнө токтоду+. 24  Мени рух+ көтөрүп+, Кудайдын руху берген аян аркылуу Каздимге, туткундагы элге+ алып келди. Анан ал аян менден алынды. 25  Ошондо Жахабанын көргөзгөндөрүнүн баарын туткундагы элге айта баштадым+.

Шилтемелер