Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жезекиел 10:1—22

10  Анан мен керуптардын төбөсүндөгү аянттын+ үстүнөн сапфир ташындай көрүнгөн+ такты сымал нерсени көрдүм+, ал керуптардын үстүнөн көрүндү.  Кудай зыгыр кийимчен кишиге+: «Тегеренип жаткан дөңгөлөктөрдүн арасына+, керуптардын асты жагына кир, алардын арасынан кош уучтап чок ал+, аны шаардын үстүнө ыргыт»,— деди+. Ошондо мен анын ошол жакка киргенин көрдүм.  Ал киргенде, керуптар үйдүн оң жагында турушкан, ички короону болсо булут каптап турган+.  Жахабанын даңкы+ керуптардын үстүнөн көтөрүлүп, үйдүн босогосуна түштү. Үй булутка+, короо Жахабанын даңкынын жарыгына толуп чыкты.  Керуптардын канаттарынан чыккан добуш+, Кудурети Күчтүү Кудайдын сүйлөгөндөгү үнүнө окшоп, тышкы короого чейин угулуп жатты+.  Кудай зыгыр кийимчен кишиге: «Тегеренип жаткан дөңгөлөктөр менен керуптардын арасынан от ал»,— деп буйрук кылганда, ал кирип, дөңгөлөктүн жанына барып турду.  Ошондо бир керуп колун сунуп, керуптардын арасындагы+ оттон алды да+, зыгыр кийимчен кишинин+ алаканына салып берди. Ал отту алып, чыгып кетти.  Керуптардын канаттарынын астынан адамдын колуна окшогон нерсе көрүнүп турду+.  Мен карап, керуптардын жанында төрт дөңгөлөк турганын көрдүм. Ар бир керуптун жанында бирден дөңгөлөк бар экен+, дөңгөлөктөрдүн көрүнүшү хризолит ташынын жаркыраганындай экен. 10  Бир дөңгөлөк экинчи дөңгөлөктүн ичинде жайгашкандай, төртөө тең бири-бирине окшош көрүндү+. 11  Жылганда алар төрт тарапка багыт алып жатышты. Жылып баратканда башка жакка бурулушкан жок, анткени баш кайсы жакты караса, ошол жакка багыт алып жатышты. Жылып баратканда башка жакка бурулушкан жок+. 12  Алардын бүт денесинде, далысында, колдорунда, канаттарында, ошондой эле дөңгөлөктөрдө тегерете көздөр жайгашыптыр+. Төртөөнүн тең жанында дөңгөлөк туруптур. 13  Мен дөңгөлөктөргө: «Оо, айланып жаткан дөңгөлөктөр!» — деп айтылганын уктум. 14  Ар биринин төрт бети бар экен+. Биринчи бети керуптун бети, экинчи бети адамдын бети+, үчүнчү бети арстандын бети, төртүнчү бети бүркүттүн бети экен+. 15  Керуптар көтөрүлдү+. Булар мен Кебар дарыясынын+ жанынан көргөн тирүү жандыктар болчу. 16  Керуптар жылганда, алардын жанындагы дөңгөлөктөр да жылып жатты+. Керуптар жерден көтөрүлүш үчүн канаттарын көтөргөндө, дөңгөлөктөр багытын өзгөрткөн жок, алардын жанында болду+. 17  Алар токтогондо, дөңгөлөктөр да токтоп жатты. Алар көтөрүлгөндө+, дөңгөлөктөр кошо көтөрүлүп жатты, анткени аларда тирүү жандыктардын руху бар эле+. 18  Жахабанын даңкы+ үйдүн босогосунан кетип, керуптардын үстүнө токтоду+. 19  Ошондо керуптар канаттарын көтөрүп, менин көз алдымда жерден көтөрүлүштү+. Алар жылганда, дөңгөлөктөр да жылып, алардын жанында баратты. Керуптар Жахабанын үйүнүн чыгыш дарбазасынын кире беришине келип токтошту, алардын үстүндө Ысрайыл Кудайынын даңкы турду. 20  Булар мен Кебар дарыясынын жанынан+, Ысрайыл Кудайынын тактысынын астынан көргөн тирүү жандыктар эле+. Ошондо мен булардын керуптар экенин түшүндүм. 21  Төртөөнүн тең төрт бети+, төрт канаты, канаттарынын астында адамдыкындай колдору бар экен. 22  Булардын беттери мен Кебар дарыясынын жанынан көргөн беттердей экен+. Керуптардын ар бири алдын көздөй баратты+.

Шилтемелер