Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жашыя 7:1—26

7  Ысрайыл уулдары жок кылынышы керек болгон нерселерге байланышкан буйрукка баш ийбей, ишенимсиздик көрсөтүштү: Жүйүт уруусунан болгон Зерактын чөбүрөсү, Забдинин небереси, Карминин уулу Ахан*+ жок кылынышы керек болгон нерселерден өзүнө алып алды+. Ошондуктан Ысрайыл уулдарына Жахабанын каары кайнады+.  Жашыя Жериходон Бейтелдин+ чыгыш тарабындагы Бет-Абендин+ жанындагы Айга+ киши жиберип: «Барып, ал жерди көрүп келгиле»,— деди. Алар барып, Айды чалгындап келишти+.  Анан Жашыяга келип: «Ал жакка бүт элди жиберүүнүн зарылдыгы жок. Айды басып алуу үчүн эки же үч миңдей эле киши жетиштүү. Элдин баарын ал жакка жиберип убара кылбай эле кой, ал жакта аз эле киши жашайт экен»,— дешти.  Ошентип, ал жакка үч миңдей киши барды. Бирок алар Айдын тургундарынан качып жөнөштү+.  Айдын тургундары алардын отуз алты кишисин өлтүрүштү. Алар ысрайылдыктарды шаардын дарбазасынан Шебаримге чейин кууп түшүштү+. Ал жерге жеткиче алардын бир нече кишисин өлтүрүштү. Ошондо элдин жүрөгү түшүп, абдан коркуп калышты+.  Жашыя менен Ысрайыл аксакалдары кийимдерин айрып, Жахабанын келишим сандыгынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып+, кечке чейин жатышты, алар баштарына топурак чачышты+.  Анан Жашыя мындай деди: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, бул элди Иордандан эмнеге алып өттүң? Аморлуктардын колуна салып берип, жок кылыш үчүнбү? Иордандын аркы өйүзүндө эле калып калсак эмне?!+  Оо, Жахаба, мени кечире көр, бирок Ысрайыл душманынан качып жатса, башка дагы эмне демек элем?  Эми канаандыктар менен бул жердин тургундарынын баары муну угуп, бизди курчап алышат да, жер үстүнөн ысмыбызды өчүрүшөт+. Ошондо өзүңдүн улуу ысмыңды кантип коргойсуң?»+ 10  Жахаба Жашыяга мындай деди: «Тур, эмнеге жүзтөмөндөп жатасың? 11  Ысрайыл күнөө кылды. Алар менин келишимимди бузушту+, жок кылынышы керек болгон нерселерден+ уурдап алып+, эч кимге айтпай, өздөрүнүн буюмдарынын арасына+ катып коюшту+. 12  Эми Ысрайыл уулдары душмандарына каршы тура алышпайт+. Алар душмандарынан качып жөнөшөт, анткени өздөрү жок кылынышы керек болгон нерсе болуп калды. Эгерде араңардагы жок кылынышы керек болгон нерселерден арылбасаңар+, мен силер менен болбойм. 13  Туруп, элди ыйыкта+. Анан аларга мындай деп айт: „Эртең өзүңөрдү ыйыктагыла, анткени Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл, силердин араңарда жок кылынышы керек болгон нерсе бар+. Аны жок кылмайын душмандарыңарга каршы тура албайсыңар. 14  Эртең эртең менен уруу-уруу болуп келгиле. Жахаба кайсы урууну көрсөтсө+, ал уруудагылар тукум-тукуму менен келсин. Жахаба кайсы тукумду көрсөтсө, ал тукумдагылар үй-бүлө-үй-бүлөсү менен келсин. Ал эми Жахаба көрсөткөн үй-бүлөдөгүлөр бир-бирден келсин. 15  Анан жок кылынышы керек болгон нерсени алды деп көрсөтүлгөн кишини өлтүрүп, ага таандык нерселер менен кошо өрттөп жибергиле+. Анткени ал Жахабанын келишимин бузуп+, Ысрайылда мыйзамсыз, акылсыз иш кылды”“»+. 16  Жашыя эртең менен эрте туруп, Ысрайылга уруу-уруу болуп келүүнү буйрук кылды, алардын ичинен Жүйүт уруусу көрсөтүлдү. 17  Анан ал Жүйүт уруусундагыларга тукум-тукуму менен келүүнү буйруду, алардын арасынан Зерактын+ тукуму көрсөтүлдү. Андан кийин ал Зерактын тукумундагыларга бир-бирден келүүнү буйруду, ошондо Забди көрсөтүлдү. 18  Акырында ал Забдинин үй-бүлөсүндөгүлөргө бир-бирден келүүнү буйрук кылды. Ошондо Жүйүт уруусундагы Зерактын чөбүрөсү, Забдинин небереси, Карминин уулу Ахан көрсөтүлдү+. 19  Жашыя Аханга: «Балам, Ысрайылдын Кудайы Жахабаны даңктап+, анын алдында күнөөңдү мойнуңа ал+. Эмне кылганыңды мага айтып бер+, эч нерсесин жашырба»,— деди+. 20  Ошондо Ахан Жашыяга мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы Жахабага каршы күнөө кылганым чын+. Мен мындай кылдым: 21  олжолордун арасынан аябай кооз, кымбат баалуу Шынар+ кийимин, эки жүз күмүш шекелди* жана салмагы элүү шекел уютулган алтынды көрүп калдым+. Анан алгым келип+, аларды алып алдым да+, чатырыма алып барып, жерге көмүп койдум, акча да ошол кийимдин астында»+. 22  Ошондо Жашыя кишилерди жөнөттү. Алар чатырга чуркап барышты. Ахан анын баарын, чын эле, чатырына катып койгон экен, кийимдин астында акча да бар экен. 23  Алар анын баарын алып, Жашыяга жана бүт Ысрайыл уулдарына алып келип, Жахабанын алдына коюшту. 24  Жашыя менен бүт Ысрайыл Зерактын уулу Аханды+, ошондой эле күмүштү, кымбат баалуу кийимди, уютулган алтынды+ жана анын уул-кыздарын, букаларын, эшектерин, майда малын, чатыры менен бардык буюмдарын Акор өрөөнүнө+ алып барышты. 25  Анан Жашыя ага: «Эмнеге биздин башыбызга мүшкүл түшүрдүң?+ Ошон үчүн Жахаба бүгүн сенин башыңа мүшкүл түшүрөт»,— деди. Анан бүт ысрайылдыктар аларды таш бараңга алып+, андан кийин өрттөп жиберишти+. Ошентип, аларды таш бараңга алып өлтүрүштү. 26  Анан Ахандын өлүгүнүн үстүнө дөбө кылып таш үйүштү. Ал бүгүнкү күнгө чейин бар+. Ошондо Жахабанын каары токтоду+. Ошондуктан ал жер азыркыга чейин Акор* өрөөнү+ деп аталат.

Шилтемелер

1Жл 2:7де «Ахар».
Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.
Мааниси: «куулуу; мүшкүл».