Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жашыя 1:1—18

1  Жахабанын кызматчысы Муса көз жумгандан кийин, Жахаба Мусанын кызматчысы+ Нундун уулу Жашыяга+ мындай деди:  «Менин кызматчым Муса көз жумду+. Эми сен бул эл менен бирге Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, мен Ысрайыл уулдарына бере турган жерге бар+.  Мусага убада кылганымдай, бутуңар баскан жердин баарын силерге берем+.  Чөлдөн жана Лебанондон тартып улуу Эфрат дарыясына чейин, тактап айтканда, Хеттин тукумдарынын+ бардык жери, ошондой эле батыштагы Улуу деңизге чейинки жерлердин баары силердики болот+.  Өмүрүң өткөнчө эч ким сага каршы тура албайт+. Мен Муса менен болгондой эле, сени менен да болом+. Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм+.  Кайраттуу, бекем бол+, анткени бул элди мен ата-бабаларына берем деп ант берген жерге+ сен алып барасың+.  Болгону, менин кызматчым Муса буйрук кылган мыйзамдын баарын кылдаттык менен аткарыш үчүн кайраттуу, бекем бол+. Бардык ишти акылмандык менен кылышың үчүн+ ал мыйзамдан оңго да, солго да бурулба+.  Ал мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн+. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү ой жүгүртүп* оку+. Ошондо ийгиликке жетесиң, акылмандуулук менен иш кыласың+.  Дагы айтам, кайраттуу, бекем бол+. Коркпо, үрөйүң учпасын+, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»+. 10  Ошондо Жашыя эл башчыларына: 11  «Конушту кыдырып чыгып, элге: „Тамак-ашыңарды камдагыла, анткени үч күндөн кийин Иордан дарыясынын аркы өйүзүнө өтүп, Жахаба Кудайыңар берип жаткан жерге барасыңар“+,— деп буйрук кылгыла»,— деди. 12  Ал эми Рубейин менен Гат уруусуна жана Менаше уруусунун жарымына мындай деди: 13  «Жахабанын кызматчысы Мусанын силерге кандай буйрук бергенин эстегиле+. Ал силерге мындай деген: „Жахаба Кудайыңар силерге тынчтык берип жатат. Ал силерге бул жерди берди. 14  Аялдарыңар менен балдарыңар жана малыңар Муса силерге Иордандын ушул өйүзүнөн берген жерде калсын+. Ал эми эр жүрөк, күчтүү эркектериңердин баары+, аскердик топтордой болуп, уюшулган түрдө+ бир туугандарыңар менен барып, аларга жардам берсин. 15  Жахаба силерге тынчтык бергендей, бир туугандарыңарга да тынчтык берип, алар Жахаба Кудайыңар берген жерди ээлегенден кийин гана+, Жахабанын кызматчысы Муса силерге Иордандын чыгыш тарабынан бөлүп берген жериңерге+ кайтып келсеңер болот“»+. 16  Алар Жашыяга мындай дешти: «Бизге буйругандарыңдын баарын аткарабыз, каякка бар десең, ошол жакка барабыз+. 17  Мусанын тилин кандай алсак, сенин да тилиңди ошондой алабыз. Эң негизгиси, Жахаба Кудайың Муса менен болгондой эле+, сени менен да болсо экен+. 18  Сен берген буйруктардын кайсынысына каршы чыкпасын+, сенин тилиңди албаган ар бир адам өлүм жазасына тартылат+. Эң негизгиси, кайраттуу, бекем бол»+.

Шилтемелер

Же: «бир аз үн чыгарып».