Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жакып 4:1—17

4  Ортоңордогу чыр-чатактар, уруш-талаштар кайдан чыгат? Дене мүчөлөрүңөрдө күрөшүп жаткан+ күчтүү каалоолордон эмеспи?+  Силер каалайсыңар, бирок ала албай жатасыңар. Жек көрүп*+, көз артасыңар+, бирок көздөгөнүңөргө жетпей келесиңер. Урушуп-талашып+, чатакташып келатасыңар. Кудайдан сурабагандыктан каалаганыңарга ээ боло албай жатасыңар.  Сурасаңар да, албай жатасыңар, анткени туура эмес ниет менен+, дененин каалоолорун канааттандырыш үчүн сурап жатасыңар+.  Ойноштук кылып жүргөндөр*+, дүйнө менен дос болуу Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби?+ Андыктан ким дүйнө менен дос болгусу келсе+, ал Кудайга душман болот+.  Же Ыйык Жазмадагы: «Ичибизден орун алган рух+ көз артып, улам бир нерсени каалап келет»,— деген сөздөр бекер айтылган деп ойлойсуңарбы?  Бирок андай рухтан Кудайдын бизге көрсөткөн ырайымы алда канча чоң+. Ошондуктан Ыйык Жазмада: «Кудай бой көтөргөндөргө каршы+, ал эми момундарга ырайым кылат»+,— деп айтылат.  Андыктан Кудайга баш ийгиле да+, Ибилиске каршы тургула+, ошондо ал силерден качат+.  Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт+. Күнөөкөрлөр, колуңарды жуугула+. Чечкинсиздер+, жүрөгүңөрдү тазалагыла+.  Кайгыргыла, күйүт тарткыла, ыйлагыла+. Күлкүңөр ыйга, кубанычыңар кайгыга айлансын+. 10  Жахабанын алдында момун болгула+, ошондо ал силерди жогору көтөрөт+. 11  Бир туугандарым, бири-бириңерди жамандаганыңарды токтоткула+. Ким бир тууганын жамандаса же айыптаса+, ал мыйзамды жамандап, мыйзамды айыптаган болот. Эгерде мыйзамды айыптап жатсаң, анда аны аткаруучу болбой эле, сот болуп жатпайсыңбы+. 12  Мыйзам чыгаруучу да, сот да бирөө гана+. Ал куткара да алат, жок кыла да алат+. Анда жакыныңды айыптагыдай сен кимсиң?+ 13  «Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жүрөбүз да, соода-сатык кылып, акча таап келебиз»+,— дегендер, кулак салгыла. 14  Силер эртең эмне болоруңарды билбейсиңер+, анткени бир азга гана пайда болуп, анан жок болуп кетчү буусуңар+. 15  Анын ордуна: «Жахаба кааласа+, аман болсок, муну же тигини кылабыз»+,— дешиңер керек эле. 16  Бирок силер кекирейе мактанып+, менменсинип жатасыңар. Андай мактанчаактыктын баары — жаман нерсе. 17  Демек, ким кантип туура иш кылыш керектигин билсе, бирок кылбаса+, ал күнөө кылган болот+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Киши өлтүрүп». Кара: 1Жн 3:15.
Бул Кудайга ишенимсиздик көрсөткөн адамдарга тиешелүү.