Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жакып 3:1—18

3  Бир туугандарым, бизге сурак катуураак болорун билесиңер+, ошондуктан баарыңар эле окутуучу боло бербегиле+.  Анткени баарыбыз тең көп жаңылабыз*+. Ким оозунан жаңылбаса+, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам+.  Баш ийдириш үчүн+ атка ооздук салсак+, аны толугу менен башкара алабыз.  Ошондой эле кемени мисалга алалы: ал канчалык чоң болбосун, аны кандай катуу шамал айдабасын, кемечи кичинекей эле бургуч менен аны каалаган жагына бура алат+.  Анын сыңарындай, тил да дененин кичинекей эле мүчөсү. Бирок ал ашкере мактанат+. Карачы, оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат!  Ооба, тил — бул от+. Дене мүчөлөрүбүздүн ичинен тил — жамандыкка толгон дүйнө. Анткени ал бүт денени булгайт+ жана адамдын жашоосун өрттөп жок кылат, ал гээнадан* тутанат.  Адамдар айбандардын, канаттуулардын, сойлоп жүрүүчүлөр менен деңиз жаныбарларынын бардык түрүн багындыра алат жана багындырып келет+.  Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил — ээ-жаа бербеген жамандык. Ал өлүмгө дуушар кылуучу ууга толгон+.  Тилибиз менен Жахаба Атабызды+ алкайбыз+, ошол эле тилибиз менен «Кудайга окшоштурулуп» жаратылган+ адамдарды каргайбыз+. 10  Бир эле ооздон алкыш да, каргыш да чыгат. Бир туугандарым, буга мындан ары жол бербегиле+. 11  Бир эле булактан+ шор да, шор эмес да суу агабы? 12  Бир туугандарым, анжир дарагы зайтун береби же жүзүм сабагы анжир береби?+ Ошо сыяктуу эле, шор булактан шор эмес суу акпайт. 13  Араңардан кимиңер акылдуусуңар, кимиңер түшүнүктүүсүңөр? Ал муну акылмандыкты чагылдырган жумшактык менен жасаган иштери+, жакшы жүрүм-туруму менен көрсөтсүн. 14  Эгер жүрөгүңөрдө катуу көрө албастык+, тажаалдык+ бар болсо, анда мактанбагыла+ жана чындыкка каршы калп айтпагыла+. 15  Бул жогорудан келген акылмандык эмес+, жердегилерге+, жаныбарларга, жиндерге+ мүнөздүү акылмандык. 16  Анткени көрө албастык+ жана тажаалдык каерде болсо, баш аламандык менен жамандыктын баары ошол жерде болот+. 17  Ал эми жогорудан келген акылмандык+ баарынан мурда таза+, андан кийин тынчтыкты сүйгөн+, эстүү*+, баш ийүүгө даяр, кайрымдуулук менен жакшы жемиштерге бай+, калыс+, эки жүздүү эмес+. 18  Адилдиктин+ жемишин+ бере турган үрөн тынчтыкка умтулгандардын+ арасында тынчтык бар жерде себилет+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «мүдүрүлөбүз».
Кара: 9-тирк.
Же: «макул боло билген, эпке келген».