Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Жакан 5:1—47

5  Ушул окуялардан кийин жүйүттөрдүн бир майрамы болуп+, Иса Иерусалимге барды.  Иерусалимде кой дарбазасынын+ жанында еврейче Бетзада деп аталган жасалма көлмө бар эле. Аны түркүктөрү бар үстү жабык беш жай курчап турчу.  Ал жерде көптөгөн оорулуулар, сокурлар, аксактар, колу же буту сенектер жатчу.  * ——  Алардын арасында ооруганына отуз сегиз жыл болуп калган бир киши бар эле.  Иса анын жатканын көрүп, көптөн бери оорулуу экенин билгендиктен+: «Айыккың келеби?» — деп сурады+.  Ал: «Мырзам, суу чайпалганда мени көлмөгө түшүрөр эч кимим жок. Мен жеткиче эле, башка бирөө түшүп кетет»,— деп жооп берди.  Ошондо Иса: «Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, бас»,— деди+.  Тиги ошол замат оорусунан айыгып, замбилин алды да, баса баштады. Ал күн ишемби эле+. 10  Ошондуктан жүйүттөр айыккан кишиге: «Бүгүн ишемби, замбил көтөрүп жүргөнүң туура эмес»,— дешти+. 11  Ал: «Мени айыктырган киши мага: „Замбилиңди ал да, бас“,— деди»,— деп жооп берди. 12  Алар: «Сага: „Замбилиңди ал да, бас“,— деп айткан ал ким?» — деп сурашты. 13  Бирок айыккан киши анын ким экенин билбей калган эле, анткени Иса ошол жердеги элге аралашып кеткен болчу. 14  Кийин Иса ага ибадатканадан жолугуп: «Мына, азыр ден соолугуң чың. Мурункудан да жаман абалга кабылбашың үчүн мындан ары күнөө кылба»,— деди. 15  Ал жүйүттөргө барып, өзүн айыктырган кишинин Иса экенин айтты. 16  Ошондо алар Исаны ишемби күнү ушундай иштерди жасаганы үчүн куугунтуктай башташты+. 17  Иса болсо аларга: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам»,— деди+. 18  Муну укканда жүйүттөр Исаны өлтүргөнгө ого бетер аракет кыла башташты+. Анткени, алардын ою боюнча, ал ишембиге байланышкан мыйзамды гана бузбастан, Кудайды «Атам»+ деп атоо менен өзүн ага теңеп жаткан+. 19  Иса аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Уулу өз алдынча эч нерсе кыла албайт+. Ал Атасынан көргөндү гана кылат. Атасы эмне кылса, Уулу да ошону кылат. 20  Анткени Атасы Уулун жакшы көрөт+ жана ага өзү жасагандын баарын көрсөтөт. Ал ага мындан да чоң иштерди көрсөтөт, ошондо силер таң каласыңар+. 21  Атасы өлгөндөрдү тирилтип, өмүр бергендей эле+, Уулу да өзү каалагандарга өмүр берет+. 22  Атасы эч кимди соттобойт. Ал сот жүргүзүүгө бийликтин баарын Уулуна тапшырган+. 23  Муну ал, бардыгы Өзүн урматтагандай эле+, Уулун да урматташы үчүн кылган. Уулун урматтабаган киши аны жиберген Атасын да урматтабайт+. 24  Силерге чындыкты айтып коёюн, менин сөздөрүмдү угуп, мени жибергенге ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ+. Ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү+. 25  Силерге чындыкты айтып коёюн, өлгөндөр+ Кудайдын Уулунун үнүн уга турган+ жана ага кулак каккандар өмүргө ээ боло турган убак келет+, атүгүл келип да калды. 26  Анткени Атасынын өмүр берүүгө бийлиги бар болгондой эле+, ал Уулуна да өмүр берүүгө бийлик берген+. 27  Ошондой эле ага сот жүргүзгөнгө да бийлик берген+, анткени ал — адам Уулу+. 28  Буга таң калбагыла, себеби мүрзөлөрдө*+ жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. 29  Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүр сүрүш үчүн+, жамандык кылгандар соттолуш үчүн тирилет+. 30  Мен өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Атам кандай айтса, ошондой соттойм. Мен жүргүзгөн сот туура+, анткени өзүмдүн эмес, мени жибергендин эркин аткарууга умтулам+. 31  Эгерде өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрсөм+, анда күбөлөндүрүүм жалган+. 32  Мен жөнүндө күбөлөндүргөн башка бирөө бар. Анын күбөлөндүрүүсү+ чындык экенин билем. 33  Силер Жаканга кишилериңерди жибергенде, ал чындык жөнүндө күбөлөндүргөн+. 34  Адамдардын мен жөнүндө күбөлөндүрүшүнө муктаж болбосом да, буларды силер куткарылышыңар үчүн айтып жатам+. 35  Жакан жаркырап күйүп турган чырак эле, бирок силер анын жарыгында аз эле убакыт шаттангыңар келди+. 36  Менде Жакандын мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүсүнөн да күчтүү далил бар. Мени Атам жибергенин Атам мага тапшырган иштер, мен аткарып жаткан иштер+, күбөлөндүрүп турат. 37  Мени жиберген Атамдын өзү да мен жөнүндө күбөлөндүргөн+. Силер эч качан анын үнүн уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер+. 38  Силер ал жиберген кабарчыга ишенбей жатасыңар, ошондуктан анын сөзү жүрөгүңөрдөн орун алган жок. 39  Силер Ыйык Жазманы изилдеп жатасыңар+, анткени ал аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар. Ыйык Жазма болсо мен жөнүндө күбөлөндүрүп турат+. 40  Бирок силер өмүр алганы мага келбей жатасыңар+. 41  Мен өзүмө адамдардан даңк издебейм+ жана 42  силерде Кудайга болгон сүйүү жок экенин жакшы билем+. 43  Мен Атамдын атынан келдим+, бирок силер мени кабыл албай жатасыңар. Эгер башка бирөө өзүнүн атынан келсе, аны кабыл алмаксыңар. 44  Жалгыз Кудайдан келген даңкты издебей+, бири-бириңерден даңк издеп жатсаңар, кантип ишенесиңер?+ 45  Мени Атамдын алдында силерди айыптайт деп ойлобогула. Силерди айыптоочу — өзүңөр үмүттөнгөн Муса+. 46  Мусага ишенсеңер, мага да ишенмексиңер, анткени ал мен жөнүндө жазган+. 47  Анын жазгандарына ишенбесеңер+, менин айткандарыма кантип ишенесиңер?»

Шилтемелер

Мт 17:21дин шилт-н кара.
Же: «эстелүүчү мүрзөлөрдө».